Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:06

Венесуэладагы бийлик талаш


Президент Николас Мадуронун бийлигине каршы Венесуэла оппозициясынын демонстрациясынын катышуучулары. Каракас, 23-январь, 2019-жыл.
Президент Николас Мадуронун бийлигине каршы Венесуэла оппозициясынын демонстрациясынын катышуучулары. Каракас, 23-январь, 2019-жыл.

Венесуэлада социалист президент Николас Мадурону бийликтен четтетүү аракети кызыды. Оппозиция лидери, парламент төрагасы Хуан Гуайдо өзүн убактылуу президент деп жарыялап, Кошмо Штаттар анын бийлигин дароо тааныды.

Өзүн «Венесуэланын утурумдук президентимин» деп жарыялаган саясатчыга Түштүк Американын башка бир катар өлкөлөрү да дароо колдоо көргөзүштү.

Ал эми Орусия өзүнүн саясий жана соода өнөктөшү болгон Николас Мадуронун бийликтен сүрүлүп жатканын мыйзамсыз деп эсептеп жатат. Венесуэлада саясий жана экономикалык кризис акыркы бир нече жылдан бери өкүм сүрүп келген.

Венесуэла оппозициясынын 35 жаштагы лидери Хуан Гуайдо шаршемби күнү, 23-январда түмөндөгөн адамдардын алдында өзүн өлкөнүн утурумдук президенти деп жарыялады:

Хуан Гуайдо Каракаста чогулгандарга кайрылууда. 23-январь, 2019-жыл.
Хуан Гуайдо Каракаста чогулгандарга кайрылууда. 23-январь, 2019-жыл.

- Мен Венесуэланын убактылуу президенти катары аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктарын алууга ант берем. Бул бийликтин узурпациясын, жүзү кара өкмөттүн бийлигин токтотуу жана эркин шайлоо өткөрүү үчүн жасалууда, - деди Гуайдо Каракастагы сөзүндө.

«Элдин эрки» деген партияны негиздегендердин бири Гуайдо 2015-жылы өлкө парламенти - Улуттук ассамблеянын депутаттыгына шайланган. Быйыл 5-январдан тартып ал оппозиция үстөмдүк кылган парламенттин төрагалык кызматына киришкен. Бирок Венесуэланын Жогорку соту аны төрөгалыктан четтеткен чечимин да чыгарган.

23-январда борбор Каракаста венесуэлалыктар президент Николас Мадуронун бийлигине каршы кезектеги ири демонстрацияга чогулган болчу.

Каракаста президент Николас Мадурого каршы демонстрацияга чогулгандар. 23-январь, 2019-жыл.
Каракаста президент Николас Мадурого каршы демонстрацияга чогулгандар. 23-январь, 2019-жыл.

АКШны айыптоо жана эл аралык реакция

Ал эми Мадуро бул күнү президенттик сарайынан жактоочуларынын алдында сүйлөп жатып өз өлкөсүндөгү соңку окуялар үчүн АКШны күнөөлөп, Вашингтон менен дипломатиялык мамилени үзгөнүн жарыялады:

- Мен Кошмо Штаттардын империалисттик өкмөтү менен саясий жана дипломатиялык мамиилени үзүүнү чечтим. Боштондуктун бул тарыхый күнү, эгемендикти ырастоонун бул тарыхый күнү, АКШнын дипломатиялык жана консулдук кызматкерлеринин баарына өлкөдөн чыгып кетүүгө 72 саат берген дипломатиялык нотага кол коюп жатам. Мен ага Венесуэла элинин атынан кол коюп жатам, - деди Мадуро.

Николас Мадуро жактоочуларына кайрылган учур. Каракас, 23-январь, 2019-жыл.
Николас Мадуро жактоочуларына кайрылган учур. Каракас, 23-январь, 2019-жыл.

Мадуронун жогорудагы сөздөрүнүн алдында АКШнын президенти Дональд Трамп Хуан Гуайдону Венесуэланын утурумдук президенти катары тааныганын билдирген.

- Николас Мадуро - бийликке мыйзамдуу доосу жок диктатор. Улуттук ассамблея - элдин конституциялык система аркылуу талаптагыдай шайланган өкүлчүлүгү. Убактылуу президент Хуан Гуайдо элдин эркин чагылдырып турат. Биз Николас Мадуро бийликтин тынч өткөрүлүп берилишин, өлкөнү алдыга жылдыруу боюнча элдин эркин жана жаңы президент Хуан Гуайдону кабыл алат деп үмүттөнөбүз, - деди вице-президент Майк Пенс FOX телеканалындагы маегинде.

Ал эми мамлекеттик катчы Майк Помпео Мадуронун алар менен дипломатиялык мамилени үзгүдөй ыйгарым укугу жоктугун айтып, Вашингтон убактылуу өкмөт менен иштеше турганына токтолду.

Венесуэланын жакынкы коңшуларынан өзүн утурумдук президент деп жарыялаган оппозиция лидерине Аргентина, Бразилия, Чили, Колумбия, Коста-Рика, Гватемала, Гондурас, Парагвай, Перу, Эквадор жана Канада атайын декларацияга кол коюу менен колдоо көргөзүштү.

Бразилиянын президенти Жаир Болсанару утурумдук президентти «Венесуэлага тынчтык жана демократия кайтып келиши үчүн» колдой турганын белгиледи.

«Лима тобунун» билдирүүсүндө алар Венесуэлада жаңы шайлоону мүмкүн болушунча эрте өткөрүүнү максат кылган демократиялык өткөөл жараяндын башталышын колдой турганы айтылат.

«Лима тобуна» кирген мамлекеттерден бул колдоого Мексика гана кошулган жок. Боливиянын президенти Эво Моралес болсо коңшу өлкөдөгү окуяларды «империалисттик чабуул» деп мүнөздөдү.

Океандын бери жагынан Европа Кеңешинин президенти Дональд Туск «Венесуэладагы демократиялык күчтөрдү колдоодо бүткүл Европа биримдикте болоруна үмүттөнө» тургандыгын «Твиттердеги» баракчасында жазып чыкты. Ал эми Европарламенттин төрагасы Антонио Таяни Мадурону «элди сыйлап, кыянатчылыкка жол бербөөгө» чакырды.

Орусия болсо президент Николас Мадурону бийликтен четтетүү аракеттерин сынга алууда. Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин бул аракеттерди «мыйзамсыз», Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Мадурону «легитимдүү президент» деп атады. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги «АКШнын Венесуэладагы аракеттери Батыштын эл аралык мыйзамдарга карата чыныгы мамилесин ачыкка чыгарганын» белгиледи.

Орусия Венесуэла менен мурдагы президент маркум Уго Чавестин, анын мураскери Мадуронун тушунда да тыгыз карым-катыш кармаган. Жакында эле Москва өзөктүк дүрмөт алып жүрүүгө жөндөмдүү стратегиялык учактарынын экөөнү Венесуэладагы аскердик машыгууга катышууга жиберген.

Расмий Каракас ошондой эле акыркы жылдары Орусиядан миллиондогон долларга курал-жарак да сатып алган. Венесуэланын башчысы өткөн айда эле Орусияга келип, Москва менен аскердик жана экономикалык кызматташтык боюнча жаңы келишимдерди түзүп кеткен. Каракас Москвага азыр кеминде 17 миллиард доллар карыз.

Мурдагы айдоочу Мадуро бийликке 2013-жылы мурдагы президент Уго Чавестин көзү өткөндөн кийин келген. Ал өзүн «Чавестин уулу» деп да атап жүрчү. Эки апта мурда эле Мадуро бийлигинин экинчи мөөнөтүнө расмий киришкен. Бирок ал жеңгени жарыяланган акыркы шайлоо эл аралык коомчулук тарабынан сынга алынган.

Президент Николас Мадуронун жактоочулары. Каракас, 23-январь, 2019-жыл.
Президент Николас Мадуронун жактоочулары. Каракас, 23-январь, 2019-жыл.

Кризистин тамыры

Солчул бийлик башкарган Венеусуэла 2010-жылдан бери экономикалык жана саясий кризистин кучагында, ал эми акыркы жылдары каржылык жана гуманитардык да кризиске кабылды. Ал түгүл азык-түлүк, тамак-аш жетишпей, өлкөнү гиперинфляция каптап, анын көрсөткүчү соңку бир жыл ичинде бир миллион үч жүз пайызга чейин көтөрүлгөн.

Мекенинен коңшулаш 16 мамлекетке качууга жана кетүүгө аргасыз болгон адамдардын саны үч миллиондон ашты. БУУ ушул айдын башында венесуэлалык качкындар менен мигранттардын муктаждыгы үчүн 2019-жылы кеминде 738 миллион доллар талап кылынарын жарыялаган. Бирок расмий Каракас өлкөдө гуманитардык кризис бар экенин моюнга алган эмес.

АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясы Мадуронун бийлигине каршы 2017-жылдан бери бир нече айлампа менен санкция киргизген.

Венесуэладагы окуялардын соңку өнүгүшүнө тушташ өлкөнүн коргоо министри Владимир Падрино Лопез армия «Хуан Гуайдону же өзүн-өзү жарыялаган башка адамды президент катары тааныбай турганын» «Твиттердеги» баракчасына жазып чыкты.

Баш калаа Каракаста демонстранттар Улуттук гвардиянын күчтөрү менен кагылышып, автоунааларга өрт коюлду, демонстранттарга каршы көздөн жаш агызуучу газ колдонулду. Соңку кагылыштардан кеминде төрт адамдын өмүрү кыйылганы кабарланууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG