Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:27

"Мекендештерим менден алтын күткөн"


Айсулуу Тыныбекова, Токио Олимпиадасынын күмүш медалын алды.
Айсулуу Тыныбекова, Токио Олимпиадасынын күмүш медалын алды.

Токиодо өтүп жаткан жайкы Олимп оюндарында кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограмм салмакта күмүш байге алды.

Ал финалда жапониялык Юкако Каваи менен беттешип, бир упай айырма менен (3:4) жеңилди. Тыныбекова Олимп оюндарында күмүш байге алган үчүнчү кыргызстандык. Ал эми кыз-келиндер арасында Олимпиаданын күмүш байгесин алган эгемен Кыргызстандын тарыхындагы алгачкы спортчу.

Чечүүчү беттештен кийин “Азаттыктын” казак кызматынын кабарчысы Руслан Меделбек таймаштын жыйынтыгы тууралуу Айсулуу Тыныбекованы кепке тартты.

- Айсулуу, Олимпиаданын жыйынтыгын чыгарсаңыз? Кантсе дагы бул Олимпиаданын күмүш байгеси. Сиз көп машыгып, көп убакыт сарптадыңыз.

- Жалпысынан мен жана менин командам, машыктыруучум менен абдан жакшы даярданганбыз. Техникалык жактан, бардык тараптан жакшы даярдандык. Машыктыруучум мени Олимпиада оюндарына абдан мыкты даярдап келген. Токиодо мен өзүмдү абдан жакшы сезип жаттым. Бүгүн машыктыруучумдун алты мүнөткө берген көрсөтмөлөрүн толук аткара алган жокмун.

Бүгүнкү жыйынтык мени канааттандырган жок. Машыктыруучум, менин командам, бир эле менин командам эле эмес, бүт Кыргызстан, дүйнөнүн булуң-бурчунда жашаган бардык кыргызстандыктар менден алтын медалды күтүшкөн. Биз баарыбыз буга даяр болчубуз. Бирок Кудайдын буйругу менен мага күмүш байге тийди. Мен буга баш ийишим керек.

- Алдыдагы пландарыңыз кандай?

- Ар бир Олимпиада оюндарынан кийин мен өзүмө өтө чоң пландарды коём. Бирок алар кандай ишке ашаарын азыр айта албайм. Бразилияда өткөн Олимпиада оюндарында мен олимпиаданын медалын алгандан кийин өзүмдүн жеке жашоомду жолго коём деп максат кылгам. Бирок мен анда коло, күмүш, алтын дагы алган эмесмин. Ошондо мен кыргызстандыктарга кийинки Олимпиада оюндарына максатыма жетип, пландарымды аткарам деп убада бергем. Бирок, ушул тапта эч нерсе жөнүндө ойлонгум келген жок.

- Кыргыз элине эмне айтасыз. Анткени, Олимп оюндарында Кыргызстан үчүн кыз-келиндер күрөшүнөн алгачкы күмүш байге алдыңыз.

- Ооба, бул кыз-келиндер күрөшүнөн алгачкы күмүш байге. Бирок, мен алтын алгым келген. Мен беш жыл бою күн сайын машыгууга убактымды арнап, өзүмдү аяган эмесмин. Мен бардыгына рахмат айткым келет. Мага ишенген кыргызстандыктарга абдан ыраазымын. Акыркы мүнөттөргө чейин ар дайым колдоп турушту. Үмүттөнүп күтүштү. Мен колумдан келгендин бардыгын жасадым. Бирок, бүгүн мен алтын байге алып Кыргызстандын жаңы тарыхын жасай алган жокмун. Биздин командага күмүш байге буйруду. Буга биз ыраазы болушубуз керек.

- Финалда эмнелер аткарылбай калды? Сиз көбүрөөк чабуул жасадыңыз. Бирок, Каваи упай алды.

- Бул спорт. Биздин жашообуздун өзү күрөш. Килемге чыккан ар бир спортчу жеңишке жеткиси келет. Ар ким өзүнчө аябай күрөшөт. Мен дагы коюлган тапшырма менен күрөштүм. Күрөштө ушундай болуп калды. Демек, бүгүн жапониялык спортчу алтын медалга татыктуу.

Айсулуу элди бириктирди
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:51 0:00

  • 16x9 Image

    Руслан Меделбек

    Руслан Меделбек "Азаттыктын" казак кызматынын кабарчысы. Алматы бюросунда 2012-жылдан бери иштейт. Аль-Фараби университетинин эл аралык журналистика бөлүмүнүн бүтүрүүчүсү. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG