Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:14

Хуан Гуайдо Венесуэланын күч түзүмдөрүн "элге кошулууга" чакырды


Хуан Гуайдо, Каракас, 25-январь, 2019-жыл.
Хуан Гуайдо, Каракас, 25-январь, 2019-жыл.

Венесуэланын Элдик ассамблеясынын башчысы, өзүн мамлекеттин жаңы президенти деп жарыялаган Хуан Гуайдо жума күнү Каракастагы митингде күч органдарына кайрылып, аларды "эл тарапка өтүүгө" чакырды.

"New York Times" гезити кабарлагандай, митингге 500дүн тегерегинде киши катышып, жыйын тынч өттү. Полиция акцияга тоскоолдук жаратпады жана Гуайдону кармоого аракет кылган жок.

Шаршембиде президенттин ыйгарым укуктарын өзүнө алганын жарыялаган Хуан Гуайдо жума күнкү митингде сүйлөп жатып, эмки аптада Каракаста ири демонстрацияларга даярдык жүрүп жатканын жарыялады.

Буга чейин Венесуэланын президенти, саясий кризиске кептелген Николас Мадуро оор кырдаалда көргөзгөн колдоосу үчүн Орусия, Кытай, Түркия өңдүү өлкөлөргө рахмат айткан. Анын ыйгарым укуктарын өлкө парламенти жана бир катар мамлекеттер, анын ичинде АКШ тааныбай жатат.

XS
SM
MD
LG