Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:38

Абылгазиев: Түкүрүк боюнча айыпты карап чыгыш керек


Мухаммедкалый Абылгазиев.
Мухаммедкалый Абылгазиев.

Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев коомчулук кызуу талкуулап жаткан жаңы эрежелер тууралуу оюн айтты.

Өкмөт башчы жаш муундарды тарбиялоо, аларга үлгүлүү жүрүм-турумду калыптандыруу ар бир улуу муундун милдети экенин билдирди. Ошол эле учурда ал түкүрүккө салынган айыпты кайра карап чыгуу зарыл экенин белгиледи:

- Мунун баары өзүбүздүн мекенибиздин тазалыгын көрсөтүп, башка жактан келген туристтер да "таза мамлекет экен, коомдук жайда өзүн үлгүлүү алып жүрүшөт экен" деген түшүнүктү пайда кылышыбыз керек да. Түкүрүнүү абдан терс көрүнүш. Таштандыларды таштоо боюнча макулмун, бирок "түкүрүккө 5500 сом" дегенди менимче кайра караш керек.

Буга чейин Интернетке Жогорку Кеңештин алдына келип түкүрүп, кылган жоругу үчүн 5500 сом айыппул төлөөгө даяр экенин айткан жарандын видеосу тараган. Кийин ал кармалып, түшүнүк кат жазганы белгилүү болгон.

1-январдан баштап күчүнө кирген Бузуу жөнүндө кодекстин 71-беренесине ылайык "таштандыны атайын каралган жерлерден башка жерге ыргытуу, өрттөө жана түкүрүү" 5500 сом айыппул менен жазаланат.

Муну сындагандар да, колдогондор да бар. (KЕ)

XS
SM
MD
LG