Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:17

Кодекстер: эми жоруктун баары эле кылмыш болбойт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда кылмыш-укук мамилелерин тескеген беш кодекстин жаңы редакциясы менен эки жаңы мыйзам 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө киргени турат.

Расмий бийлик "бул өлкөдө соттук-укуктук реформаны ишке ашыруунун эң маанилүү баскычы болот" деп ишендирүүдө.

Жаңы кодекстердин мурдагылардан айырмасын, өзгөчөлүктөрүн аларды даярдоо боюнча жумушчу топтордун биринин башчысы, юридика илимдеринин доктору, профессор Лейла Сыдыкова айтып берди.

«Азаттык»: - Жаңы жылдан тартып иштей баштай турган кодекстер кантип аталат жана алардын кайсылары такыр жаңы документ?

Сыдыкова: - 2019-жылдын 1-январынан тартып жаңы Кылмыш-жаза кодексинин, Жоруктар жөнүндөгү кодекстин, Бузуу жөнүндөгү кодекстин жаңы редакциялары күчүнө киргени турат. Кылмыш-жаза кодексинин буга чейинки редакциясы 1997-жылы кабыл алынган. Ал эми Жоруктар менен Бузуу жөнүндөгү кодекстер толугу менен жаңы мыйзамдар. Бирок бул үч кодекс өз ара байланышта. Ал эми алардын практикада колдонуу процедурасы Жазык-процессуалдык, андан кийинки аткарылышы Жазык-аткаруу кодекстеринде каралган. Бул мыйзам актыларынын баары - жаңы документтер.

«Азаттык»: - Кылмыш-укук мамилелерин тескеген мыйзамдар топтомун өзгөртүүнүн башкы маңызы эмне болду, кандай концептуалдык жаңылыктар киргизилди?

Сыдыкова: - Бир мисал келтирейин. Буга чейин иштеп келген Кылмыш-жаза кодексинде «тыңчылык үчүн эркинен ажыратуунун мөөнөтү он жылдан жыйырма жылга чейин» деп көргөзүлгөн. «Он жылдан жыйырма жылга чейин» деген ажырым сотко кеңири мүмкүнчүлүктөрдү берет да. Практика мына ушуну далилдеп жатат. Башка беренелер боюнча да «беш жылга чейин», «беш жылдан он эки жылга чейин» деген учурлар бар. «Мынчадан мынчага чейин» деген бул чоң ажырымдар олуттуу коррупциялык жагдайларга жол ачып келди. Муну жоюу милдети жаңы кодексте жазанын категорияларын аныктоо менен чечилди.

Бул - 1-январдан тартып күчкө кирип жаткан кодекстин башкы жаңылыктарынын бири. Мындан сырткары жашы жете электер үчүн кылмыш-укуктук режим жеңилдетилген шартта каралды. Тарбиялоо мүнөзүндөгү чараларды, жазык-укуктук башка чара көрүүнүн мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилди. Мисалы, пробация. Бирок биз түшүнүшүбүз керек. Кылмыш-жаза кодекси, Жоруктар кодекси, Бузуу кодекси - кылмыштуулук менен күрөшүүнүн дарысы эмес.

Кылмыш, жорук, бузуу

«Азаттык»: - Азыркыга чейин жарандын кылмыш же административдик жоопкерчилиги Кылмыш-жаза кодекси жана Административдик кодекс менен тескелип келди. Эми Кылмыш-жаза, Жоруктар жана Бузуу деп үч кодекске бөлүндү. Сиз алар өз ара байланышта дебедиңизби. Чечмелеп бересизби?

please wait

No media source currently available

0:00 0:13:02 0:00
Түз линк

Сыдыкова: - Келгиле, түшүнүш үчүн төмөнкү мисалды карап көрөлү. Эгер жол эрежеси бузулуп, машине кызыл жарыктан өтүп кетсе, мында жоопкерчилик Бузуу жөнүндөгү кодекске ылайык каралат. Бирок бул эреже бузуунун натыйжасында кандайдыр бир зыян же чыгым келтирилсе, алсак, адамдын саламаттыгына зыяны тийсе, жоопкерчилик Жоруктар кодексине ылайык аныкталат. Бирок айдоочу ошол кызыл жарыктан өтүүдө адамды сүзүп өлтүрүп алса, жоопкерчилик Кылмыш-жаза кодексинин негизинде болот. Үч кодекстин өз ара байланышы мына ушунда.

Лейла Сыдыкова.
Лейла Сыдыкова.

Дагы бир мисал келтирейин. Курулуш жүргүзүүнүн эрежеси бузулду дейли. Көп кабаттуу үйдүн бир капталы урап калды. Жоопкерчилик Бузуу жөнүндөгү кодекстин алкагында болот. Бирок эгер ошол көп кабаттуу үйдүн дубалы кыйраганы үчүн адам өмүрү кыйылса, анда жоопкерчилик Кылмыш-жаза кодексинин негизинде чегерилет. Башкача айтканда жорук же кылмыштуу иш бирдей, бирок кесепети ар башка болушу мүмкүн. Өтө оор жана өзгөчө оор залал Кылмыш-жаза кодексинин, оор залал Жоруктар кодексинин, оор эмес залал Бузуу кодексинин алкагында каралат.

Түрмө мөөнөтүнүн кыскарышы

«Азаттык»: - Жаңы кодекстердин турмуштагы, практикадагы натыйжасы тигил же бул укук бузуу үчүн абакка түшүп калышы мүмкүн болгон адамдардын санын азайтуу болушу керекпи?

Сыдыкова: - Айрымдар толук түшүнбөй эле «бул берене тескерисинче күчөп кетиптир, тигил берене тескерисинче жумшарыптыр» деп айтып жатышат. Эмне тууралуу сөз болуп жатканын түшүнүш үчүн бул маселеге кеңири жана тереңирээк караш керек.

Кылмыш-жаза кодексинен Жоруктар кодексинин бөлүнүшү, анын негизинде жазага тартууда адам эркинен ажыратылбаганы жана соттуулугу болбой тургандыгы - кылмыш мыйзамын гумандаштыруу багытындагы алдыга ташталган чоң кадам.

Экинчи өңүтү - биз жаңы Кылмыш-жаза кодексинде эркинен ажыратуунун мөөнөтүн кыскартып жатабыз. 1997-жылкы кодекс боюнча адамды эркинен ажыратуунун минималдуу мөөнөтү алты айдан, максималдуусу жыйырма жылга чейин болчу. Жаңы Кылмыш-жаза кодексинде минималдуу мөөнөт мурдагыдай эле алты ай бойдон калды, максималдуусу 15 жыл болуп, беш жылга кыскарды.

Ал эми кылмыш менен жоруктар бириккен учур үчүн да мөөнөт кыскарды. Мурда кылмыштар бириктирилгенде эркинен ажыратуунун мөөнөтү 25 жылга чейин, өкүмдөр бириктирилгенде 30 жылга чейин болчу. Жаңы кодексте бул жыйырма жылга түшүрүлдү.

Ооба, эркинен ажыратуунун максималдуу мөөнөтүнүн азайышы кылмыш мыйзамын гумандаштыруу менен байланыштуу. Белгилеп кетейин, кээ бир нормалар боюнча жоопкерчилик тескерисинче күчөдү. Андыктан бул жерде ар бир жорук же кылмыш гумандаштырылды деп айтууга болбойт. Бирок кылмыштын көп түрлөрү боюнча жаза мөөнөтү кыскартылды. Киши өлтүргөндөр үчүн эркинен ажыратуунун максималдуу мөөнөтү он беш жыл же өмүр бою түрмө болот. Жаш балдарды зордуктоо, жаш балдарга жыныстык зомбулук көргөзүлгөн учурлар үчүн да өмүр бою түрмө жазасы калды.

Дарыгердин кылмышы жана мал уурулук

«Азаттык»: - Кылмыш-жаза кодексинин жаңы редакциясындагы адамдын ишине байланышкан беренелер буга чейин кирген эмес да, туурабы?

Сыдыкова: - Бизде Кылмыш-жаза кодексинде фармацевтикалык жана медициналдык чөйрөдөгү кылмыштар боюнча жаңы бап пайда болду. Бул - Кылмыш-жаза кодексинин толугу менен жаңы бөлүгү. Жаңы бир канча беренелер киргизилди. Дарыгердин кесиптик милдетин талаптагыдай аткарбаганы, адамга мыйзамсыз тажрыйба жүргүзүү, көзү өткөн адамдын органынын ткандарын мыйзамсыз алуу, аял кишиге башка адамдын жумуртка клеткасын имплантациялоо, эмбриондор менен тыюу салынган тажрыйбаларды жүргүзүү, мажбурлап донор кылуу, донордун канын пайдалануунун тартибин бузуу, мыйзамсыз дарыгерлик кылуу, дарыгерлик сырды бузуу өңдүү көрүнүштөрдүн баары медициналык кылмыштардын катарына киргизилди. Менимче бул туура.

«Азаттык»: - Мал уурулукту жаңы кодексте кылмыштардын тизмесинен эмне үчүн алып салдыңыздар?

Сыдыкова: - Мал уурулук боюнча мага көп кайрылышат. «Эми мал уурдагандар жоопкерчиликке тартылбайбы?» деген суроолорду беришет. «Мал уурдоо, маселен, мүлк уурдоодон эмнеси менен айырмаланат?» деген суроону карайлы. Эч ким жооп бере албайт. Мал деле мүлк. Сиз буга макулсузбу? 1990-жылдары биздин өлкөдө мал уурулук өтө күчөп кеткен. Бүгүн болсо криминологиялык кырдаал таптакыр башка. Биз статистиканы карап чыктык. Эң көп батирлерден буюм уурдоо катталган. Бул көрсөткүч 50-55, кээде 60% чейин жетет. Соңку жылдары мал уурулук болсо 5-7% түзгөн. Мына ушундай жагдайда мал уурдоого жоопкерчиликти өзүнчө кароонун зарылдыгы барбы? Биз мал уурдоого өзүнчө, канаттууну уурдаганга, мүлктү же алтынды уурдаганга өзүнчө жоопкерчилик чегере албайбыз да. Туурабы?

Бул иштер эмне үчүн жасалат? Бул жоопкерчиликти күчөтүү же жумшартуу үчүн жасалат. Биздин жагдайда баарын чогуу карадык. Анткени Конституция боюнча бардык мүлк бирдей корголот. Кандай гана менчик болбосун, бирдей тартипте корголот. Андыктан биз бул жерде кандайдыр бир мүлктүн түрүн бөлүп көрсөтүүнү туура көргөн жокпуз.

Мүлк конфискациялана турган шарттардын кеңейиши

«Азаттык»: - Жаңы Кылмыш-жаза кодексинде мүлктү конфискациялоо деген түшүнүк, ушундай чара көрүүнүн ыкмасы өзгөрүптүр. Түшүндүрүп бересизби?

Сыдыкова: - «Кайсы бир беренелердин өзгөчө бөлүктөрүндө мүлктү конфискациялоо каралган эмес» дегенге эле басым коюп жатышат. Бирок бул Кылмыш-жаза кодексинде жок дегенди билдирбейт. Кылмыш-жаза кодексинде жана Жоруктар жөнүндө кодекске киргизилди. Бирок ал азыр коопсуздук чарасы катары каралат. Биз аны жазык-укуктук мажбурлоо чаралары деп да коёбуз. Иш жүзүндө, тескерисинче, мүлктү конфискациялоону кеңири колдонууга мүмкүнчүлүк берип, кылмыштын кандай гана курамы болбосун, аны пайдаланууга жол ачтык. Азыр болсо бул чара мыйзамсыз киреше, пайда табуу багытындагы кылмыштар боюнча гана чектелген мүнөздө колдонулат.

Коопсуздук чарасы деген эмне? Эгерде сот «айыпталуучунун мүлкүн конфискациялоо зарыл» деген бүтүмгө келсе, мажбурлоо иретинде колдонуучу чара. Кандай гана кылмыш иши болбосун, сот мүлктү конфискациялоону колдоно алат. Ал чара өкүмгө жазылат. Белгилей кетерим - бул чара атайын беренелерде көрсөтүлбөгөнү менен сот Кылмыш-жаза кодексине жана Жоруктар жөнүндө кодекске таянып, чечим чыгара алат.

«Азаттык»: - «Бул маселеде судьяга кеңири мүмкүнчүлүк берилди» деп жатасыз. Мындай шартта кылмышка шектүү болуп калган жарандын мүлкү оңду-солду конфискацияланбайбы? Судьялар бул укугунан кыянат пайдалангыдай, коррупциялык коркунуч пайда кылган жагдай жаралып калбайбы?

Сыдыкова: - Конфискацияга мыйзамсыз жолдор менен топтолгон, рейдерликтин, башка бирөөнүн мүлкүн тартып алуунун аркасында пайда болгон мүлк гана кириптер болот. Ал эми ар бир судьянын ишине мен кепилдик бере албайм. Эгер биринчи инстанциядагы сот жаңылса, аны экинчи инстанция оңдошу керек. Эгер экинчи инстанция жаңылса, аны үчүнчүсү оңдошу абзел. Өзү дүйнөдө идеалдуу жазылган мыйзам жок. Ооба, сиз айткандай тобокелчилик, кооптонуу бар. Бирок менимче минималдуу эле. Судья туура эмес чечимге сабатсыздыгынан же өтө чоң суммада акча алууга үмүттөнүп гана барышы мүмкүн. Бирок апелляциялык инстанцияда иш оңдолбойт, өзгөрбөйт деген кепилдик жок. Бул кимге керек, кимге пайда?

Юридикалык тараптарга чара көрүү

«Азаттык»: - Кылмыш-жаза кодексинин жаңы жоболоруна ылайык, эми юридикалык жактар да жоопкерчиликке тартылат экен. Буга чейин алардын жоопкерчилиги Кылмыш-жаза кодексинин алкагында каралчу эмес, туурабы?

Сыдыкова: - Ооба, юридикалык жактардын жоопкерчилиги - бул биздин киргизген жаңылыгыбыз. Кыргызстан юридикалык жактардын жоопкерчилигин күчөтүү зарылчылыгына байланыштуу бир катар конвенцияларды ратификациялаган. Алар - Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү, Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө, Терроризм жана экстремизм менен күрөшүү боюнча конвенциялар. Андыктан биз юридикалык тараптардын жоопкерчилиги боюнча маселеге кайрылууга мажбур болчубуз.

Биз аны Кылмыш-жаза кодексине кыйыр жоопкерчилик түрүндө киргиздик. Жөнөкөй мисал келтирсем, мына наркобизнестен, башка мыйзамсыз ишмердиктен табылган акчаны адалдоо үчүн банк эсептери колдонулушу мүмкүн. Андыктан ал жерде арам акча болсо, банк аны адалдаса, анда банкка чара көрсө болот. Колдонулган чара Кылмыш-жаза кодексинин эмес, Жоруктар кодексинин чегинде каралышы керек.

Юридикалык жактарга айыппул, укуктарын чектөө, уюмду/ишкананы жоюу сыяктуу чара көрүлүшү мүмкүн. Ошондой эле коопсуздук чарасы катары мүлкүн конфискацияласа болот.

Дагы бир мисал - экологиялык кылмыш. Биринчи кезекте экологиялык коопсуздукка жооп берген жетекчи жоопко тартылат. Айланы-чөйрө булгангандыктан, ага каршы чара көрүлөт. Бирок жок дегенде экологияга келтирилген чыгымды калыбына келтириш үчүн юридикалык тарапты буга мажбурлай турган чара көрсө болот.

«Азаттык»: - Үмүт артылган соттук-укуктук реформанын борбордук элементи - Кылмыштар менен жоруктардын борбордук реестрин түзүү азыр кайсы баскычта?

Сыдыкова: - Анын толук түзүлүшү азырынча жакшы тилек, жарым ырыс бойдон калууда. Учурда анын биринчи гана фазасы түзүлдү. Бул ички иштер органдарына түшкөн бардык маалыматтардын электрондук каттоосу. Кылмыштарга, жоруктарга, бузууга байланыштуу маалыматтардын баары аларды каттоонун электрондук журналында (ЭЖИде) жазылышы керек. Азыр анын биринчи гана эшиги ачылды. Эми алдыда техникалык тапшырма иштелип чыгып, сотко чейинки өндүрүштү камтыган кийинки этабы түзүлүшү, андан кийин барып электрондук базага соттук этап жана жазаны аткаруу этабы кошулушу керек. Бул кийинки жылдары биринин артынан экинчиси, баскыч-баскыч менен болот го.

Башаламандык жана кылмыш иштерин кайра кароо

«Азаттык»: - Жергиликтүү медиада "буга чейин жаңы кодекстердин күчкө кириши менен укук коргоо органдарынын ишинде башаламандык болот, ыкчам кызматкерлер мурдагыдай кылмышкер деп шек санагандардын изине түшө албай калат" деген эскертүүлөр айтылып келди. Сиз башаламандык болот деп кооптонбойсузбу?

Сыдыкова: - Жок, албетте. Эгер жаңы кодекстерди, өзгөчө Жазык-процессуалдык кодексти ишке киргизүү боюнча жумуш сабаттуу уюштурулса, кандайдыр башаламандык болот деп ойлобойм.

Биз мындайды баштан кечиргенбиз. 1997-жылы мурдагы советтик Кылмыш-жаза кодексинен өз алдынча Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексине өткөнбүз да. Эгер биз азыр бул реформага бара албасак, анда реформаны такыр жүргүзө албайбыз. Менде маалы-маалы менен суроо келип чыгат. Бул реформага ким каршы? Ким адамдын укуктарын коргоо оңолушун, инквизациялык процесстен кетүүнү каалабай жатат? Балким эски система кимдир-бирөө үчүн коррупциялык акыр болсо керек, жаңы жолго түшүүнү, окуп-үйрөнүүнү каалабай жатышабы? Бирок биз укугубуз корголушун, балдарыбыз түзүк өлкөдө, түзүк мыйзамдар менен жашашын каалайбыз. Андыктан алдыга гана жылышыбыз керек. Ал эми ар кайсы «вангалар» ар кандай жоромолдорду айта беришет. Ооба, кээ бир жерде иш үзгүлтүккө учурашы мүмкүн, кээ бир жерде башаламандык болушу мүмкүн. Эң башкысы - концепциядан тайбай, бул мыйзамдардын системасына кириш керек. Байкалган кемчиликтери бара-бара толукталат. Мен такай айтып жүргөндөй, бул реформанын турмушка ашуусуна же коррупционерлер, же адам укуктары корголушун каалабагандар каршы.

«Азаттык»: - Жаңы кодекстер күчүнө киргенден кийин эски мыйзамдардын негизинде өкүм чыккан же козголуп, иликтенип жаткан кылмыш иштери эмне болот?

Сыдыкова: - Жаңы кодекстерди ишке киргизүү боюнча мыйзамда мунун баары жазылган. Бардык иштер кайра каралышы керек. Тергөө баскычындагы кылмыш иштери боюнча жаза жаңы мыйзамдардын негизинде чегерилет. Эгер жаза жумшара турган болсо, мыйзам артка иштей алат, эгер жаза тескерисинче катаалыраак болсо, анда артка иштебейт, башкача айтканда эски мыйзамдын негизинде чегерилет. Ал эми өкүмү чыгып, жазасын абак жайларында өтөп жаткандардын баарынын иштери кайра каралат. Эгер алардын жазасы жеңилдеп, жасаган иши кылмыш категориясынан жорук категориясына өтсө, бул адамдардын иши тезинен кайра каралып, үч ай ичинде бошотулушу керек. Жазасы жеңилдей тургандардыкы болсо жеңилдетилет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG