Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:08

Семетей Султановдун талаштуу талапкерлиги


Семетей Султанов.
Семетей Султанов.

Семетей Султанов Футбол федерациясынын президенттигинен кеткен соң анын АФКнын вице-президенттигине көрсөтүлгөн талапкерлиги кайра чакыртылды.

Анын талапкерлиги чакыртылып алынганы коомчулукта талкууга түшүп, айрымдар муну акыркы саясий жагдайга да байланыштырып жатышат.

«Өзүм билемдик болгон...»

Кыргызстандын Футбол федерациясынын жетекчилигинен быйыл январда кеткен Семетей Султанов Азия футбол конфедерациясынын (АФК) вице-президенттигине талапкерлигин 2018-жылдын соңунда, Кыргызстандын Футбол федерациясынын президенти болуп турганда көрсөткөн. Талапкер тууралуу сунуш АФКга 2018-жылдын 6-декабрына чейин берилиши керек эле.

Бирок анда бул федерациянын 11 кишиден турган аткаруу комитети менен макулдашылган эмес. Муну федерациянын баш катчысы Медербек Сыдыков «Азаттыкка» мындайча түшүндүрдү:

«Аткаруу комитетине федерация президенти төрагалык кылат жана анын 10 мүчөсү болот. Устав боюнча Кыргызстандын футболуна байланыштуу чечимдерди аткаруу комитети кабыл алат. Сыртка ким кетиши керек экендигин, ким сунуш кылынышы керек экендигин аткаруу комитети чечет. Максаттары жазылат. Чечим кабыл алып, кат даярдалат, ФИФАгабы, АФКгабы, УЭФАгабы же өкмөткөбү - айтор аткаруу комитети сунуш катты жөнөтөт. 6-декабрга чейин Семетей Султановдун талапкерлиги көрсөтүлгөн, бирок аткаруу комитети менен макулдашылган эмес. Өзү, мен кол коюп жөнөткөнбүз. Ачыгын айтканда, өзүм билемдик кылып чечип койгонбуз. Бул аткаруу комитетине жаккан эмес. Бирок унчукпай, «берип коюпсуңар, мейли» деп макул болушкан. 7-январда Семетей Султанов кызматтан кеткен соң «Федерацияга тиешеси жок кишини талапкер кылуунун кажети барбы?» деген суроо келип чыгып, аткаруу комитети 19-марттагы маселени карады жана анын талапкерлигин чакыртып алды».

Семетей Султанов өткөн жумада «Фейсбуктагы» баракчасына Футбол федерациясынын чечими ал үчүн күтүүсүз болгонун жазган:

«...Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясынын президенти катары кыргыз футболун эл аралык аренада өнүктүрүү максатын өз алдымда койгом. Ал максат федерация менен ийгиликтүү ишке ашырылып, биздин улуттук курама командабыз мыкты оюн көрсөтүп, Азия кубогунун квалификациялык баскычынан өтүп, спорт тарыхында калды. Менин келечектеги пландарым - футболубузду кийинки тепкичке көтөрүү болчу. Кыргыз футболун өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү колдон чыгарылганына өтө өкүнүчтөмүн...»

«Азаттык» радиосу Султанов менен байланышкан учурда федерациядан ага эч кандай түшүндүрмө бериле элек экенин, анын расмий жообуна карап басма сөз каражаттары менен ой бөлүшөрүн айтты.

Маселе саясаттабы?

Семетей Султанов - Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаевдин күйөө баласы. Ал Кыргызстандын Футбол федерациясынын президенттик кызматына 2012-жылы келип, 2016-жылдын 27-ноябрында экинчи жолу шайланган. Кызматтан 2019-жылдын 7-январында өз арызы менен кеткен.

Кыргызстандын футбол командасы Азия чемпионатында. Абу-Даби шаары, 19-январь, 2019-жыл.
Кыргызстандын футбол командасы Азия чемпионатында. Абу-Даби шаары, 19-январь, 2019-жыл.

Семетей Султанов футбол күйөрмандарынын арасында ийгиликтүү футбол менежери катары сыпатталып, бул кыргыз футболунун ал иштеп турган жылдардагы көп ийгиликтери менен түшүндүрүлүп жүрөт. Айрыкча быйыл январда Азия чемпионатында кыргыз футболчуларынын плей-оффко чыгышы тарыхый окуя катары бааланган.

Коомчулукта Семетей Султановдун акыркы жагдайы экс-президент Алмазбек Атамбаев менен азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун тирешине байланыштуу түкшүмөлдөрдү жаратууда. Эл аралык ишкерлер кеңешинин мурдагы төрагасы Темирбек Ажыкулов маселе иликтениши керек экендигин айтты:

Темирбек Ажыкулов.
Темирбек Ажыкулов.

«Менин оюмча, бул жерде саясат болуп кетти окшойт. Ал кишинин мурдагы президенттин үй-бүлөсүнө тиешеси бар экендигиби же жаңы келген жетекчиликке байланыштуубу, айтор туура эмес болду. Бул териштирилип, иликтөөгө алынышы керек. Канткен күндө да туура эмес».

Футбол федерациясынын баш катчысы Медербек Сыдыков мында саясат жок экенин, тек гана футбол эрежесиндеги жараян экенин белгиледи.

«Күчтүү менежер дагы ийгилик жаратмак»

Ишкер Элан Абдыкеримов Султановдун талапкерлиги АФКда колдоо таап калса, кыргыз футболунун алдыдагы ийгиликтерине мындан да кеңири жол ачылмак деген пикирин ортого салды:

Элан Абдыкеримов.
Элан Абдыкеримов.

«Семетей Султанов күчтүү менежер экенин далилдеди. Аны менен мыкты команда иштеди. Семетей Султановго чейин деле бир топ менежерлер болду, бирок ийгиликке жетүүдө анын салымы чоң экенин танбайбыз. Мен Футбол федерациясынын кадамын түшүнбөй турам. Эмнеге АФКнын вице-президенттигине анын талапкерлигин алып коюшту? Султанов мыкты топ-менежер болгондуктан, эл аралык деңгээлде да өзүн көрсөтүп, кыргыз футболунун өнүгүшүнө салым кошмок. Бул үчүн анда дымак да, тажрыйба да жетиштүү эле».

6-апрелде Малайзияда АФКнын президенти, вице-президенти жана аткаруу комитетинин мүчөлөрү тандалды. 29-шайлоо конгрессине чөлкөмдөгү мамлекеттердин ассоциациялары катышып, конфедерациянын президенттигине Бахрейнден Шейх Салман ибн Ибрагим Ал-Халафа кайра шайланды. Вице-президенттери болуп Катар, Иран, Пакистан, Мьянма жана Монголия сунуш кылган талапкерлер тандалды. Шайлоого Кыргызстандын Футбол федерациясынын азыркы президенти Канатбек Маматов, вице-президент Дастанбек Конокбаев жана баш катчы Медербек Сыдыков катышты.

Расмий маалыматка караганда АФКнын аткаруу комитетинин кийинки конгрессине Кыргызстандан бир аял мүчө болуп барышы ыктымал. Ал маселе быйыл каралат. АФКдагы беш зонанын бири болуп саналган Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Ооганстан жана Иран бул маселени карап, талапкер көрсөтүлөт.

Баянды бул жерден угуңуз:

Семетей Султановдун талапкерлиги талкуу жаратты
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:32 0:00
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG