Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:57

Балбан кыздардын багын ачкан күрөш мектеби


Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова
Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова

Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында кыргызстандык балбан кыздар тарых жаратты. Алардын ийгилиги күрөш дүйнөсүн таң калтырып турат. Анткени Ослого кыргызстандык үч кыз барып, үчөө тең байгелүү кайтышты.

Айсулуу эжедей чемпион болом”

Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан Дүйнө чемпионатындагы балбан кыздардын жеңиши 9 жаштагы Жасминаны аябай таасирлентти. Таластын Көк-Сай айылында жашаган кичинекей спортчу 1-класстан бери күрөшкө катышып, азыр өзү теңдүү балдардын көбүн жыгат. Буга чейин Жасминанын Таластагы Кара-Кочкор жайлоосунда күрөшүп жаткан видеосу интернетке чыгып, балбан кыз менен Айсулуу Тыныбекова өзү байланышка чыккан. Ошондон бери Жасминанын чемпион болом деген максаты ого бетер күчөдү.

9 жаштагы Жасмина Арзыбаева өзү теңдүү балдардын көбүн жыгат.
9 жаштагы Жасмина Арзыбаева өзү теңдүү балдардын көбүн жыгат.

Анын атасы Улан Турдубаев менен байланышканыбызда Жасмина айылдагы машыгуу залына жөнөп жаткан экен.

“Жасмина кичинекей кезинен эле күрөшкө кызыгып жүрчү. Мектепке бара баштаганда инимдин баласы күрөш залына алып барыптыр. Ошондон бери эле машыгып жүрөт. Ал айылдагы балдар менен күрөшүп машыгат. Мен билгенден бир тобун жыгып коет. Кыздан жыгылып калганына чычалагандар дагы бар. Өткөндө бир чоң мелдештен экинчи орунду утуп алган. Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы Дүйнө чемпионатында жеңишке жеткенден кийин кубанычы койнуна батпай калды. “Мен дагы чемпион болом” деп атат. Биз кызыбыздын күрөшкө катышканына каршы эмеспиз. Ар дайым колдойбуз”.

Улан Турдубаевдин эки кыз, бир уулу бар. Ал Жасминаны бой тартса, Бишкек шаарына жөнөтүүнү пландап жатат. Анткени борбор калаанын машыктыруучулары мыкты, машыгуу залдарынынын шарттары жакшы экенин түшүнүп турат. Мындан тышкары айылда күчтүү атаандаштык жок.

Ослодо кыздар жазган тарых

Ослодо Дүйнө чемпионаты Токиодогу Олимпиададан кийинки алгачкы ири турнир болуп калды. Ага Айсулуу Тыныбекова олимп оюндарынын күмүш медалынын ээси, мелдештин фаворити катары барды. Анын үстүнө учурда Айсулуунун жашы, спорттук тажрыйбасы да төп келип турат.

Айсулуу менен чогуу мелдешкен Мээрим Жуманазарова менен Айпери Медет кызы да барган. Дүйнөнүн күрөш коому 22 жаштагы эки кызды Токиодогу олимп оюндары учурунда жакшы таанып калган эле. Анда Мээрим коло байгени утуп алган болчу.

Айсулуу Тыныбекова Дүйнө чемпионатын эки жолу утуп алды.
Айсулуу Тыныбекова Дүйнө чемпионатын эки жолу утуп алды.

Айсулуу Тыныбекова эгемен Кыргызстандын тарыхында күрөш боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону (2019-ж. Нур-Султан, 2021-ж. Осло) болгон алгачкы спортчу. Анын финалдан кийинки алгачкы сөзү мындай болду:

“Дүйнөнүн эки жолку чемпиону болуу менен мен өзүмө-өзүм далилдедим. Буга чейин дүйнөнүн бир чемпиону бар болчу, (Кыргызстанда - ред.) ал мен элем. Бүгүн дүйнөнүн эки жолку чемпиону болдум, бул мени абдан кубандырат. Олимпиада оюндарынан кийин толук кандуу даярдана алган жокмун. Бирок ушундай даярдык менен жеңишти камсыздоо мен үчүн сыймык”, - деди Тыныбекова.

Айсулуунун ийгилигин Мээрим Жуманазарова дагы кайталап, финалда Рин Мияжини далысын килемге басып, мөөнөтүнөн мурда жеңип алды. Айпери Медет кызы болсо Дүйнө чемпионатынын коло байгесин утту. Ошентип Ослого барган үч кыздын үчөө тең байгелүү болду. Алар кыргыз спортунун тарыхын жазды.

Кыздардын ийгилиги эмнеде?

Кыргызстандын кыз-келиндер күрөш мектеби соңку алты-жети жылда жаңы деңгээлге чыкты. Балбан кыздар барган жеринен байгелүү келе баштады. Айсулуу Тыныбекова баштаган топтун артында Калмира Билимбек кызы, Сезим Жуманазарова сыяктуу кыздар келе жатат. Экөө жайында жаштар арасындагы Дүйнө чемпионатында күмүш жана коло уткан. Демек алдыда ири турнирлерде күрөшө турган кыздардын жаңы мууну келатат.

Профессор Кыяс Молдокасымов кыздардын ийгилигинин бир сырын элдин тарыхы менен түшүндүрдү.

Кыяс Молдокасымов
Кыяс Молдокасымов

“Тарыхта кыргыз аялдары эркектер менен чогуу согушка аттанып, керектүү жерден жоо тоскон. Алардан ушундай жол менен эркектерди намысына келтирген. Арасында Жаңыл Мырза сыяктуу көзгө атаар мергендер да болгон. Маселен, Кыз Сайкал Манаска кыр көрсөтүп, аттан оодара сайып кое жаздаган да. Мындай учурлар аябай көп. Андыктан бүгүнкү ийгиликтерди тарыхтын уландысы катары көрсө болот. Бирок буга чейин кыздарыбыздын мүмкүнчүлүктөрүн туура пайдаланбай келгенбиз. Менин оюмча бул башталышы”.

Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшүн жалпы Кыргызстанга таанытса, чыйыр жолду Яна Панова салган. Азия чемпионатынын күмүш медалын төрт, коло медалын беш жолу утуп алган. Элзат Сарыгул кызы, Мехринисо Нурматова баштаган кыздарды да айта кетүү керек. Ал учурда кыз-келиндер күрөшүнө азыркыдай колдоо болгон эмес. Анкени “күрөш - кыздардын спорту эмес” деген түшүнүк күчтүү эле.

Машыктыруучулар коомдогу стереотип, түзүлгөн шартка байланыштуу күрөштөн кетип калган кыздар көп болгонун айтышат. Мисалы, Казакстандын атынан ири эл аралык мелдештерде байге алган Жылдыз Эшимова кыргызстандык. Ал коңшу өлкөнү тандоого ал кездеги кыргыз спортундагы кырдаал түрткү болгонун айткан жайы бар.

Дүйнөлүк күрөш уюмунун 1-даражадагы калысы, Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын ректору Саитдин Азизбаев балбан кыздардын ийгилигинин сыры саяпкердин колунда дейт.

Саитдин Азизбаев
Саитдин Азизбаев

"2008-жылы биздин кыздар менен Украинага турнирге бардык. Ал кезде башкы машыктыруучу Токсонбай Асанов агабыз эле. Ал мелдеште биздин кыздардын бүт баары утулуп калган. Ошондо биздин кыздар дагы келечекте утат болуш керек, бирок ушундай мелдештерден тажрыйба алыш керек деп үмүттөнгөнбүз. Ошол үмүтүбүз кудай колдоп акталып жатат. Кыргызстандын балбан кыздарына эң күчтүү делген Орусия, Украина, Жапония өңдүү курама командалардын өкүлдөрү 10:0 деген көрсөткүч менен жеңилип жатат. Демек, бүгүнкү күндө биздин машыктыруу методикабыз дүйнөдөгү алдыңкы методикага кирет. Дүйнөлүк деңгээлдеги калыстар дагы, машыктыруучулар дагы биздин Кыргызстандын методикасына кызыгууда".

2010-жылдан кийин абал өзгөрүп, кыз-келиндер күрөшү спорттун артыкчылыктуу түрүнө кирген. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин маалыматына караганда, кыз-келиндер күрөшүнө:

  • 2019-жылы 10 млн. 840 миң сом;
  • 2020-жылы 7 млн. 161 миң сом;
  • Быйыл 12 млн. 232 миң сом бөлүнгөн. Мындан тышкары күрөшкө каражат бөлгөн жарандар дагы көбөйдү.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы директору, грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу Алмаз Касенов спортту аймактарда күчтөнтүү керектигин айтат.

Алмаз Касенов
Алмаз Касенов

“Бул комплекстүү, өзүнчө стратегиялык план менен кете турган иш. Балдардын, өспүрүмдөрдүн спорт мектептери бар. Алардан тарбиялангандарды спорт интернаттарына берип, мындай мекемелердин да санын көбөйтүшүбүз керек. Анткени Олимпиадалык резервдеги бир гана спорт интернатыбыз Бишкекте бар. Ал жакка балдарды алыш кыйын. Эмне үчүн дегенде атаандаштык күч болуп жатат. Ошол үчүн Таласта, Ошто же Жалал-Абадда дагы эки-үч спорт интернатын ачып койсок таланттуу балдарды, кыздарды тапканга чоң түрткү берет”.

Күрөш – Кыргызстандагы башка спорттун түрлөрүнө салыштырмалуу каражат көп бөлүнгөн спорттун түрү. Ошол эле учурда Олимпиадада кыргызстандык спортчулар утуп алган жети медалдын алтоо балбандардын эмгеги. Күрөштүн ийгиликтүү болуп жатышынын дагы бир себеби бар. Анткени айылдарда башка спорттун түрү менен машыгууга шарт жок. Эгерде мүмкүнчүлүк түзүлгөндө башка спорт боюнча дагы чемпиондор чыгат беле?

“Чоң максатка жетүүдө эч нерседен коркпогула”

Кыз-келиндер күрөшүндө жүргөн машыктыруучулар белгилегендей, коомдогу стереотип, турмуш шартына байланыштуу күрөштү таштап салган кыздар көп болгон. Өзгөчө айылда кыздар күрөшкө барыш оңой эмес. Балбан кыздардын Дүйнө чемпионатындагы жеңишине бүткүл кыргызстандыктар сүйүнүп турган жок. Социалдык тармактарда “кыздар үйгө отуруш керек” деген пикирлер да бар. Андай посттордун алдында кызуу талкуу жүрүп жатат.

Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызы бир гана атаандаштарын эмес, коомдогу стереотиптерди да жеңип чыккандай.

Мээрим Жуманазарова алтын алган беттештен кийин жеткинчек кыздарга мындай деп кайрылган:

“Чоң максаттарды коюп, ага жеткиле. Эч нерседен коркпогула. Мүмкүн эмес деген нерсе жок”, - деди Жуманазарова.

Мээрим Жуманазарова менен машыктыруучусу Нурбек Изабеков финалдык беттештен кийин.
Мээрим Жуманазарова менен машыктыруучусу Нурбек Изабеков финалдык беттештен кийин.

Үч балбан кыздын алдыдагы максаты - Парижде өтө турган жайкы олимп оюндары. Алар үч жылдан кийин тарыхты кайрадан жаңырткысы келет. Кыргызстан эгемендик алгандан бери Олимпиадага 179 спортчу жиберип, бирок азырынча алтын алган спортчусу чыга элек.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG