Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:11

"КТРК Спорт муктаждыктан улам ачылган"


КТРК Спорттун баяндамачылары Бексултан Усеналиев жана Дайырбек Бейшенаалиев. Спорттук мелдештердин биринде кыргыз гимни жаңырган учур.
КТРК Спорттун баяндамачылары Бексултан Усеналиев жана Дайырбек Бейшенаалиев. Спорттук мелдештердин биринде кыргыз гимни жаңырган учур.

Техникалык-каржылык көйгөйгө карабай маанилүү мелдештерди көрөрмандарга өз убагында жеткирүүгө аракет кылып келаткан КТРК Спорт каналы кээде сын-пикирлердин да бутасына айланып турат.

Каналдын көрөрмандары Кыргызстанда эле эмес, Өзбекстандын Фергана, Наманган, Анжиян облустарында да бар. КТРК Спорттун продюсери Шайырбек Арапов менен баяндамачы Дайырбек Бейшенаалиев “Азаттыкка” маек куруп, каналдын ийгилиги жана кемчиликтери жөнүндө айтып беришти.

- Майдын башында президент “Улуттук телерадио корпорациясы жөнүндө” мыйзамга кол коюп, буга чейин “Коомдук” деп аталып келген каналдын макамы “улуттук” деп өзгөрүүдө. Тагыраагы, КТРК эми УТРК болот. Ошондо силердин каналдын да аталышы мындан ары КТРК Спорт эмес, УТРК Спорт болобу?

Шайырбек Арапов: Менимче, КТРК Спорт деген аталышта эле калат. Себеби, бул - бренд. Брендди калыптандырганга чейин бир топ тер төгүлдү. Балким, убагы келип Улуттук спорт каналы болуп өзгөрүшү да ыктымал. Бирок азырынча КТРК Спорт бойдон калса дейм. КТРК дегенди Кыргыз телерадио корпорациясы деп чечмелесек да болот да.

- КТРК Спорт телеканалы Кыргызстанда спорт журналистикасы калыптана элек учурда ачылды. Редакцияларда спортту чагылдырган кабарчылар болгону менен спорт журналистикасы дээрлик жок болчу. Мындай жагдайда канал өз ишин кантип нукка салып кетти? Кандай кыйынчылыктардан өттүңөр?

Шайырбек Арапов: Бул өтө орундуу жана актуалдуу суроо. Анткени Кыргызстанда азыр деле спорт журналистикасы калыптана элек. Редакциялар, телерадиоканалдар журналистиканын бул багытына маани деле беришпейт. КТРКда спорт каналы ачылганга чейин КТРКнын өзүндө да спорт темасындагы кабарлар журналисттер даярдаган материалдардын эки пайызын түзгөн десем жаңылышпайм. Балким андан да аз.

Азыр деле Кыргызстанда журналисттерди даярдаган окуу жайларда Спорт журналистикасы багыты жок. Журналисттерге түрдүү эл аралык жана бейөкмөт уюмдар уюштуруп келаткан тренингдерде да спорт кабарчылар үчүн окутуу болду дегенди уга элекмин.

Биз кабарчыларыбызды өзүбүз таптап, спорт журналисти катары даярдайбыз. Бизге көп окуу жайлардан студенттер тажрыйба топтогону келишет. Арасында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети менен Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде окуган улан-кыздарда спорт журналисти болом деген дилгирлик күч экенин байкайм.

Шайырбек Арапов жана КТРК Спорттун кызматкерлери түз эфир учурунда.
Шайырбек Арапов жана КТРК Спорттун кызматкерлери түз эфир учурунда.

КТРК Спорт 2015-жылдын 15-декабрында иш баштаган. Команда түрдүү редакцияларда иштеген журналисттерден, операторлордон түптөлгөн. Бири спортту жакшы билсе, бири билбейт. Мисалы, мен ага чейин Жаштар студиясында иштейт элем. Чоң жоопкерчиликти моюнга алганымды билгем, бирок ал жоопкерчиликтин жүгүн иш баштаганда жон терим менен сезгем. Кыйынчылыктарга кабылганбыз. Тармакты жакшы билбегенден кийин адашасың. Сын-пикирлерди уга берип, иштен көңүл сууп кеткен учурлар болгон. Ага карабай, спорт жаатында билимибизди кеңейттик. Башында кетирген катачылыктарды оңдодук. Азыр дагы изденүүнүн үстүндөбүз. Шүгүр, КТРК Спорт деген брендди калыптандыра алдык.

- Демек, КТРК Спорт чоң тобокелдик менен ачылган турбайбы?

Шайырбек Арапов: Тобокелдик деп айта албайм. Себеби бул канал Кыргызстанга аябай керек эле. Анткени кошуна мамлекеттердин, Орусиянын спорт каналдары бар, биздин эл аларды кызыгып көрчү. Бирок аларда Кыргызстанда болуп жаткан спорт мелдештери, иш-чаралар чагылдырылбайт да. Андыктан, улуттук спорттук иш-чараларды калкка жеткирүү үчүн каналга муктаждык болгон. Тобокелдик дегидей, “Келгиле, эртең Спорт каналын ачабыз” деп эле иштеп кеткен эмеспиз. Ошол кездеги жетекчилик бул каналды ачууга үч жыл даярдык көргөн. 2015-жылдан бери өлкөдөгү жана эл аралык бир дагы маанилүү мелдештерди үзбөй чагылдырып келатабыз. Жаңы ачылганда Көчмөндөр оюндары болуп, масштабдуу иш-чараларды түз эфирде чагылдыруу жаатында чоң тажрыйба алдык.

Дайырбек Бейшенаалиев
Дайырбек Бейшенаалиев

Дайыр Бейшенаалиев: Мен КТРК Спортто баяндамачы болуп иштей баштаганыма бир жылдан ашты. Шайырбек мырза айткандай, мен ушул каналда журналистиканы, баяндамачылыкты үйрөндүм. Кичинекейимден спортко кызыгып өстүм. Футболчу болууну самап, төрт жыл Европа мамлекеттеринде жүрдүм. Түрдүү клубдарда тажрыйба топтодум. Бирок көксөгөн максатыма жеткен жокмун. Кыргызстанга кайтып, “Алга” клубунда ойноюн деп аракет кылдым, бирок спорттук формам мурдагыдай эмес болуп, ага да кирбей калдым. Ошол учурда КТРК Спорт каналына баяндамачылыкка кастинг болуп жатканын угуп, сынакка катыштым. Буйрук экен, мынтип иштеп калдым. Башында кыйналдым. Бул каналда спорт журналисттерин даярдаган чоң тажрыйба калыптаныптыр. Мага көп нерсени үйрөтүштү.

- Спорт журналистинде кандай жөндөм болушу керек?

Дайыр Бейшенаалиев: Биринчиден, спортко жакын болушу, спорттун түрлөрүн түшүнүшү зарыл. Терминдерди билиши кажет. Мага футболду жакшы билгеним чоң жардам болду. Эгер билимиң болсо, түз эфирде оюнду баяндап отурганда көрөрманга да абалды жакшы түшүндүрүп бересиң. Мелдештер дүйнөнүн түрдүү мамлекеттеринде, ар кандай шаарларда болот. Андыктан географияны билүү да маанилүү.

Шайырбек Арапов: Биздин каналда азыр 20 киши иштейт, штаттан тышкары кабарчыларыбыз да бар. Баары башка мамлекеттердин спорт каналдарын көрүп, алардын да тажрыйбасын үйрөнүшөт. Башкалардын ката-кемчиликтерин кайталабаганга аракет кылышат.

Жумуш учуру.
Жумуш учуру.

-Сиздердин каналда спорт мелдештерин көрсөтүүдө дайыма кыргыз жана орус тилиндеги баяндамачы иштейт. Эки тилде жеткирүү бир тараптан жакшы, бирок кээде, айрыкча аймактагы көрөрмандар үчүн ыңгайсыздык да жаратат. Эки тилде баяндоо каналдын ишине милдеттүү түрдө киргизилгенби? Эмнеге кыргызча эле чагылдырса болбойт? Мисалы, ошол эле мелдештерди орусча көргүсү келген адамда башка аянтчалар толтура.

Шайырбек Арапов: Айтканыңыз жөндүү. Башында чындыгында ар бир мелдешти эки тилде чагылдырдык. Анда берүүлөрүбүздү аймактарга эле эмес, Бишкекке да багыттаганбыз. Ал тургай улуттук көкбөрү оюнун да эки тилде баяндап жеткирип жүрдүк. Карасак, бул өтө зарыл эмес экен. Ошондуктан, көкбөрүнү кыргыз тилинде гана баяндай баштадык. Башка эл аралык мелдештерди чагылдырууда да акырындап орус тилин азайттык. Бирок таптакыр алып сала албайбыз. Өлкөбүздө орус тилдүү мекендештер да бар экенин унутпайлы. Дагы эле изденүүнүн үстүндөбүз.

- Менин суроомдун түпкүрүндө “орусча баяндоо керек эмес” деген маани жок болчу. Айтайын дегеним, бизде кыргызча которулган фильмдерди, кыргызча баяндаган мелдештерди маскаралап, “кыргызча кылбай эле койбоптур” дегендер бар. Беттештер мурда орусча көбүрөөк чагылдырылып, фильмдер жалаң орусча көрсөтүлгөнүнө байланыштуу элдин кулагына кыргызча жакшы сиңген эмес. Ошондуктан, кыргыз тилдүү баяндамачыларды сындагандар арбын. Бул сын пикирлерди азайтуу үчүн балким мелдештерди кыргызча гана баяндап чагылдыруу керектир...

Шайырбек Арапов: Балким, сиздин айтканыңыз туура. Жогоруда айтканымдай, азыр биз түз эфирде көбүнчө кыргызча баяндап жатабыз. Сын пикирлер деп калдыңыз, ушуга кеңири токтолсок жакшы болмок. Биз түз эфирлерди теле эфирден тышкары Ютубдагы каналыбызда да көрсөтөбүз. Интернетте пикир калтыруу мүмкүнчүлүгү кеңири болгондуктан, сын-дооматтын баары ошол жакта. Ойлонуп көрүңүз, футболбу, көкбөрүбү же башка масштабдуу иш-чарабы, ал жерде ондогон спортчулар катышат. Баяндамачы бир же эки киши. Кайсы бир ысымдан адашып кетиши мүмкүн. Футболдогу 22 оюнчуну, алардын машыктыруучуларынын ысымын алмаштырып алышы ыктымал. Кайсы бир терминди туура эмес айтып алат. Көкбөрүдө ар бир оюнчудан тышкары, алардын жылкысынын да атын эстеп калышы керек. Ошондой учурларда баяндамачыларды сындап, сабатсыз деп тилдеп киришет. Адашпаганга, ката кетирбегенге аракет кылышат, ошентсе да кез-кезде болуп калат. Андай учурда сындаган киши баяндамачы да ал сыяктуу адам экенин, кээ бир маалыматтар эсинен чыгып калышы же алмашып кетиши мүмкүндүгүн эске алганы абзел.

Дайыр Бейшенаалиев: Андай сын-дооматтарды укканда маанайым кадимкидей түшөт. Биз дал ошол көрөрманга ушул оюнду түз эфирде көргөнгө мүмкүнчүлүк түзүп берип жатпайбызбы. Ишибизди милдет кылгандай болуп калбайын, бирок бүт күчүңдү жумшап, сапаттуу эфир кылганга жасаган аракетиңди бир заматта жокко чыгарып коюшканы капалантат. Азыр көнүп калдым, башында жүрөккө аябай жакын кабыл алчумун. Мен айылда эле улак тартып чоңойгом. Көкбөрүнү, аттын жабдыктарынын атылышын жакшы билем. Элге жалпак тилде жеткиргенге дайыма аракет кылам.

Шайырбек Арапов: Көкбөрү мелдештерине өзгөчө көңүл бурулуп, кызыгуу да ашып баратат. Биз мүмкүн болушунча республикалык маанидеги чоң оюндарды жеринен түз бергенге өткөнбүз. Ысык-Көлдө же Ошто болсо ошол жакка жөнөйбүз, техникалык топ, журналист, баяндамачылар дайыма даяр турушат.

КТРК Спортто Көк бөрү мелдешин көрсөткөн түз эфирдин башталышы.
КТРК Спортто Көк бөрү мелдешин көрсөткөн түз эфирдин башталышы.

Ката-кемчиликтер бир гана каналдын журналисттерине байланыштуу болбойт. Мисалы, кандай гана мелдеш болбосун, спорттун ошол түрүнүн федерациясы иш-чара тууралуу бүт маалымат менен журналисттерди камсыздашы керек. Кээ бир федерациялар бар, протоколу даяр эмес, тийиштүү маалыматтарды бере алышпайт. Андай учурда журналисттер, баяндамачылар кыйналышат, адашат. Колуңда маалыматың жок болсо, кантип чагылдырасың? Эреже боюнча журналисттерди иш-чаранын протоколу, адамдардын аты-жөнү жана башка керектүү маалымат менен федерация камсыздоого тийиш. Андай болбой калган маалда эфир учурунда маалыматтарды толуктап, кырдаалдан чыгабыз.

Бул жагынан Дзюдо федерациясы көбүнө үлгү. Алардын мелдештерин чагылдыруу ушунчалык жеңил жана жагымдуу. Футбол федерациясы да акырындап калыпка түшүп келатат. Көкбөрү федерациясы да ушундай эреже менен иштөөгө өтүп жатат.

Баса, дагы бир маселе бар – Европада же башка мамлекеттерде спорттук иш-чаралар белгиленген учурда башталып, айтылган учурда бүтөт. Кээде гана бир-эки мүнөт айырма болушу мүмкүн. Журналисттерге да толук маалымат берилип, кабарчылар качан эмне болорун билет. Бизде кээде айрым мелдештер эртең менен башталып, түн жарымда бүтөт. Финалдагы эң маанилүү беттештер түндө болот. Иш-чараны баштан аяк чагылдырып отурган баяндамачы чарчайт, айла жок аягына чейин отурат. Мындай учурда албетте, айрым сөздөрдү айтканда адашып кетиши мүмкүн. Федерациялар мелдештерди уюштурганда баарын бир күнгө батырбай, эки-үч күнгө узартса, аны чагылдыруу бизге да оңой жана кызыктуу болмок.

- Футбол федерациясы менен (азыркы Кыргыз футбол союзу) КТРК Спорттун мамилеси начар экени тууралуу угуп жүрөбүз. Мунун себеби эмнеде?

Шайырбек Арапов: Азыр баары нугуна түшүп калды. Бул федерация менен кызматташа албай, ортодо түшүнбөстүк жаралганы чын. Федерацияны Семетей Султанов башкарып турган учурда аябай жакшы иштештик. Ошол кезде кыргыз футболу да дүркүрөп, ийгиликтерди жаратпадыбы. Кийин федерациянын башчысы алмашты. Кызматташтык токтоп калды. Себебин билген жокпуз. Чагылдыруу жаатында түшүнбөстүктөр болду, футболчуларды эфирге чакырсак, уюштуруп бере алышпады. Ошентип отуруп белгисиз себептер менен дээрлик кызматташуу токтоп калган. Жамандагандай болуп калбайын, бирок алар тараптан уюштуруу иштерин биз күткөндөй деңгээлде аткара албагандыктан, мамилени түптөй алышпагандыктан иштешкибиз келбей калган. Азыр федерациянын башчысы алмашып, кайра кызматташа баштадык.

Буюрса, кыргыз футболуна арналган жакшы эфирлерибиз болот. Жакында Азия кубогунун тандоо оюндары башталат, биздин улуттук курамадан ийгиликтерди күтөбүз жана беттештерди көрүүчүлөргө убагында көрсөтүп турабыз.

КТРК Спорттун ачылганынын төрт жылдыгына арналган эфир. 2019-жыл.
КТРК Спорттун ачылганынын төрт жылдыгына арналган эфир. 2019-жыл.

- Эми дүйнөлүк спорттук иш-чараларды Кыргызстанда түз көрсөтүү жаатында сүйлөшөлү. Олимпиаданы "Акнет" компаниясы менен өнөктөштүктө көрсөттүңөр. Кээде айрым футбол мелдештерин түз алып көрсөтпөйт деп дарегиңерге сын айтылып калат? Сиздерде азыр трансляция иштеринде каржылык, адистик мүмкүнчүлүк кандай?

Шайырбек Арапов: Биздин канал ачылгандан бери бир дагы дүйнөлүк футбол чемпионатын, Олимпиадаларды көрсөтпөй койгон жокпуз. Лицензия алып, баарын мыйзамдуу элге тартуулап келатабыз. Лицензия алуу – татаал жараян. Андан тышкары, трансляция – чоң каражатты талап кылат. Ага каналдын өзүнүн күчү жетпейт. Мындай учурларда өнөктөштөр менен иштейбиз. Мунун жаман жери жок, негизгиси иш-чараны өз убагында тартуулап келатабыз. Европадагы айрым футбол беттештерин убагында көрсөтө албаганыбыздын себеби да каржыга барып такалат. Азыр материалдык-техникалык базабызды жакшыртып келатабыз. Бирок заман ушунчалык тез өнүгүп, техниканын түрү чыгып жатат. Мамлекеттин көзүн караган каналбыз. Колдоого муктажбыз. Кээде кошуна өлкөлөрдүн спорт каналдарындагы мүмкүнчүлүктөрдү көрүп, суктанып коём. Анткени, аларга көңүл бурулат.

-КТРК Спорттун жылдык бюджети канча?

Шайырбек Арапов: Каналдын өзүнүн бюджети жок. Биз КТРКнын жалпы бюджети менен гана иштейбиз. Ал деле негизинен айлык акыга жумшалат.

Айсулуу Тыныбекова жана КТРК Спорттун кабарчысы Адинай Курманова.
Айсулуу Тыныбекова жана КТРК Спорттун кабарчысы Адинай Курманова.

-Коронавирус пандемиясы шартында кандай иштедиңер? Спорттук мелдештер уюштурулбай калбадыбы.

Шайырбек Арапов: Ал учур өзүнчө бир тарых болуп калды. Башка телерадиоканалдар, басылмалар Zoom, Skype аркылуу болсо да интервьюларды уюштуруп эфирге чыгышты.

Биздин ишмердик негизинен спорттук иш-чараларга байланыштуу болгондуктан, эмне кыларыбызды билбей да калдык. Архивдеги эскирбеген көрсөтүүлөрдү, мурдагы мелдештерди кайталап бердик. Спортко байланыштуу фильмдер менен эфирди жаап, катаал шартта иштедик. Ал учурда биздин каналдын кызматкерлери кабылган стрессти сөз менен айтып жеткирип бере албасам керек. Негизгиси, эфирди үзгөн жокпуз, спортту даңазалап турдук.

КТРК Спорттун кызматкерлери (сүрөттө - каналдын эмгек жамаатынын жарымы).
КТРК Спорттун кызматкерлери (сүрөттө - каналдын эмгек жамаатынын жарымы).

- Сиздердин каналдын мен билгенден Өзбекстандын Анжиян, Наманган, Фергана облустарында да көрөрмандары бар. Сиз азыр “кошуна өлкөлөрдүн каналдарынын мүмкүнчүлүгү бизге караганда жакшы” дегендей сүйлөдүңүз. Кызыгы, өздөрүнүн каналдарын сындап, силерди Твиттерге мактап жазган бир топ өзбектерди билем.

Шайырбек Арапов: Аларга рахмат. Ооба, кошуна өлкөдө көрөрмандарыбыз бар экенинен кабардармын. Демек, азыркыдан да көбүрөөк аракет жасап, кызыктуу контент жасаганга аракет кыла беребиз.

Дайыр Бейшенаалиев: Кошуна өлкөлөрдө бизди көрүп, бизди мактап жатышканы мага жагымдуу болду. Баарыбызга ийгилик каалайм!

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG