Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:14

«Ак шумкалардын» күттүргөн беттеши


"Ак шумкарлардын" күйөрманы. 2019-жыл.
"Ак шумкарлардын" күйөрманы. 2019-жыл.

Футбол боюнча Дүйнө чемпионатына жана Азия кубогуна тандоо оюндары 1,5 жылдык тыныгуудан кийин кайрадан улана турган болду. Мелдештер борборлоштурулган тартипте өтүп, командалар мурдагыдай үйдө жана конокто эмес, бир аймакта ойноп, жолдомо үчүн ат салышат.

Кыргызстан ойногон F тайпасы Жапонияда бактысын сынайт

1,5 жылдык тыныгуудан кийин оюн талаасына чыгууга камданып турган “Ак шумкардын” башкы машыктыруучусу Александр Крестинин 14-апрелде журналисттер үчүн басма сөз жыйынын өткөрүп, команданын оюнга даярдыгы тууралуу буларды айтты:

Александр Крестинин.
Александр Крестинин.

“Оюндарга даярдыктын планынын 90% сиздерге айтып бере алам. Ал эми калган 10% биз үчүн да бүдөмүк бойдон. 29-майда Кыргызстандын чемпионатынын кезектеги оюну өтөт. Ал эми 31-майда биз Жапонияга учуп кетишибиз керек. Бирок кайсы шаарда ойной турганыбыз азырынча белгисиз. 1-июндан тартып окуу-машыгуулар башталат. Алты күн машыгуу өткөрөбүз. Бир команда менен жолдоштук беттеш өткөрүү үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз. Жолдоштук беттеш өткөрүүгө атаандаш таба алабызбы же жокпу, бул да суроо жаратып жатат. 7-июндан баштап ойнойбуз. Максатыбыз - ойноп, тайпадан чыгуу. Кичинекей болсо да тайпадан чыгууга мүмкүнчүлүгүбүз бар. Биз дагы деле атаандаштыкка туруктуубуз”.

Крестинин улуттук курама командага мурун Германиянын жана Казакстандын клубдарында ойногон эки футболчу кошулушу мүмкүн экенин, алдыдагы беттештерге кенен курамда 23 футболчуну чакырганын кошумчалады.

Коронавирус пандемиясынан улам белгисиз мөөнөткө жылдырылып келген Дүйнө чемпионатына жана Азия кубогуна тандоо оюндарынын экинчи турунун калган оюндары ушул жылдын июнь айында өтөт. Кыргызстандын курама командасы 7-июнда Монголия, 11-июнда Мьянма жана 15-июнда Жапония курама командалары менен беттешет.

Спорт журналисти Базарбек Абдраимов “ак шумкарлардын” даярдыгына сарсанаа болуп турган чагы:

“Оюндардын бир жерде өтүшү Кыргызстан курама командасынын кийинки баскычка чыгышын ого бетер татаалдаштырды. Башка жерде ойногон психологиялык жактан да, физикалык жактан да оор. Себеби ал жердин өзүнүн климаты бар. Футбочулар үчүн өз үйүндө, өз күйөрмандарынын алдында ойногону абдан маанилүү. Анткени мунун баары аларга дем-күч берет. Ушунун баары оюндун эсебине таасирин тийгизет. Бирок азыр АФКнын чечими ушундай болгондуктан, футболчулар ошол шартка көнүшү керек. Баары ошондон көз каранды болот”.

Кыргызстан менен Тажикстан курама командаларынын беттеши. Дүйшөнбү шаары, 5-сентябрь, 2019-жыл.
Кыргызстан менен Тажикстан курама командаларынын беттеши. Дүйшөнбү шаары, 5-сентябрь, 2019-жыл.

Аталган оюндар былтыр жазында өтмөк. Пандемиядан улам оюндар белгисиз мөөнөткө жылдырылган. Эми карантин шартына ылайык Азия футбол конфедерациясы (АФК) экинчи турдун калган оюндарын борбордоштуруп, ар бир тайпанын оюндарын ар башка мамлекетте өткөрүү чечимин чыгарды.

Ага ылайык А тайпасынын оюндары Кытайда, В тайпасынын оюндары Кувейтте, С тайпасынын оюндары Бахрейнде, D тайпасынын оюндары Сауд Арабиясында, Е тайпасынын оюндары Катарда, F тайпасынын оюндары Жапонияда, G тайпасынын оюндары Бириккен Араб Эмираттарында жана H тайпасынын оюндары Түштүк Кореяда өтөт. Оюндар 31-майда башталып, 15-июнда жыйынтыкталышы керек.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы. 2019-жыл.
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы. 2019-жыл.

Кыргызстан Тажикстан, Жапония, Мьянма жана Монголия менен F тайпасында жайгашкан. Учурда бул тайпада Жапониянын курама командасы төрт оюндан кийин 12 упай менен жадыбалдын сап башында баратат. Эсебинде жетиден упайы бар Кыргызстан экинчи, Тажикстан үчүнчү орунду сактап турат. Мьянмада алты упай, Монголияда үч упай бар. Кыргызстандын курама командасы мелдештин кийинки баскычына чыгышы үчүн тайпада экинчи орунду ээлеши керек.

Спорт журналисти Адилет Темирланов Кыргызстандын футбол боюнча курама командасына жеңиштен тышкары ийгилик да өтө зарыл экенин белгилейт.

“Кыргызстан тайпадан чыгышы үчүн алдыдагы үч беттешти жеңиши керек. Бирок аны жеңген күндө деле Кыргызстандын башка тайпадагы атаандаштары көбүрөөк упай алып, алдыга озуп кетүү мүмкүнчүлүгү жогору экенин ачык айтыш керек. Анткени, Кыргызстан буга чейинки оюндарда упай жоготкон. Мисалы, Тажикстан менен болгон беттеште жеңип, Жапония менен Бишкекте өткөн оюнда жок дегенде тең чыгышы керек эле. Азыр эми Жапония өз үйүндө ойногондуктан бул команданы утуу мүмкүн эмес”.

2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына жана 2023-жылы Кытайда өтчү Азия кубогуна тандоо оюндарынын алкагында Азия чөлкөмүнүн 40 командасы сегиз тайпага бөлүнүп ойноп жатат. Мелдештер 2019-жылдын 5-сентябрында башталган. Тандоо мелдештеринин жыйынтыгында сегиз тайпанын жеңүүчүсү жана экинчи орунду ээлеген төрт мыкты команда акыркы тандоо оюндарына жолдомо алат.

XS
SM
MD
LG