Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:05

5,5 миң сом айып кантип эсептелгени түшүндүрүлдү


Жогорку Кеңештин жана президенттик аппараттын имаратынын алдына келип түкүрүп, кылган жоругу үчүн 5500 сом айыппул төлөөгө даяр экенин айткан жарандын Интернеттеги видеосунан алынган сүрөт.
Жогорку Кеңештин жана президенттик аппараттын имаратынын алдына келип түкүрүп, кылган жоругу үчүн 5500 сом айыппул төлөөгө даяр экенин айткан жарандын Интернеттеги видеосунан алынган сүрөт.

Жогорку Кеңеш 1-январда күчүнө кирген жаңы кодекстер менен мыйзамдар боюнча өкмөттүн маалыматын угуп жатат. Эл өкүлү Үмбөталы Кадыралиев 5,5 миң сомдук айыппул кантип, эмненин негизинде эсептелгенине кызыкты:

- Айыппулдар боюнча коомчулук кыжырданып жатат. 5,5 миң сом кайдан алынды? Жашоо деңгээлин, айлык акыны баары билет. Мында эч кандай логика жок болуп жатат!

Депутаттын бул суроосуна эксперттик топтун мүчөсү Тахмина Шералиева жооп берип, эсептик көрсөткүч 100 сом бойдон калганын, бирок айыппулдар категорияга карап бөлүнө турганын билдирди.

- Ар бир кодексте айыппулдардын, жазанын градациясы бар, ал боюнча эсептесе болот. Айыппул жоруктардын түрүнө карап көтөрүлүп кете берет. Жоруктар эң аз айыппул менен белгиленген, ошондуктан логика бар. Мурда деле айыппулду иштеп чыкканда эч качан маянага байлаган эмес.

Ушул жылдан тартып "Пробация жөнүндө" жана "Мунапыс жөнүндө" мыйзамдар, Кылмыш-жаза кодекси, Жазык-процессуалдык кодекс, Жазык-аткаруу кодекси, Жоруктар тууралуу кодекс жана Тартип бузуу жөнүндө кодекс иштей баштаган.

Коомчулуктун нааразылыгынан улам өкмөт жол эрежесин бузуунун айрым түрлөрүнө, көчөдө түкүргөндөргө салынган айыппулдардын өлчөмүн азайтуу боюнча Жогорку Кеңешке мыйзам долбоорун сунуш кылды.

Эл өкүлдөрү кодекстер боюнча алдын-ала түшүндүрүү иштери жакшы жүрбөгөнүн сынга алып жатышат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG