Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:02

Бийлик кодекстердин кемчилигин моюнга алды


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Жогорку Кеңеш быйыл күчүнө кирген кодекстерди кабыл алууда кемчиликтерге жол берилгенин моюнга алды. Бул тууралуу парламенттин 23-январдагы жыйынында аталган мыйзамдардагы өксүктөрдү талкуулоо учурунда айтылды.

1-январдан тартып күчүнө кирген, Кыргызстандагы укуктук мамилелерди тескеген беш кодекс менен эки мыйзамдын маселеси 23-январда өткөн жыйында парламенттин башкы темасы болду.

Бул мыйзамдар боюнча коомчулукта жүрүп жаткан талаштардан соң депутаттар өкмөттүн иштерин талкууламакчы болушкан. Буга чейин депутаттар учурда улам бир өксүгү чыгып жаткан мыйзамдардагы кемчиликтер үчүн аны иштеп чыккан эксперттик топту, «жарандар арасында жетиштүү түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн эмес» деп өкмөттү айыптап жатышкан. Бул жолу парламентеги айрым депутаттар жаралган кырдаал үчүн өз жоопкерчилигин моюнга алышты.

Маселен, КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев «депутаттар мыйзамдагы кемчиликтер үчүн күнөөнү башкага оодарууга аракет кылганы туура эмес» деген пикирин айтып чыкты:

- Кодекстер ишке кирген соң өкмөт аны аткарышы керек, ал эми биз андагы кемчиликтерди оңдошубуз керек. Айрым каталар бар. Бирок алдыга карай жылышыбыз зарыл. Күнөөлүүлөрдү издеп, кимдир-бирөөнү айыптоо туура эмес. Парламенттеги депутаттардын 99 пайызы бул мыйзамды колдогон, президент кол койгон. Өзүбүз добуш берип алып «Муну ким кылды?» деген таптакыр туура эмес.

Анткен менен депутат Рыскелди Момбеков мыйзамдагы көпчүлүктүн талкуусуна түшкөн кемчиликтер үчүн аны иштеп чыккан эксперттик топту сынга алды. Момбековдун айтымында, эксперттик топко реалдуу турмуштан алыс адамдар мүчө болгону үчүн бири-бирине карама-каршы келген нормалар кирип калган.

- «Түкүрүк» деген сөздү билбегендин өзү түркөйлүк, - деди ал. - Ушуга окшогон эксперттердин айынан гранттар менен айыл чарбасын талкаладык, билим берүү системасын талкаладык. Эми укук коргоо, сот тармагын талкалайлы деп жатабыз. Акчасын алган эксперттер, кыйналган эл, аткарган өкмөт болуп зыянын көрүп жатабыз.

Момбеков айтып жаткан 13,6 миллион долларды өкмөттүн суранычы менен эл аралык уюмдар бөлгөн. Бул каражат жаңы мыйзамдарды иштеп чыгууга жана калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө жумшалган. Бирок депутаттар бул акча «сарамжалдуу пайдаланылган эмес» деп, аны текшерүүнү сунуш кылып жатышат.

Парламент жаңы кодекстерге баа берди
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:25 0:00

Ошол эле кезде Жогорку Кеңештин жыйынынын жүрүшүндө элге түшүндүрүү иштерин жүргүзбөгөн өкмөттүн дарегине сын айтылды. Чынында эле өкмөттө бул тармак боюнча жооптуу болгон вице-премьер-министр Жеңиш Разаков учурда талашка түшкөн мыйзам беренелери боюнча депутаттардын суроосуна жооп бере албай, жалаң эксперттик топко шылтап жатты.

Бирок депутат Зияддин Жамалдинов мындай кырдаал парламент үчүн сабак болушу керек экенин белгилеп, жогорудан түшкөн мыйзамдарды чукул өткөрүүнүн жыйынтыгы дал ушундай кырдаалга алып келерин айтты:

- «Президент айтты» деп эле бир күндө беш кодексти кабыл алып берип жатабыз, - деди ал. - Эми талкуулап, тескерисинче болуп жатат. Ошондо эки күн талкуулаганда кээ бир мыйзамдарга өзгөртүү киргизип койсок болот эле. Азыр бири-бирибизге шылтап, уят болуп жатабыз. Бул бизге сабак болушу керек. Мындай мыйзамдар көп кабыл алынган. «Жогору жактан президент айтты» деп эки-үч окууда кабыл алынды. Мында ошол мезгилде да президенттик администрациядан тапшырма түшкөн, «тез арада кабыл алып бергиле, ушул мыйзамды» деп. Муну ачык айталы да!

Натыйжада парламент жаңы мыйзамдардагы кемчиликтерди аныктап, жазга чейин өкмөткө аны өзгөртүү боюнча сунуш киргизүүнү тапшырды.

Кыргызстанда 1-январдан тартып жаңы Кылмыш-жаза кодекси, Жазык-процессуалдык кодекс, Жазык-аткаруу кодекси, Жоруктар тууралуу кодекс жана Тартип бузуу жөнүндө кодекс күчүнө кирген. Андан тышкары «Пробация жөнүндө» жана «Мунапыс жөнүндө» мыйзамдар иштей баштаган.

Жаңы кодекстердин негизинде эселеп көбөйгөн айыппулдар социалдык тармактарда талкууга алынып, коомчулуктун бир катар өкүлдөрүн нааразы кылган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG