Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:44

Римдеги уйкусуз түн: Италияны кубандырган жеңиш

Футбол боюнча Европа чемпионатын Италия жеңип алды. Финалдык оюн өткөн Англия баш калаасындагы "Уэмбли" стадионунда 60 миңдей көрүүчү болду.

Европанын бул жолку мелдеши мааракелик деп айтсак болот. Чемпионат негизделгенине 60 жыл толгон. Ошондон бери 16 ирет мелдеш өткөрүлгөн.
Германия менен Испания үч жолудан чемпион болсо, Франция менен Италия эки жолу мелдешти утту. Кезинде СССР, Чехословакия, Нидерланддар, Дания, Греция жана Португалия бир жолудан чемпиондукту жеңип алышкан.

Евро-2020 чемпионаты коронавирус пандемиясынан улам бир жылга артка жылдырылган эле. 24 өлкөнүн курама командасы катышкан чемпионат 11-июлда аяктады. Бул жолу Европанын футбол чемпионатынын оюндары он өлкөдө өттү.

XS
SM
MD
LG