Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:56

Кыргыз спорту багындырган бийиктик


Алдыңкы катарда солдоң оңго карай: Каныкей Кубанычбек кызы, Айсулуу Тыныбекова, Бекдөөлөт Расулбеков, Акжол Махмудов, Айпери Медет кызы жана Мээрим Жуманазарова. Олимпиадачыларга сыйлык тапшыруу аземинде. 23-август, 2021-ж.
Алдыңкы катарда солдоң оңго карай: Каныкей Кубанычбек кызы, Айсулуу Тыныбекова, Бекдөөлөт Расулбеков, Акжол Махмудов, Айпери Медет кызы жана Мээрим Жуманазарова. Олимпиадачыларга сыйлык тапшыруу аземинде. 23-август, 2021-ж.

Коронавирус пандемиясынан улам бир жылга артка жылдырылган Токио Олимпиадасы – 2021-жылдын негизги спорттук иш-чарасы болду. Ал эгемендүү Кыргызстандын спорт тарыхындагы эң ийгиликтүү Олимпиада болуп калды.

Эгемендигинин 30 жылдыгын белгилеп, бир жагынан саясий окуялар курчуп, экономикалык оорчулуктан жүдөп турган өлкө үчүн кыргыз спортчулары жараткан ийгилик элге дем берип, чоң майрам тартуулады. Ошол эле маалда кыргыз спортунун көпчүлүк тармагындагы көйгөйлөр мурдагыдай эле кала берүүдө. 2021-жылдагы кыргыз спортундагы негизги окуяларга сереп салабыз.

Катаал шартта өткөн Олимпиада

Коронавирус пандемиясынан улам үзгүлтүккө учурап, бир жылга кечиккен Токиодогу Олимп оюндары катаал шартта өттү. Анткени вирустун таасири уюштуруучуларды да, Олимпиада өткөн өлкөнүн калкын да катуу кабатырланткан. Эл аралык Олимпиада комитетинин башчысы Томас Бах “бул спорттук иш-чара коронавирус пандемиясы учурунда дүйнөгө үмүт алып келди” дегени да бекеринен эмес.

Олимпиада - пандемия башталгандан берки бир жарым жыл ичинде бүтүндөй дүйнөнүн спортчуларын чогулткан биринчи масштабдуу иш-чара эле.

“Учактан түшкөндө эле бардык делегация мүчөлөрүн текшерүүдөн өткөрүштү. Анкеталык маалыматтарды дагы алышты. Андан тышкары биздин вакцина алганыбыз боюнча сертификаттарыбызды көрдү. Мурда Бишкектен тапшырган ПЧР тесттин баарын тактап, өздөрү да анализ алып, ошондон кийин гана Олимпиада айылына жайгаштырды. Ал жерде болсо баарыбыз беткап кийип жүрөбүз. Жогоруда айткандай, күн сайын шилекейибизди анализге тапшырып жатабыз. Ошонун жыйынтыгы жакшы болгондо, инфекция жок экени аныкталганда гана Олимпиада айылына кайра жиберип жатат. Мелдештерге барып жатабыз. Мен болсо кыргызстандык спортчулардын машыгуу залдарына чейин барып, кабар алып жатам. Башка мелдештерге дагы барганга аракет кылып көрдүм”,-деп сүрөттөгөн эле Токиого барган кыргызстандык делегациянын пресс-атташеси Кабыл Макеш.

Он үч жыл күттүргөн оомат

Олимпиада оюндарына кыргызстандык 16 спортчу катышты. Негизинен курамдын көпчүлүгүн эркектер арасында грек-рим, эркин күрөштөн жана кыз-келиндер күрөшүнөн барган балбандар түздү. Жеңил атлетикадан эки, ок атуу, сууда сүзүү жана оор атлетикадан бирден спортчу барды.

Каныкей Кубанычбекова.
Каныкей Кубанычбекова.

Олимпиада парадында Кыргызстандын желегин көтөргөн Каныкей Кубанычбекова өлкөнүн эгемендүү тарыхында ок атуудан катышкан алгачкы спортчу кыз.

2008-жылы Бээжинде өткөн Олимпиададан бери кыргызстандык спортчулар ийгилик жарата албай келген. Токио оюндарында кыргызстандык олимпиадачылар эки күмүш, бир коло медалга ээ болду.

Кыргызстанга алгачкы медалды кыз-келиндер күрөшүнөн Мээрим Жуманазарова алып келди.

Олимпиаданын экинчи медалын – күмүш медалды грек-рим күрөшүнөн 77 килограмм салмакта күрөшкөн Акжол Махмудов утту. Алтын медалга бир кадам жетпей калганы албетте, спортчунун өзүн да, күйөрмандарын да ызалантты.

22 жаштагы Акжол Махмудов финалдык беттештен кийин “Азаттыктын” казак кызматынын журналисти Руслан Меделбекке алгачкы сезимдери тууралуу айтып берген эле.

“Экинчи болуп калдым, өзүм ойлогондой күрөшө алган жокмун. Эмнеге жөндөмдүү экенимди да көрсөтө алган жокмун. Финалда бир аз алаксып, өзүмдү колго ала алган жокмун. Утулуп калганыма бир аз маанайым чөгүп турат. Финалдан кийин президентибиз Садыр Нургожоевич телефондон куттуктап чалды. Мен үчүн бул чоң сыймык. Президент өзү чалып куттуктаганы менин жашоомдо биринчи ирет болуп жатат”, - деген Акжол.

Күйөрмандар Олимпиада алтынын үмүт кылган спортчулардын бири кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограмм салмакта күрөшкөн Айсулуу Тыныбекова күмүш медал алды. Спортчу муну оор кабыл алганы менен күрөрмандар “алтынга тете күмүш” деп ага алкыш айтып алкап турду.

Кыргызстандык олимпиадачылар өлкөсүнө кайтып келгенде миңдеген күйөрмандар аба майданынан тосуп алып, башкалаа Бишкектин негизги аянтында президент катышкан чоң иш-чара өттү.

Айсулуу Тыныбекова Олимпиада оюндарынан кийин “Азаттык” радиосуна келип кеңири маек куруп, адегенде алтын албай калганына катуу өкүнүп, бирок элдин колдоосун көргөндөн кийин жеңилдеп калганын айткан эле.

Айсулуу: Мен бакытты спорттон таптым
please wait

No media source currently available

0:00 0:33:49 0:00

Паралимпиада

Токиодо өткөн XVI Паралимпиада оюндарына дагы эки спортчу жеңил атлетчи Арстанбек Базаркулов менен дзюдочу Хайитхон Хусан кызы катышып келди.

Кыргыз улуттук паралимпиадалык комитетинин башкы катчысы Саламат Бекбоев “Азаттыкка” маегинде паралимпиадалык спорттун айрым гана түрлөрүнө басым жасалып, жакшы өнүкпөй жатканын белгилеген.

“Буга чейин параспорт эч жакка жылган эмес. Болгону оор атлетика тармагын (пауэрлифтинг) эле өнүктүрүп туруп алышты. Дагы жакшы айрым демөөрчүлөр бар экен. Ошолордун колдоосу менен кээ бир спорт өнүгүп жатат”.

Дүйнөнүн мыкты балбандары

Кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасы үчүн 2021-жыл өтө ийгиликтүү жыл болду. Дүйнөлүк күрөш уюму беш мыкты улуттук курама команданын катарына Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасын киргизди. Азиянын күрөш уюмунун тандоосу менен кыз-келиндер күрөшүнөн кыргызстандык Айсулуу Тыныбекова "Азиянын мыкты балбаны" деп табылды.

Олимпиададан кийин Норвегиянын Осло шаарында өткөн күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында кыргызстандык балбандар тарых жаратты.

Дүйнө чемпионатында кыз-келиндер күрөшүнөн Мээрим Жуманазарова менен Айсулуу Тыныбекова алтын медал утту. Айпери Медет кызы коло медал утту.

2011-2016-жылдары кыз-келиндер күрөшү боюнча федерациянын президенти болгон Асеин Төрөгелдиев күрөштүн бул түрү Кыргызстанда жандана баштаган жылдары балбан кыздарды түшүнбөгөндөр көп болгонун айтты.

“2010-жылга чейин күрөшөм деген кыргыз кыздар жок болчу. Алар кийин эле башка спорттон келе башташты. Башында бизди “эркектердин күрөшүндө эле жүрбөйсүңөрбү” деп сын айткандар көп болгон. Туура эмес көз караштарга карабай иштей бердик. Биз аларга кыз-келиндерден чемпион эрте чыгарын, анткени аялзаты эмгекчил, чыдамкай болорун айтып калчубуз. Бирок убакыттын өтүшү менен балбан кыздар Олимпиадада, Дүйнө чемпионатында байге аларына эч ким ишенчү эмес. Бизде гана үмүт бар болчу”.

Ослодо жазылган тарых

2021-жылдын октябрь айында Ослодогу Дүйнө чемпионатында кыргыз балбандары 2 алтын, 2 күмүш, 2 коло байгеге ээ болушту.

Кыз-келиндер күрөшүнөн:

  • Айсулуу Тыныбекова (62 кг.) менен Мээрим Жуманазарова (68 кг.) алтын;
  • Айпери Медет кызы (76 кг.) коло;
  • Эркин күрөштөн Эрназар Акматалиев (70 кг.) күмүш, Алибек Осмонов (65 кг.) коло;
  • Грек-рим күрөшүнөн Жоламан Шаршенбеков (60 кг.) күмүш байгеге ээ болушту.

Бул мелдештен бир ай өткөндөн кийин Эрназар Акматалиев (эркин күрөш, 70 кг.) менен Айпери Медет кызы (кыз-келиндер күрөшү, 76 кг.) 23 жашка чейинкилер арасында Дүйнө чемпионатында да күч сынашып, алтын байгеге ээ болушту.

Бул дүйнө биринчилигинде эркин күрөштөн Бекболот Мырзаназар уулу күмүш (57 кг.) байге алды.

Дүйнө чемпионатына чейин, август айында кыз-келиндер күрөшү боюнча Жаштар арасында өткөн Дүйнө чемпионаты тууралуу да айта кетели.

Балбан кыздардын экинчи мууну - Калмира Билимбек кызы (55 кг.) күмүш байге алса, Сезим Жуманазарова (57 кг.) коло байгеге ээ болду.

"Ушу катарынан келген ийгиликтер дүйнөлүк спорт адистеринин көңүлүн бурду", - деди Дене тарбия жана спорт мамлекеттик академиясынын ректору, эркин күрөш боюнча эл аралык даражадагы калыс Саитдин Азизбаев.

"2008-жылы биздин кыздар менен Украинага турнирге бардык. Ал кезде башкы машыктыруучу Токсонбай Асанов агабыз эле. Ал мелдеште биздин кыздардын бүт баары утулуп калган. Ошондо биздин кыздар дагы келечекте утат болуш керек, бирок ушундай мелдештерден тажрыйба алыш керек деп үмүттөнгөнбүз. Ошол үмүтүбүз кудай колдоп акталып жатат. Кыргызстандын балбан кыздарына эң күчтүү делген Орусия, Украина, Жапония өңдүү курама командалардын өкүлдөрү 10:0 деген көрсөткүч менен жеңилип жатат. Демек, бүгүнкү күндө биздин машыктыруу методикабыз дүйнөдөгү алдыңкы методикага кирет. Дүйнөлүк деңгээлдеги калыстар дагы, машыктыруучулар дагы биздин Кыргызстандын методикасына кызыгууда".

Күрөш – Кыргызстандагы башка спорттун түрлөрүнө салыштырмалуу каражат көп бөлүнгөн спорттун түрү. Кыргызстан эгемендик алгандан кийин Олимпиадада жалпы жети медал утса, анын алтоо балбандардын эмгеги.

Ошол эле кезде спорт тармагындагы эксперттер башка түрлөргө дагы көңүл буруу зарылдыгын айтууда. Спорт баяндамачы Кубан Атабеков Кыргызстандагы командалык спортту дагы өнүктүрүү керек деген пикири менен бөлүштү.

"Кыргызстандык балбандар дүйнөгө өзүн жакшы тааныта алды. Буга чейин бөлүнгөн каражаттардын, эмгектин жемиши келе баштады. Өзгөчө балбан кыздар дараметтерин көрсөтүп койду. Бирок азыркы тапта "Кыргызстан күрөш державасына айланды" деп айтууга эрте. Анткени Ослодогу Дүйнө чемпионаты Токиодогу Олимп оюндарынан кийин өтүп жаткан турнир экенин унутпайлы. Олимпиададан кийинки турнирге күчтүү спортчулар толук келбейт. Кээ бир өлкөлөрдө муун алмашат, спортчулардын даярдыгы жакшы болбойт. Ошол эле учурда бир гана күрөштү эмес, командалык спортту дагы өнүктүрүүгө мезгил келди. Бизде спорттун башка түрлөрү унутулуп бара жатат".

Спорттун күрөш түрүндө “көшөгө артында” көпчүлүккө билинбеген бир катар маселелер бар. Бул тууралуу Кыргызстандын эркин күрөш боюнча эмгек сиңирген машыктыруучусу Дүйшөн Жуманазаров “Азаттыкка” курган маегинде айткан эле.

Чемпион кыздарды таптаган Дүйшөн агай
please wait

No media source currently available

0:00 0:19:11 0:00

Кыргыз спорту жалгыз эле күрөш эмес

Бул жолку Олимпиадага Кыргызстан бокс боюнча лицензия алган жок. Башка эл аралык мелдештерде деле ийгилик жарата алышпады. Октябрь айында бокс боюнча курама команданын башкы машыктыруучусу кызматтан кетүүгө арыз жазганы бул тармактагы көйгөйлөрдү күн тартибине чыгарды.

Андан сырткары бокс боюнча курама команданын үч машыктыруучусу бир учурда кетери айтылган. Айрым маалымат каражаттары "каржылоо токтогондон улам" деп өз булактарына таянып жазып чыккан.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар иштери боюнча министрлиги муну четке кагып, башкы машыктыруучу өзү арыз бергенин тактаган. Кийин алар ордунда эле калганы белгилүү болду. Спорттун олимпиадалык түрү боюнча дирекциянын башчысы Нурлан Исмаилов бардык машыктыруучулар олимпиадалык цикл боюнча төрт жылда бир кайра дайындалат деген эле.

Ошол кезде федерациянын вице-президенти, “Кыргызалтын" ишканасынын жетекчиси Умбеталы Кыдыралиев бокс тармагын өнүктүрүү үчүн каржы керек экенин билдирген.

“Кеп федерацияда эмес. Федерация деген коомдук бирикме, коомдук башталгычтагы иш. Азыр бир аз өйдө-ылдый болуп жатат. Кудай буюрса бул маселе чечилет. Буюрса, боксту эл аралык деңгээлге чыгарабыз”, - деген Кыдыралиев.

Анткен менен профессионалдык бокс боюнча эл аралык мелдештерде ийгилик жараткан мушкер Алмазбек Райымкулов спорттун бул түрүнө демөөрчүлөрдү тартуу жеңил жана мамлекеттен бөлүнгөн акчага жакшы жыйынтык көрсөтсө болот деп эсептейт. Райымкулов бокс тармагынын жетекчилерин кескин сындаган.

“Акча өкмөттөн, ишкерлерден келет. Сүйлөшүп, аракет кылса "спортту көтөрөлү" деп салым кошкону демөөрчүлөр келет. Бирок, алардын кошкон салымы спортчуларга жетпей калып жатат. Калмурзаев, Кыдыралиев, Назаров жана башкалары бар, бокс өнүгөт. Буларды бетине айта берип душманга айландым”.

Оор атлетика

Кыргызстанда спортчулар көбүрөөк ийгилик жараткан тармактардын бири - оор атлетика. Бирок акыркы учурда адистер оор атлетика союздан калган базасын жоготуп алганын сындап келишет. Маселен, спорт журналисти Самат Жумакадыров “бул спорттун түрүн эл аралык деңгээлге чыгарган саналуу гана машыктыруучу калганын, ошого карабай Азия турнирлеринде кыргызстандык оор атлетчилер медалдарга илинип жүргөнүн” айтканы бар.

Токио Олимпиадасында оор атлетчи Бекдөөлөт Расулбеков байгелүү орунга илине албаганы менен жакшы көрсөткүчтөргө жетишти. Ал алтынчы орунду алып, кийин дүйнө чемпионатында түртүп көтөрүүдө күмүш байгеге ээ болду.

Оор атлетика боюнча СССРдин эмгек сиңирген машыктыруучусу, эл аралык даражадагы калыс Өмүржан Молдодосов оор атлетчилердин көрсөткүчтөрү жакшырыш үчүн зарыл болгон жагдайларды санады.

- Олимпиададан байге алып, элибизди сүйүнтсөк жакшы болот эле. Ага катуу даярданганбыз. Мээнетибиз кайтып, өзүңөр көргөндөй 6-орунду алды. 216 килограмм салмакты түртүп бара жатып, шашып кетип бутун жыйнай албай калды. Ал ишке ашса, 2-орунду алып, Олимп оюндарынын күмүш байгесине ээ болмокпуз. Быйыл башкы даярдык Азия оюндарына болот. 46 мамлекет катышкан ири эл аралык мелдешке катуу даярдык көрүү керек. Ага кошумча Ислам оюндары жана Дүйнө чемпионаты бар. Азия чемпионаты болбойт. Башка спорттун түрлөрүнөн Азия чемпионаттары болсо оор атлетикада андай жок. Балдар бир күндө 150-200 тоннаны көтөрөт. Бекдөөлөт менен кошо байге алууга башкы талапкерлердин бири Рио-де-Жанейродо коло байге алган Изат Артыков болчу. Бир аз жаракат алып калды. Анан Эмил Молдодосов жаш, келечегинен көптү үмүттөндүргөн, жаштар арасында Азия чемпионатынын коло байгесинин ээси болгон спортчу бар. Анан 2024-жылы Парижде өтө турган Олимпиадага катышып, медал алып калат деп үмүттөнүп турган 4-5 бала бар. Негизинен балдар көп. Биз витаминдештирүүдөн артта калып жатабыз. Кандай, кайсы витаминди бериш керектигин билбейбиз? Күнүгө 200 тоннаны көтөрүп жатса, ал баланы калыбына келтирүү керек да. Ошондой методикалар болсо, жакшы көрсөткүчтөрдү көрсөтөт беле деген үмүттөбүз.

- Жакында эле Допингге каршы улуттук борбор түзүлүп, Улуттук Олимпиада комитетине мүчөлүккө катталды. УОК, Допингге каршы борбор тарабынан кайсы препараттар зыян, тыюу салынган деген окуулар өтүп турабы?

- Эми алар тыюу салынган препараттарды айтышат. Ал эми спортчуларды эмне менен калыбына келтириш керек экенин билишибиз керек да. Ал үчүн лабораториябыз жок. Мисалы, коңшу Казакстан, Өзбекстанда бар. Бүдөмүк эле даярдап жатабыз. Ошол үчүн ызы-чуудан алыс бололу деп витамин деле бербейбиз. Жапония, Түштүк Корея, Америкадай калыбына келтирүүчү витаминдерди берсек, мындан дагы жакшы көрсөткүчтөрдү камсыздайт элек. Жок дегенде көрсөткүч жакшырып, 5-10 килограмм көбүрөөк көтөрөт элек. Чемпион болуш үчүн бир килограмм роль ойнойт. Кечээ эле Дүйнө чемпионатында бир килограмм кошуп туруп ирандык спортчу Дүйнө чемпиону болду.

- Жалпы өлкө боюнча машыгуу жайлары кандай?

- Токтогулда жергиликтүү спорт мектебинин базасында машыгуу залы бар. Кажы-Сайга Канат деген жигит өзүнүн эсебинен жайкы база куруп берген. Анан Бишкекте шаардык спорт мектебинде улуттук курама команда машыгат. Бишкекте андан башка машыгуу залы жок. Ал жакта шарты жакшы, жылуу.

Кыргыз футболуна 100 жыл

Жыл аягында кыргыз футболунун 100 жылдыгы белгиленди. Президент Садыр Жапаров Бишкекте заманбап стадион куруларын жарыялады.

10-декабрда кыргыз футболунун 100 жылдык мааракеси салтанаттуу белгиленди. Кыргызстанда биринчи футбол оюну 1921-жылы Пишпек (азыркы Бишкек) шаарынын жана Верный (азыркы Алматы) шаарынын командаларынын ортосунда болгон. Кыргызстандын "Алга“ командасы СССР чемпионатында биринчи жана экинчи лигада ойногон.

Учурда Кыргызстандын премьер-лигасында сегиз команда бар.

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы 2018-жылы Азия Кубогуна жолдомо алып, ФИФАнын рейтингинде 75-орунга көтөрүлгөн. Бул кыргыз футболунун тарыхындагы эң жогорку көрсөткүч болуп калды.

Кыргызстанда командалык спорт, анын ичинде футбол жакшы өнүгүп кете албай жүрөт. Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, футболго мамиле өзгөрүүсүз кала бергенине капаланган эле.

“Шарттар мурда кандай болсо ошондой, өзгөрүү жок. “Абдыш-Атанын” дурус базасы бар. Анан дурус дегидей шарт “Дордойдо”, болду анан... 20 жыл мурда ушундай болчу. Өлкө, башка жактардан эч кандай өзгөрүү болбоду. Кымбат баалуу легионерди алып келиштиби? Жок. Сырттан мыкты машыктыруучулар келдиби? Кыргызстан футболуна жаңы бир нерселерди алып келиштиби? Жок! Спорттун максаты – мыктыларды тандоо”.

Жыл жыйынтыгы

Дүйнөдө спортчуларды мелдештен мелдешке даярдап, кайра калыбына келтирүү үчүн замабап технология жана ыкмалар тездик менен өнүгүүдө. Бирок кыргызстандык спортчулар мындан кыйла эле артта калган. Спорт адистери мындай көрүнүш каржылоого байланыштуу экенин айтып келишет.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар иштери министрлигинин алдындагы Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Канат Шабданбаев соңку эки жылдан бери бөлүнгөн каражат тууралуу маалымат берип, 2022-жылга кошумча каражат сурап жатышканын айтты:

Канат Шабданбаев.
Канат Шабданбаев.

- 2021-жыл спорт тармагы үчүн ийгиликтүү жыл болду десек жаңылышпайбыз. Анткени Токио шаарында өткөн жайкы Олимпиадада Айсулуу Тыныбекова менен Акжол Махмудов күмүш, Мээрим Жуманазарова коло байге алды. Бул ийгиликке далил. Аталган жетишкендиктер мамлекетибиздин эгемендик алгандан берки кыргыз мамлекетибиздин спорт тармагындагы болуп көрбөгөндөй жетишкендик болуп саналат. Андан сырткары ата мекендик спортчулардын эл аралык аренада Азия чемпионатында, Дүйнө чемпионаттарында, ири эл аралык мелдештерде Кыргызстандын туусун желбиретип, гимнибизди жаңыртып, кыргыз элине спорттук майрам тартуулашты десек жаңылбайбыз. Ошондой эле Эдуард Кубатов Эверестти багындырды. Ысык-Көлдү Владислав Шулико сүзүп өттү.

Спорт тармагында тарыхый жылдардан болду десек туура болот го. Ошондой эле көптөгөн ийгиликтер болду. Булар спорт тармагында сыймыктануу менен айта турган жаңылыктар. 2021-жыл биз үчүн аябагандай түшүмдүү жылдардан болду.

- Албетте, ийгиликтер жакшы. Бирок, спорт тармагында толтура көйгөйлөр айтылып келет эмеспи. Жыл жыйынтыгына анализ кыла алдыңарбы?

- Быйыл Олимпиададан кийин көптөгөн жаштар, кыздар мотивация алып, чемпиондорду көрүп машыгабыз, биз дагы күрөшөбүз дегендер көп болуп жатат. Бүгүнкү күндө кыз-келиндер күрөшү үчүн зал салынганы жатат. Бизге караштуу "Жаштык" деген дирекция бар. Ошол жерден жер каралып, бөлүнүп берилди. 2022-жылы бюджеттен акча каралып, зал салынганы жатат. Ага долбоорлору даяр болду. Кыз-келиндер үчүн бардык талаптарга жооп берген жаңы спорт зал салынат.

Биздин иштегенибизге бир жыл болуп калды. 2019-жылы бизге бөлүнгөн бюджет 1 млрд. сомдон ашкан экен. 2020-жылы пандемияга байланыштуу кыскартылып, 900 млн. тегерегинде каралыптыр. 2022-жылга дагы ошол сумма бекиди. Жогоруда сиз айтып өткөндөй, массалык спортту өнүктүрүү үчүн "Мектеп лигасын" иштеп чыкканбыз. Бул программа дагы иштеп жатат, жаңы кирди. Ошондуктан биз кошумча каражат сураганбыз. 2022-жылга кошумча каражат берилсе, жаңы программаларга, олимпиадалык, олимпиадалык эмес, спорттун улуттук түрлөрүнө дагы кошумча акча бөлүнөт.

- "Мектеп лигасын" ачуу зарылдыгы эмнеден улам пайда болду?

- Мектеп лигасын ачууга 2020-жылдагы коронавирус пандемиясы себепкер болду. Технологиянын өнүккөнүнө байланыштуу көптөгөн адамдар кыймылсыз, көпчүлүгүбүз гаджетте, телефон кармап калбадыкпы. Айыл жеринде дагы кыймыл жок. Биз мурун бала кезде ойноп жүргөн стадиондорго чөп өсүп, колдонулбай калган. Биз ошол инфраструктураны да эске алуу менен спорттун үч түрүнөн "Мектеп лигасы" деп программа иштеп чыктык.

Мелдештер чоң футбол, баскетбол анан волейболдон өтөт. Бул үч спорттун түрүнө көптөгөн каражат талап кылынбайт. Бардык региондордо шарт бар экен. Ошого байланыштуу үч спорттун түрүнөн баштадык. Быйыл окуу жылы башталгандан тарта ойнолуп баштады. Финалдык оюндар май айында борборубузда өтөт. Мунун келечеги аябай жакшы. Үч спорттун түрүнөн 1800 команда ойноп баштады. Жалпы оюнчулардын саны 25 миңден ашык. Кыргызстандын бардык аймактарынан командалар катышты.Келерки жылы дагы катышуучулардын саны көбөйөт.

- 2022-жылы Азия оюндары, андан сырткары бир нече ири эл аралык мелдештер бар. Буга чейин спорт жетекчилиги артыкчылыкка ээ болгон спорт түрлөрүн аныктап, каржылоонун негизги бөлүгүн ошол тармакка сарптоо демилгесин көтөрүп келген эмеспи. Алдыдагы жылда бул багытта кандай болот? Буга чейинки артыкчылык берилген тармактар мурдагы боюнча кала береби же өзгөртүү киреби?

- Спорттун 13 түрү приоритеттүү деп кирген экен. Бул Олимпиадада жыйынтык көрсөттү. Туура система коюлган десек болот. Бүгүнкү күндө дагы приоритеттүү спорттун түрлөрү каралып жатат жана ошондой эле эл аралык мелдештерде жакшы жыйынтык көрсөткөн, келечектен үмүттөндүрүп, Олимпиадага жолдомо алат, Олимпиададан байге болот деген спорттун түрлөрүнө өзгөчө көңүл бурулат.

- Улуттук Олимпиада комитети быйылкы жылы Кышкы Олимпиадага катышкан спортчуларга берилчү стипендияны көбөйтүп, 1500 доллардан стипендия берерин убада кылды. Мамлекеттик стипендияларды да көбөйтүү маселеси алдыда каралып калышы мүмкүнбү?

- Стипендиялар бүгүнкү күндө жакшы эле каралыптыр. Алды 75 миң сомго чейин стипендия алышат. Олимпиада байгесинин ээлеринин өмүр бою ала турган стипендиялары бар. Олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиевдин стипендиясы бүгүнкү күндө 25 миң сом. Күмүш медалдын ээлери Канат Бегалиев, Акжол Махмудов, Айсулуу Тыныбекованыкы 20 миң сомдон. Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов жана Мээрим Жуманазарова бүгүнкү күндө мелдештерге катышып жүрүшкөндүктөн 75 миң сомдон берилет. Булар эгер спорттук карьерасын жыйынтыктаса, жогоруда айткандай алтын медал үчүн 25 миң сом, күмүш байге үчүн 20 миң сом, коло байге үчүн 15 миң сом өмүр бою алышат.

Бүгүнкү күндө биз иштеп чыгып, жогору жакка спортчулар үчүн премияларды берүүнү сунуштап жатабыз. Азия оюндары, Дүйнө чемпионаты өңдүү ири эл аралык мелдештерде байге алгандарга премия берүүнү сунуштаганы турабыз.

Кышкы Олимп оюндарына жолдомо

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандык лыжачы Максим Гордеев Кытайда өтө турчу XXIV Кышкы Олимпиада оюндарына жолдомо алды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Спортчуга олимпиадалык жолдомо лыжа спортунун слалом түрүнөн квота иретинде берилген.

Максим Гордеев 26 жашта. Лыжа спорту боюнча Кыргызстандын чемпиону. Ал 2022-жылы Бээжинде өтө турчу Кышкы Олимп оюндарына жолдомого ээ болгон биринчи кыргыз спортчусу болуп калды.

XXIV Кышкы Олимп оюндары 2022-жылы Кытайдын борбор калаасы Бээжинде 4-20-февраль аралыгында өтөт.

2021-жылдын соңунда Кыргызстандын Улуттук Олимпиада комитетинин президенти Шаршенбек Абдыкеримов саламаттыгына байланыштуу иштен кетип, ордуна Садыр Мамытов шайланды. Ал мурда Ат спорту федерациясын жетектеген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG