Линктер

дүйшөмбү, 19-август, 2019 Бишкек убактысы 15:45

Жаңы кодекстердин сотторго арткан жүгү


Иллюстрациялык сүрөт.

Январдан тарта күчүнө кирген жаңы кодекстердин негизинде абактарда жазасын өтөп жаткан 9500дөн ашуун адамдын иши сотто кайра каралат. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы учурда алардын 4000ге чукулун сотко жиберди.

Бул жаңы кодекстер дагы бир талаш жараткан темага айланды. Маселен, соттор бул иштерди алты ай ичинде карап чыгышы керек. Бирок адистер мынчалык чоң көлөмдөгү ишти соттор белгиленген мөөнөттө талдап бүтөрүнө ишенбей турушат.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Таалайбек Жапаров Жогорку Кеңештин 24-январдагы жыйынында билдиргендей, ал жетектеген мекеме жаңы кирген кодекстерге ылайык, абакта жаткан бардык жарандардын ишин сотко кайра кароого жөнөтүшү керек.

Таалайбек Жапаров.
Таалайбек Жапаров.

-1-январдан баштап ишке кирген кодекстерге ылайык, абакта жаткан 9535 адамдын өкүмүн сотко кайра кароого жөнөтүү керек экен. Бул жерде абакта жаткан адамдын да макулдугу, арызы керек. Бүгүнкү күнгө чейин биз 3000ден ашык өкүмдү кайра кароо үчүн сотко жөнөттүк. 10-15 күндүн ичинде баарын бүтүрөбүз. Соттор жаңы кодекстерге ылайык ошолорду карап чыгышы керек.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы абактагы 9535 адамдын ишин үч айдын ичинде, башкача айтканда мартка чейин сотко өткөрүшү зарыл. Соттор аталган иштерди кайра алты айдын ичинде карап чыгууга милдеттүү.

Кылмыш-жаза кодексинин 9-беренесине ылайык (“Кылмыштарды жиктөө” (“Классификациялоо”) кылмыштар мүнөзүнө жана коомдук коркунуч даражасына жараша “чоң коркунуч келтирбеген”,“анча оор эмес”, “оор” жана “өзгөчө оор кылмыштар” болуп бөлүнөт.

Жаңы мыйзамдар ушунун “чоң коркунуч келтирбеген” жана “анча оор эмес” беренелер менен соттолгондорго жайылтылат. Жаза аткаруу кызматынын эсеби боюнча соттолгондордун иши кайра каралгандан кийин жеңил кылмыш кылып түрмөдө отурган 400дөн ашык адам эркиндикке чыгышы мүмкүн.

Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев абактагылардын ишин кайра кароо оңойго турбайт деп эсептейт. Ал бул иштерди Жаза аткаруу кызматы алдын ала эле даярдап койбогонун сынга алды.

Кенжебек Бокоев.
Кенжебек Бокоев.

- Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы соттолгондордун ишин 1-январга чейин эле карап, тактап, дайындап коюш керек эле да. Кодекстер негизи эки жыл мурун кабыл алынган. Болгону “2019-жылдын 1-январында күчүнө кирет” деп айтылган. Ошондуктан алар 1-январда иштерди сотторго өткөрүп берип салыш керек болчу. Анан албетте бул сотторго кошумча жүк болот, чоң маселе.

Жогорку Кеңеш быйыл күчүнө кирген кодекстер менен мыйзамдарды талкуулап бүтүп-бүтө электе соттордун ишине байланышкан дагы бир маселенин чыгышын Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова төмөнкүдөй баалады.

- Бул иштерди соттор алты ай ичинде карап бүтө албайт. Мүмкүн да эмес. Ошондуктан кодекстерди ишке киргизүүгө алдын ала даярданыш керек эле. Эми дагы бир сыйра оңдоп, өзгөртүү киргизишет. Ошентип отуруп артык кылабыз деп тыртык кылып алышпаса болду. Кодекстер туруктуу иштеп калганча беш-алты жыл ичинде кайра-кайра өзгөртүүлөр кире берет. Анткени бул бир-эки жылда бүтчү иш эмес. Себеби кодекс деген тарыхый мааниге ээ документ.

Жогорку соттун мурдагы төрагасы Курманбек Осмонов да соттор аларга жүктөлгөн ишти убагында карап бүтө албай калабы деп кооптонуп жатат. Ал ошол эле учурда жаңы кодекстердин арты менен мыйзам жайылтылбаган айрым адамдардын абактан чыгып кетишине жол ачылышы мүмкүн экенин кулак кагыш кылды.

Курманбек Осмонов.
Курманбек Осмонов.

- Иштин көлөмү чоң болгондуктан аларды Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы райондук сотторго бөлүштүрүп бериш керек. Жогорку сот ушундай уюштуруу иштерин жакшылап даярдашы зарыл. Эгер иштерди абак жайгашкан райондогу сотторго берип салса, материал көп болгондуктан ишти кароонун мөөнөтү жагынан кыйналып калышат. Бул материалдарды көрүнгөн судьяларга бергенге да болбойт. Антпесе Батукаевдин ишиндей болуп калат.

Ал эми Жогорку соттун судьясы Качыке Эсенканов соттолгондорго өкүм кайсы инстанцияда чыкса ошол сотто караларын билдирип, соттор Жаза аткаруу кызматынан келген иштерди өз убагында карап бүтөт деп билдирди.

- Соттор бул иштерди алты ай ичинде карап чыгып, жыйынтык чыгарууга милдеттүү. Биз мурда Жогорку сотто үч күн процесс жүргүзсөк азыр ал иштерди карап, тийиштүү чечимдерди кабыл алуу үчүн төрт күн процесс кылганы жатабыз. Иштерди кароого мүмкүнчүлүктөр бар. Тергөө судьялары деп кошумча штат белгиленип, алар дайындалуунун астында турат. Бул бир-эки айдын ичинде чечилиши мүмкүн. Тергөө судьялары киргенине байланыштуу 56 жаңы штат түзүлдү. Демек, соттордун саны көбөйүп, кошумча мүмкүнчүлүк ачылды.

1-январдан тартып Кыргызстанда жаңы Кылмыш-жаза кодекси, Жазык-процессуалдык кодекс, Жазык-аткаруу кодекси, Жоруктар тууралуу кодекс жана Тартип бузуу жөнүндө кодекс күчүнө кирди. Андан тышкары "Пробация жөнүндө" жана "Мунапыс жөнүндө" мыйзамдар иштеп жатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG