Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Октябрь, 2022 жекшемби, Бишкек убактысы 19:24

Күрөш: Ослодо кыздар жазган тарых


Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова жана Айсулуу Тыныбекова

Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында кыргызстандык балбандар тарых жаратууда. Өзгөчө балбан кыздардын ийгилигин спорт сүйүүчүлөрү баалап жатышат.

Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограмм салмакта кыргызстандык Мээрим Жуманазарова алтын медал утту.

Ал 7-октябрда финалда жапониялык Рин Мияжини 1-айлампада далысын килемге басып, мөөнөтүнөн мурда жеңип алды. Мээрим Жуманазарова Кыргызстандын тарыхында күрөш боюнча Дүйнө чемпионатын утуп алган экинчи спортчу. Буга чейин мындай бийиктикти Айсулуу Тыныбекова гана багындырган.

Мээрим Жуманазарованын мелдештен кийинки кыскача маеги Дүйнөлүк күрөш уюмунун социалдык тармактардагы баракчаларына жайгаштырылды. Анда Жуманазарова жаш кыздарга кайрылып, “чоң максатка жетүүдө эч нерседен коркпогула” деди.

“Финалдагы атаандашым менен 2019-жылы жаштар арасындагы Азия чемпионатында кездешкем. Бүгүн экинчи жолу күрөштүк. Чемпион болгонума бактылуу болуп турам. Чоң максаттарды алдыга коюп, ага жеткиле. Эч нерседен коркпогула. Мүмкүн эмес нерсе жок. Машыктыруучумдун жардамысыз мындай бийиктиктерди багынтуу мүмкүн эмес эле. Биздин машыктыруучулар эң мыкты жана күчтүү”, - деди Жуманазарова.

Айсулуу Тыныбекова эгемен Кыргызстандын тарыхында Күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын финалында эки жолу күрөшүп, эки жолу тең жеңишке жеткен алгачкы спортчу болуп калды. Ошондой эле спорттун олимпиадалык түрлөрүнөн дүйнө чемпионатында алтын байге алган алгачкы спортчу.

Буга чейин эки гана спортчу - Канатбек Бегалиев (2006-жыл, Гуанчжоу) менен Жоламан Шаршенбеков (2018-жыл, Будапешт) грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатынын финалына чыгып утулуп калган.

Айсулуу Тыныбекова Дүйнөлүк Күрөш уюмунун YouTube каналына жарыяланган маегинде эки жолу дүйнө чемпиону болуу менен өзүнүн жана өлкөсүнүн жаңы тарыхын жазып жатканын белгилеген.

“Дүйнөнүн эки жолку чемпиону болуу менен мен өзүмө-өзүм далилдедим. Буга чейин дүйнөнүн бир чемпиону бар болчу, (Кыргызстанда-ред.) ал мен элем. Бүгүн дүйнөнүн эки жолку чемпиону болдум, бул мени абдан кубандырат. Олимпиада оюндарынан кийин толук кандуу даярдана алган жокмун. Бирок ушундай даярдык менен жеңишти камсыздоо мен үчүн сыймык”, - деди Тыныбекова.

Айсулуу Дүйнөлүк Күрөш уюмунун 62 килограмм салмактагы рейтингдин сап башында турат. Мээрим Жуманазарова болсо өз салмагындагы (68 кг) экинчи балбан кыз болуп калды.

Ал эми 76 килограмм салмакта күрөшкөн Айпери Медет кызы коло байгенин ээси болду. Ал 6-октябрда 3-орун үчүн беттеште украиналык Анастасия Шустованы 12:1 эсебинде мөөнөтүнөн мурда таза жеңген.


Ал эми Эрназар Акматалиев эркин күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынын финалына чыккан алгачкы кыргызстандык.

Ал чечүүчү беттеште польшалык Магомедмурад Гаджиев менен күрөшүп, бир упай айырма менен 1:2 эсебинде жеңилип калды. Ошондой эле балбан Алибек Осмонов бул чемпионатта коло байгеге ээ болду. Эки балбандын, өзгөчө Эрназардын ийгилиги Кыргызстандын эркин күрөшүнө дем бергендей болду. Акыркы жолу Дүйнө чемпионатынан эркин күрөш балбаны Эламан Догдурбек уулу (2016-жыл, Будапешт) коло медал тагынган. Андан бери көзгө толумдуу күрөш көрсөткөн балбан болбой келген. Өзгөчө Эрназардын акыркы секундага чейин күрөшкөнү көпчүлүктү ыраазы кылып жатат.

Эрназар Акматалиев
Эрназар Акматалиев

Ошентип 8-октябрга карата кыргызстандык балбандар күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынан беш медал алды. Буга чейин кыргызстандык балбандар Дүйнө чемпионатынан бирден ашык медал уткан учур болгон эмес.

Олимпиадачылар ассоциациасынын президенти Шаршен Касенов балбан кыздардын багынта турган ийгиликтери алдыда экенин айтты.

Шаршен Касенов
Шаршен Касенов

“Айсулуу башка кыз-келиндерге жол көрсөтүп берди. Калганы артынан келе жатат. Бирок бул алардын эң жогорку жетишкендиги эмес. Балбан кыздар Париждеги Олимп оюндарында көргүлүктү көрсөтөт. Мына Жапонияны карагыла, 17-18 жаштагы кыздары күрөшүп жүрөт. Бизде дагы ушундай кыздар бар. Кыз-келиндер күрөшүнүн мектеби калыптанды деп айтсак болот. Жакшы адистер пайда болуп, машыктыруучулар бышып жетилди. Бул жерде машыктыруучулардын эмгеги ат көтөргүс”.

Август айында жаштар арасындагы Дүйнө чемпионатында кыргызстандык балбан кыздар Калмира Билимбек кызы күмүш, Сезим Жуманазарова коло байгени утуп алган. Ал Мээрим Жуманазарованын бир тууганы.

Кыргызстанда кыз-келиндер күрөшү кантип калыптанган?

Буга чейин кыз-келиндер күрөшү боюнча ири турнирлерде, Олимп оюндарында Айсулуу Тыныбекова гана күрөшүп келсе, азыр килемге чыккан балбан кыздардын катары калыңдады. Жогоруда айтылгандай Ослодогу Дүйнө чемпионатына үч кыз барып, үчөө тең куру кол кайткан жок.

Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшүн жалпы Кыргызстанга таанытса, балбан кыздардын ичинен алгачкы ийгиликтерди 2000-жылдардан кийин күрөшкөн Яна Панова, Элзат Сарыгул кызы, Мехринисо Нурматова баштаган бир топ кыздар алып келген. Яна Панова Азия чемпионатынын күмүш медалын төрт, коло медалын беш жолу утуп алган. Панова Жапониянын кыз келиндерине атаандаштык көрсөтө албай, финалдык беттештерде жеңилип келген. Ал учурда кыз-келиндер күрөшүнө азыркыдай колдоо болгон эмес.

Тарых илимдеринин кандидаты, Дүйнөлүк күрөш уюмунун 1-даражадагы калысы, Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын ректору Саитдин Азизбаев кыз-келиндер күрөшү басып өткөн жол оор, түйшүктүү болгонун айтып берди.

Саитдин Азизбаев
Саитдин Азизбаев

"Кыздар күрөшү 2000-жылдары жаңы деңгээлге чыккан да. Азия чемпионаттарына кийинчерээк чыга баштады. 2008-жылы биздин кыздар менен Украинага турнирге бардык. Ал кезде башкы машыктыруучу Токсонбай Асанов агабыз эле. Ал мелдеште биздин кыздардын бүт баары утулуп калган. Ошондо биздин кыздар дагы келечекте утат болуш керек, бирок ушундай мелдештерден тажрыйба алыш керек деп үмүттөнгөнбүз. Ошол үмүтүбүз кудай колдоп акталып жатат. Кыргызстандын балбан кыздарына эң күчтүү делген Орусия, Украина, Жапония өңдүү курама командалардын өкүлдөрү 10:0 деген көрсөткүч менен жеңилип жатат. Демек, бүгүнкү күндө биздин машыктыруу методикабыз дүйнөдөгү алдыңкы методикага кирет. Дүйнөлүк деңгээлдеги калыстар дагы, машыктыруучулар дагы биздин Кыргызстандын методикасына кызыгууда".

Казакстандын атынан ири эл аралык мелдештерде байге алган Жылдыз Эшимованын теги кыргызстандык экени интернеттеги ачык булактарда жазылып жүрөт.

Бул маалыматты кыргызстандык спорт адистери да тастыктайт. Казакстандын sports.kz интернет басылмасына курган маегинде Жылдыз Эшимова Таласта чоңоюп, кийин Казакстандын жарандыгын алганын, коңшу өлкөнү тандоого ал кездеги кыргыз спортундагы кырдаал түрткү болгонун айтып берген экен.

Рио-2016 олимп оюндары учурунда тартылган сүрөт. Жапониялык Эри Тосака менен Казакстандын атынан күрөшкөн Жылдыз Эшимова
Рио-2016 олимп оюндары учурунда тартылган сүрөт. Жапониялык Эри Тосака менен Казакстандын атынан күрөшкөн Жылдыз Эшимова

Эшимова 2007-жылдагы Азия чемпиону. Казакстандын атынан Дүйнө чемпионатынан күмүш (2008-жыл, Токио), коло ( 2011-жыл, Стамбул) байгелерди алган. 2018-жылга чейин Азия чемпионатынын күмүш жана коло байгелерин бир нече жолун алган. 2018-жылы 30 жашында Азия оюндарынын күмүш байгесин алган.

2011-2016-жылдары кыз-келиндер күрөшү боюнча федерациянын президенти болгон Асеин Төрөгелдиев күрөштүн бул түрү Кыргызстанда жандана баштаган жылдары балбан кыздарды түшүнбөгөндөр көп болгонун айтты.

Асеин Төрөгелдиев
Асеин Төрөгелдиев

“2010-жылга чейин күрөшөм деген кыргыз кыздар жок болчу. Алар кийин эле башка спорттон келе башташты. Башында бизди “эркектердин күрөшүндө эле жүрбөйсүңөрбү” деп сын айткандар көп болгон. Туура эмес көз караштарга карабай иштей бердик. Биз аларга кыз-келиндерден чемпион эрте чыгарын, анткени аялзаты эмгекчил, чыдамкай болорун айтып калчубуз. Бирок убакыттын өтүшү менен балбан кыздар Олимпиадада, Дүйнө чемпионатында байге аларына эч ким ишенчү эмес. Бизде гана үмүт бар болчу”.

Күрөш - Кыргызстандагы көп көңүл бурулган спорт

Күрөш – Кыргызстандагы башка спорттун түрлөрүнө салыштырмалуу каражат көп бөлүнгөн спорттун түрү. Ошол эле учурда Олимпиадада кыргызстандык спортчулар утуп алган жети медалдын алтоо балбандардын эмгеги.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин маалыматына караганда, кыз-келиндер күрөшүнө 2019-жылы 10 млн. 840 миң сом, 2020-жылы 7 млн. 161 миң сом, быйыл болсо 12 млн. 232 миң сом бөлүнгөн.

Грек-рим күрөшүнө 2019-жылы 16 млн. 758 миң сом, 2020-жылы 11 млн. 646 миң сом, быйылкы жылга 18 млн. 658 миң сом каралган.

Эркин күрөшкө 2019-жылы 13 млн. 470 миң сом, былтыр 7 млн. 546 миң сом бөлүнсө, 2021-жылы бул сумма 15 млн. 969 миң сомго жетти.

Спорт баяндамачы Кубан Атабеков Кыргызстандагы командалык спортту дагы өнүктүрүү керек деген пикирди карманып турат.

Кубан Атабеков
Кубан Атабеков

"Кыргызстандык балбандар дүйнөгө өзүн жакшы тааныта алды. Буга чейин бөлүнгөн каражаттардын, эмгектин жемиши келе баштады. Өзгөчө балбан кыздар дараметтерин көрсөтүп койду. Бирок азыркы тапта "Кыргызстан күрөш державасына айланды" деп айтууга эрте. Анткени Ослодогу Дүйнө чемпионаты Токиодогу Олимп оюндарынан кийин өтүп жаткан турнир экенин унутпайлы. Олимпиададан кийинки турнирге күчтүү спортчулар толук келбейт. Кээ бир өлкөлөрдө муун алмашат, спортчулардын даярдыгы жакшы болбойт. Ошол эле учурда бир гана күрөштү эмес, командалык спортту дагы өнүктүрүүгө мезгил келди. Бизде спорттун башка түрлөрү унутулуп бара жатат".

2008-жылы Бээжинде өткөн жайкы Олимп оюндарында грек-рим күрөшүнөн күмүш медал тагынган балбан Канатбек Бегалиев кыргыз күрөшү дүйнөгө таанылганын айтып, эми дагы өнүктүрүш керек деп эсептейт.

Канатбек Бегалиев
Канатбек Бегалиев

“Дүйнө биздин балбандар менен эсептеше баштады. Дагы өнүгүш үчүн биздин балбандар эч нерсеге муктаж болбой, машыгууну жана эс алууну ойлонушу керек. Олимп оюндарында медал тагынгандарга сый акы берилип жатат. Эми Дүйнө чемпионатында жакшы күрөшкөндөргө дагы стимул жаратыш керек. Азыр биздин спортчулардын 80% ар кандай жумуштарда иштейт. Мындан тышкары машыктыруучулар унутта калбашы керек. Өзгөчө айылдагы адистерге көңүл бурсак”.

Кыргызстандын спорт тарыхында 1994-жылдан бери кыргыз балбандары күрөш боюнча Дүйнө биринчилигинде 10 медал тагынса, 7-октябрга карата Норвегиянын Осло шаарындагы турнирге барган 15 балбандын жетөө күрөшүп, бешөө байгелүү орунга илинди.

Кыргызстандык балбандардын күрөш боюнча Дүйнө чемпионатындагы ийгиликтери. Маалымат 8-октябрга карата жасалды.
Кыргызстандык балбандардын күрөш боюнча Дүйнө чемпионатындагы ийгиликтери. Маалымат 8-октябрга карата жасалды.

7-октябрда грек-рим күрөшүнөн байге үчүн Сардар Конушбаев (55 кг), Руслан Царев (72 кг), Кайрат Түгөлбаев (77 кг) жана Калидин Асыкеев (82 кг) күрөштү.

Калидин Асыкеев менен Кайрат Түгөлбаев биринчи беттештеринде азербайжандык балбандарга жеңилсе, Сардарбек Конушбаев менен Руслан Царев биринчи беттештерин утуп, кийин чейрек финалдан өтө албай калышты. 8-октябрда дүйнө чемпионатында 60 кг, 97 кг жана 130 килограмм салмакта байгелер ойнотулат. 60 килограмм салмакта Дүйнө чемпионатынын күмүш байгесинин ээси (2018-жыл), 2020-жылдагы Дүйнө кубогун уткан Жоламан Шаршенбеков, 97 килограмм салмакта Бексултан Махмудов күрөшөт.

Ал эми 9-октябрда Калы Сулайманов (63 кг) жана Марлен Асикеев (67) килемге чыгат. 2-октябрда Новрегиянын Осло шаарында башталган Күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты 10-октябрда аяктайт.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG