Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:50

Сот реформасы: Жээнбеков жетекчилерди зекиди


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбеков соттук-укуктук реформаны үзгүлтүккө учураткан жетекчилер катуу жазаланарын билдирди.

Өкмөттүн өкүлдөрү жаңы жылдан тарта ишке кирише турган укуктук жаңы ченемдерге өтүүгө даярдык бар экенин айтып, айрым кемчиликтер иш үстүндө жоюларына ишендиришти.

Эски көз караштын эпкини

Соттук реформа боюнча кеңештин жыйынында жаңы жылдан тарта Кыргызстандын жаңы укуктук тутумга кирүү даярдыгы талкууланды. Анда айрым бир алешемдиктерге жол берилип, мыйзамдарга толуктоолор менен өзгөртүүлөр өз убагында иштелип чыкпаганы тууралуу маселе көтөрүлдү.

Президент Сооронбай Жээнбеков батыл соттук-укуктук реформага барууга эскичил көз караш кедергисин тийгизип жатканын сынга алды:

- Дагы деле болсо эскичил ой жүгүртүү ишибизге тоскоол болууда. Укук коргоо жана көзөмөл органдары эски, репрессивдүү-жазалоочу мыйзамдардан кете албай жатышат. Ал эми айрым мамлекеттик бийлик органдарында реформага барууга саясий эрк жетишпейт. Кээ бир жетекчилер жаңы укуктук мейкиндикке өтүүнү каалашпайт. Ушул жылдын октябрь айында мыйзамдарга зарыл болгон толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тапшырмасын берген элем. Бирок, тилекке каршы, бул иш убагында бүтпөй калды. Өкмөт менен парламент айрым зарыл болгон кечиктирилгис мыйзамдарды кабыл алып, бекитип берүүнү кечеңдетүүдө.

Депутаттар уккан сындын себептери
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:23 0:00

Кыргызстанда 2019-жылдын 1-январынан тарта жаңы Кылмыш кодекси, Кылмыш-процессуалдык кодекси, Кылмыш-аткаруу кодекси, Жазык тууралуу кодекс, Мыйзам бузуулар тууралуу кодекс, "Пробация жөнүндө" жана "Мунапыс жөнүндө" мыйзамдар күчүнө кирет. Ага ылайык, катталган кылмыштардын, жосундардын жана укук бузуулардын өзүнчө бирдиктүү реестри түзүлүп, видео менен жабдылган тергөө бөлмөлөрү уюштурулат. Тергөө амалдарындагы мыйзам бузууларды өз алдынча түзүлгөн тергөө судьясы карай баштайт.

Өкмөттө укук коргоо органдарын караган вице-премьер-министр Жеңишбек Разаков жаңы укуктук тутумга өтүүдөгү даярдыктын абалы тууралуу буларга токтолду:

Жеңиш Разаков.
Жеңиш Разаков.

- Бизде бул соттук-укуктук реформа жети жылга мерчемделген. Жаңы кодекстерди жана мыйзамдарды ишке киргизүү жана башка мыйзамдарды аларга шайкеш келтирүү иш-чаралары 2023-жылга чейин этап менен ишке киргизилет. Биз алдыдагы беш жыл бою комплекстүү иш-чараларды план боюнча ишке ашырабыз. Ошондуктан биз соттук-укуктук реформаны ишке ашырууга жетишебиз. Биздин укук коргоо органдары азыркы учурда кылмыштарды, жосундарды жана укук бузууларды каттоо реестрлерин иштетүүгө толук даяр.

Мындан башка жаңы кабыл алынган кодекстерге шайкеш келтирүү үчүн бир топ мыйзамдык, укуктук ченемдерге толуктоолор жана өзгөртүүлөр сунушталып, анын баары жаңы жылдан кийин бекитиле турганы белгиленди. Бирок өкмөттүн соттук-укуктук реформанын алкагында жаңы жылдан тарта жаңы кодекстер менен мыйзамдарды ишке киргизүү даярдыгына айрым укук коргоочулардын ичи чыкпайт.

Укук коргоочу Рита Карасартова көз карандысыз соттук экспертиза жаңы укуктук тутумдан сүрүлүп калганын айтып, аны кайра кайтарууну сунуштады:

Рита Карасартова.
Рита Карасартова.

- Экспертизалардын бардыгын мамлекеттик соттук-экспертиза кызматынын астына алып келип жатышат. Бул жерде бир гана мекеменин корутундулары үстөмдүк кылып, альтернативалуулук жоголот. Анын негизинде адамдардын укугун бузууга жол ачылат. Ошондуктан муну токтотуу керек.

Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков мыйзамдарга кирип жаткан өзгөртүүлөрдөгү буга окшогон калпыстыктар жана алешемдиктер кайра караларын айтты. Ошол эле кезде кылмыштарды, укук бузууларды жана жосундары каттаган автоматташтырылган системанын киргизилиши тергөө амалдары менен соттук териштирүүлөрдү ачык-айкын жана акыйкат жүргүзүүгө өбөлгө түзөрү көрсөтүлдү.

"Көрө албастардан сак бололу"

Жогорку Кеңештеги "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Тынчтык Шайназаров автоматташтырылган бирдиктүү реестрлердин коопсуздугуна кызыкты:

Тынчтыкбек Шайназаров.
Тынчтыкбек Шайназаров.

- Борбор Азия чөлкөмүндө Кыргызстан биринчи болуп ушундай соттук-укуктук чоң реформага барып жатат. Жаңы жылдан тарта биздин мамлекеттеги жашоо жаңыча укуктук нукка өзгөрөт. Аны көрө албагандар болот. Реформага тоскоолдук кылып, үзгүлтүккө учуратуу аракеттери болбой койбойт. Анткени айрымдары биздин ушундай реформага барып жатканыбызды жактырышпайт. Бул жерде атайын кызматтар жана укук коргоо органдары автоматташтырылган электрондук ресстрлерди бирөөлөр бузуп салбагандай коргошу керек. Бул багытта кандай иштер жүрүп жатат?

Вице-премьер-министр Жеңишбек Разаков автоматташтырылган тутум хакердик чабуулдардан корголгонун, бул үчүн УКМК жооптуу экенин айтты.

Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков жаңы укуктук тутумдун иштей башташы элдин бийликке болгон ишенимин камсыздай турганын айтты. Ошондуктан Сооронбай Жээнбеков соттук-укуктук реформаны үзгүлтүккө учураткан жетекчилер катуу жазаланарын эскертти:

- Реформаны кимдер үзгүлтүккө учуратса, алар катаал жазага тартылат. Эки жылдан ашуун убакыт өтсө да реформага мамиле кагаз жүзүндө калып, ага кайдыгер мамиле жасагандар да болду. Өз балдарыңардын, үй-бүлөңөрдүн келечегине кандай кам көрсөңөр, реформа үчүн да ошондой кам көрүшүңөрдү талап кылам.

Президент Сооронбай Жээнбеков жумушчу топтун алешемдиктерди оңдоо боюнча сунуштарын эске алуу менен мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган соттук реформа кеңешинин чечимин добушка коюп, чечим колдоо тапты.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG