Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:31

Айсулуунун алтынга тете күмүшү

Жапониянын Токио шаарында өтүп жаткан Олимп оюндарында кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова күмүш медал алды. Ал кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограмм салмакта финалда жапониялык Юкако Каваиге 3:4 эсебинде жеңилди.

Тыныбекова Олимпиаданын финалында күрөшкөн кыргызстандык 3-спортчу болуп калды. Айсулуу бул Олимпиадага дүйнө чемпиону, дүйнөлүк рейтингде 1-орунду ээлеп, баш байгеге башкы талапкер фаворит катары барган.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG