Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:21

Айсулуу Олимпиаданын күмүш медалын утту

Айсулуу Тыныбекова менен жапониялык Юкако Каваи финалдагы беттеш.
Айсулуу Тыныбекова менен жапониялык Юкако Каваи финалдагы беттеш.

Жапониянын Токио шаарында өтүп жаткан Олимп оюндарында кыргызстандык Айсулуу Тыныбекова күмүш медалга ээ болду. Ал кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограмм салмакта финалда жапониялык Юкако Каваиге 3:4 эсебинде жеңилди.

Тыныбекова Олимпиаданын финалында күрөшкөн кыргызстандык 3-спортчу болуп калды. Айсулуу бул Олимпиадага дүйнө чемпиону, дүйнөлүк рейтингде 1-орунду ээлеп, баш байгеге башкы талапкер фаворит катары барган.

Айсулуу финалда жапониялык Юкако Каваиге 3:4 эсебинде жеңилди.
Айсулуу финалда жапониялык Юкако Каваиге 3:4 эсебинде жеңилди.

Ал 2019-жылы Нур-Султан шаарында дүйнө чемпиону болуп, жаңы тарых барагын ачкан. Ал спорттун Олимпиадалык түрлөрүнөн (29 спорт) Дүйнө чемпиону болгон алгачкы кыргызстандык.

Финалдык таймашка чейин Айсулуу Тыныбекова үч беттешинде атаандаштарын чоң айырма менен уткан. Алгач латвиялык Анастасия Григорьеваны 8:0 эсебинде жеңген. Чейрек финалда румыниялык Криста Тунде Инжени далысына басып, таза утту. Жарым финалда украиналык спортчу Ирина Коляденкону 10:0 эсебинде утуп финалга чыккан.

Айсулуу жарым финалда украиналык спортчу Ирина Коляденкону 10:0 эсебинде утуп финалга чыккан.
Айсулуу жарым финалда украиналык спортчу Ирина Коляденкону 10:0 эсебинде утуп финалга чыккан.

Айсулуу Юкако менен буга чейин үч жолу беттешип, эки жолу жеңишке жетип, бир жолу утулган.

Алгач 2019-жылы Азия чемпионатынын финалында (8:6), андан соң ошол эле жылы дүйнө чемпионатынын 1/8 финалында жеңген (3:3). Ал дүйнө чемпионатында Айсулуу дүйнө чемпиону болсо, Юкако коло байгени алган. Кийин 2020-жылдагы Азия чемпионатынын чейрек финалында экөө беттешип, жапониялык балбан кыз (6:1) жеңишке жеткен. Жапон кызы Азия чемпиону болуп, ал мелдеште Айсулуу коло медал тагынган эле.

Юкако Каваи 24 жашта. Олимп оюндарына алгачкы жолу катышты. Дүйнө чемпионатынын күмүш (Будапешт, 2018-ж., ), коло байгесинин ээси (Нур-Султан, 2019-ж.). 23 жашка чейинкилер арасында дүйнө чемпиону (2018-ж.). Азия чемпионатынын алтын (2020-ж.) жана күмүш байгесин (2019-ж.) уткан. Жапониянын эки жолку чемпиону. Рио Олимпиадасынын чемпиону Рисако Каваинин (57 кг.) сиңдиси.

Айсулуунун алтынга тете күмүшү

Токиодогу Олимп оюндарында Айсулуу Тыныбекова күмүш медаль алды.
1/12 Токиодогу Олимп оюндарында Айсулуу Тыныбекова күмүш медаль алды.
Жапониянын Токио шаарында өтүп жаткан Олимп оюндарында кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова күмүш медал алды. Ал кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограмм салмакта финалда жапониялык Юкако Каваиге 3:4 эсебинде жеңилди.
Олимпиада чемпиону Юкако Каваи, күмүш байге ээси Айсулуу Тыныбекова жана коло байге ээлери Ирина Кладиенко менен Тайбе Мустафа Юсеин.
2/12 Олимпиада чемпиону Юкако Каваи, күмүш байге ээси Айсулуу Тыныбекова жана коло байге ээлери Ирина Кладиенко менен Тайбе Мустафа Юсеин.
Жапониянын Токио шаарында өтүп жаткан Олимп оюндарында кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова күмүш медал алды. Ал кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограмм салмакта финалда жапониялык Юкако Каваиге 3:4 эсебинде жеңилди.
Айсулуу сыйлоо аземи учурунда көзүнө жаш алды. 
3/12 Айсулуу сыйлоо аземи учурунда көзүнө жаш алды. 
Жапониянын Токио шаарында өтүп жаткан Олимп оюндарында кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова күмүш медал алды. Ал кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограмм салмакта финалда жапониялык Юкако Каваиге 3:4 эсебинде жеңилди.
Тыныбекова менен Каваи алтын үчүн күрөшүүдө.
4/12 Тыныбекова менен Каваи алтын үчүн күрөшүүдө.
Жапониянын Токио шаарында өтүп жаткан Олимп оюндарында кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова күмүш медал алды. Ал кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограмм салмакта финалда жапониялык Юкако Каваиге 3:4 эсебинде жеңилди.
5/12
Жапониянын Токио шаарында өтүп жаткан Олимп оюндарында кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова күмүш медал алды. Ал кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограмм салмакта финалда жапониялык Юкако Каваиге 3:4 эсебинде жеңилди.
Айсулуу атаандашына 4:3 эсебинде утулду.
6/12 Айсулуу атаандашына 4:3 эсебинде утулду.
Жапониянын Токио шаарында өтүп жаткан Олимп оюндарында кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова күмүш медал алды. Ал кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограмм салмакта финалда жапониялык Юкако Каваиге 3:4 эсебинде жеңилди.
Тыныбекова Олимпиаданын финалында күрөшкөн кыргызстандык 3-спортчу болуп калды.
7/12 Тыныбекова Олимпиаданын финалында күрөшкөн кыргызстандык 3-спортчу болуп калды.
Жапониянын Токио шаарында өтүп жаткан Олимп оюндарында кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова күмүш медал алды. Ал кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограмм салмакта финалда жапониялык Юкако Каваиге 3:4 эсебинде жеңилди.
Финалдык таймашка чейинки беттештерде Айсулуу Тыныбекова атаандаштарын чоң айырма менен уткан. Алгач латвиялык Анастасия Григорьеваны 8:0 эсебинде жеңген. Чейрек финалда румыниялык Криста Тунде Инжени далысына басып, таза утту. Жарым финалда украиналык спортчу Ирина Коляденкону 10:0 эсебинде утуп, финалга чыккан.
8/12 Финалдык таймашка чейинки беттештерде Айсулуу Тыныбекова атаандаштарын чоң айырма менен уткан. Алгач латвиялык Анастасия Григорьеваны 8:0 эсебинде жеңген. Чейрек финалда румыниялык Криста Тунде Инжени далысына басып, таза утту. Жарым финалда украиналык спортчу Ирина Коляденкону 10:0 эсебинде утуп, финалга чыккан.
Жапониянын Токио шаарында өтүп жаткан Олимп оюндарында кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова күмүш медал алды. Ал кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограмм салмакта финалда жапониялык Юкако Каваиге 3:4 эсебинде жеңилди.
Айсулуу Юкако менен төртүнчү ирет беттешти. Ошентип балбандар бири-бирин эки иреттен жеңди.
9/12 Айсулуу Юкако менен төртүнчү ирет беттешти. Ошентип балбандар бири-бирин эки иреттен жеңди.
Жапониянын Токио шаарында өтүп жаткан Олимп оюндарында кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова күмүш медал алды. Ал кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограмм салмакта финалда жапониялык Юкако Каваиге 3:4 эсебинде жеңилди.
24 жаштагы Юкако Каваи Олимп оюндарына алгачкы жолу катышты. 
10/12 24 жаштагы Юкако Каваи Олимп оюндарына алгачкы жолу катышты. 
Жапониянын Токио шаарында өтүп жаткан Олимп оюндарында кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова күмүш медал алды. Ал кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограмм салмакта финалда жапониялык Юкако Каваиге 3:4 эсебинде жеңилди.
Айсулуу Тыныбекова учурда 28 жашта. Ал Олимп оюндарында кыз-келиндер арасында күмүш алган кыргызстандык алгачкы балбан.
11/12 Айсулуу Тыныбекова учурда 28 жашта. Ал Олимп оюндарында кыз-келиндер арасында күмүш алган кыргызстандык алгачкы балбан.
Жапониянын Токио шаарында өтүп жаткан Олимп оюндарында кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова күмүш медал алды. Ал кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограмм салмакта финалда жапониялык Юкако Каваиге 3:4 эсебинде жеңилди.
Айсулуу беттештен кийин.
12/12 Айсулуу беттештен кийин.
Жапониянын Токио шаарында өтүп жаткан Олимп оюндарында кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова күмүш медал алды. Ал кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограмм салмакта финалда жапониялык Юкако Каваиге 3:4 эсебинде жеңилди.
Артка
Алдыга

Айсулуу Тыныбекова 28 жашта. Олимп оюндарына быйыл 3-жолу катышты. 2010-жылдан баштап эл аралык мелдештерге катышып, алгач жаштар арасында Азия чемпионаттарынын байгесин алган. Кийин чоңдор арасында күчүн сынап баштап, 2012-жылы Лондон Олимпиадасына жолдомо алып, ал мелдеште 13-орунду ээлеген. Бир жылдан кийин Бүткүл Дүйнөлүк Универсиадага катышып коло байгени алды.

Олимпиадачылар Ассоциациасынын президенти Шаршен Касенов:

“Айсулуу канча жылдан бери даяр болчу. 2016-жылы Рио Олимпиадасында байгени кокустуктан берип койбодубу. Ал татыктуу болчу. 2013-жылы Дүйнөлүк Универсиадада байкагам. Бир жыл мурда Лондон Олимпиадасына катышканда жашыраак болчу. Олимпиаданы көргөн киши такшалат. Унвиверсиада такшалып жакшы күч сынашты. Рио Олимпиадасында байгени колдон түшүрүп алды. Анан көп ири мелдештерди утуп, мыкты экенин далилдеди. Азия чемпионатын бир нече жолу утуп, Парижде өткөн дүйнө чемпионатында коло байге алып анан Нур-Султанда Дүйнө чемпиону болуп эми Олимпиаданын алтын байгеси үчүн күрөшөт. Менин оюмча баары жакшы болот. Анткени айланасында жакшы команда топтолгон. Бир максатта, Олимпиаданын алтын байгесин алуу үчүн иштеп жатабыз деп жүрүшөт. Машыктыруучусу Нурбек Изабековду 9-10 жашынан бери билем. Жакшы команда түздү”.

Айсулуу Тыныбекова Азиянын төрт жолку чемпиону, эки жолу күмүш, бир жолу коло байгесин алган. Азия оюндарынын алтын жана коло медалынын ээси. Дүйнө чемпионатынын алтын жана коло медалын тагынган. Былтыр Сербиянын Белград шаарында өткөн дүйнө кубогунда жеңүүчү болду. Бир катар эл аралык мелдештердин байге ээси.

Рио Олимпиадасында жарым финалда орусиялык Валерия Кобловага, андан соң коло байге үчүн беттеште индиялык Сакши Маликке акыркы секундаларда жеңилип, 5-орунду алган. Лондон жана Рио-де-Жанейро шаарларында өткөн Олимп оюндарына Айсулуу кыргызстандык балбан кыздардан жалгыз катышса, бул жолу анын катарына Айпери Медет кызы жана Мээрим Жуманазарова кошулду. Токиодо Мээрим Жуманазарова кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограмм салмакта коло байге алып, эгемен Кыргызстандын тарыхында кыз-келиндер арасында байге алган алгачкы спортчу болуп калды.

Олимпиадага даярдоо дирекциясынын мурдагы директору Жоомарт Шамканов Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер арасында спортко жол башчы болгонун белгиледи.

“Айсулуу Кыргызстанда эң тажрыйбалуу спортчу деп айтсак болот. Себеби үчүнчү Олимпиадага катышып жатат. Ага чейин дүйнө чемпионатынан коло байге алып, 2019-жылы Нур-Султан шаарында дүйнө чемпиону болду. Ошондо Олимпиадага жолдомо алган. Өзүнүн эмгеги менен машыктыруучусу Нурбек агай экөө биргеликте, жалпы кыз-келиндер күрөшү федерациясынын, мамлекеттин жардамы менен рейтингде 1-орунда турат. Ошого байланыштуу биз ойлойбуз Айсулуу моралдык психологиялык жактан дагы, техника-тактика жактан дагы агайлар менне биргеликте катуу даярданып барды десек жаңылышпайбыз. Айсулуу болсо локомотив, кыз-келиндер арасында. Канчалаган кыз-келиндер спорт залга келе баштады. Бул Олимпиада оюндары чоң саясат болду да спорт жагынан. Анткени ар бир үй-бүлө ишене баштады, биздин балбандарыбыз Олимпиадада Кыргызстандын желегин желбиретип жатат деп. Кудай буюрса баары жакшы болот деген ойдобуз. Кичинекей Кыргызстанды эмне деген мамлекеттердин арасында биздин балбандарыбыз сүйүндүрүп жатат. Мындайча айтканда чоң жетишкендик - ата-энесиники, федерацияныкы, мамлекет тарабынан анан эң негизгиси машыктыруучулардыкы. Башкы машыктыруучу менен жеке машыктыруучунун өзүнүн иштери. Анан спортчунун өзүнүн Кыргызстандын желегин желбиретем, Кыргызстандын элин сүйүнтөм деген балдардын өзүнөн”.

Кыргыз спортунун жаңы барагын ачкан балбандар

22 жаштагы Акжол Махмудов эгемендүү Кыргызстандын тарыхындагы Олимп оюндарында экинчи күмүш байгени утту.
1/18 22 жаштагы Акжол Махмудов эгемендүү Кыргызстандын тарыхындагы Олимп оюндарында экинчи күмүш байгени утту.
Олимпиада грек-рим күрөшүнөн 77 килограмм салмакта медал уткан спортчулар: алтын медалды венгриялык Тамаш Лёринц, күмүштү кыргызстандык Акжол Махмудов, коло байгелерди жапониялык Шохей Якибу, азербайжандык Рафиг Хусейнов алышты.
2/18 Олимпиада грек-рим күрөшүнөн 77 килограмм салмакта медал уткан спортчулар: алтын медалды венгриялык Тамаш Лёринц, күмүштү кыргызстандык Акжол Махмудов, коло байгелерди жапониялык Шохей Якибу, азербайжандык Рафиг Хусейнов алышты.
Акжол Махмудов алтын байге үчүн айыгышкан кармашта Лондон Олимпиадасында күмүш байге уткан, 2019-жылдагы дүйнө чемпиону, Европанын төрт жолку чемпиону 34 жаштагы Тамаш Лёринцке бир упай айырмасы менен гана 1:2 эсебинде жеңилип калды.
3/18 Акжол Махмудов алтын байге үчүн айыгышкан кармашта Лондон Олимпиадасында күмүш байге уткан, 2019-жылдагы дүйнө чемпиону, Европанын төрт жолку чемпиону 34 жаштагы Тамаш Лёринцке бир упай айырмасы менен гана 1:2 эсебинде жеңилип калды.
“Экинчи болуп калдым, өзүм ойлогондой күрөшө алган жокмун. Эмнеге жөндөмдүү экенимди да көрсөтө албадым. Финалда бир аз алаксып, өзүмдү колго ала алган жокмун. Финал болобу, канчанчы беттеш болбосун утулуп калгандан кийин сезимдер канааттандырарлык боло албай жатат. Утулуп калганыма бир аз маанайым чөгүп турат”,- деди “Азаттыкка” Акжол Махмудов.
4/18 “Экинчи болуп калдым, өзүм ойлогондой күрөшө алган жокмун. Эмнеге жөндөмдүү экенимди да көрсөтө албадым. Финалда бир аз алаксып, өзүмдү колго ала алган жокмун. Финал болобу, канчанчы беттеш болбосун утулуп калгандан кийин сезимдер канааттандырарлык боло албай жатат. Утулуп калганыма бир аз маанайым чөгүп турат”,- деди “Азаттыкка” Акжол Махмудов.
Акжол Махмудов 2-августта финалдык таймашка чыкканга чейин төрт беттешти ийгиликтүү өткөрдү. Алгач тунистик Ламьед Маафини 11:0 эсеби менен уткан. Чейрек финалда азербайжандык Рафиг Хусейновду 9:1 эсеби менен жеңди. 
6/18 Акжол Махмудов 2-августта финалдык таймашка чыкканга чейин төрт беттешти ийгиликтүү өткөрдү. Алгач тунистик Ламьед Маафини 11:0 эсеби менен уткан. Чейрек финалда азербайжандык Рафиг Хусейновду 9:1 эсеби менен жеңди. 
Кыз-келиндер күрөшүнөн 22 жаштагы Мээрим Жуманазарова коло медал алды. Бул эгемен Кыргызстандын Олимпиада тарыхында кыз-келиндер арасындагы алгачкы медал.
7/18 Кыз-келиндер күрөшүнөн 22 жаштагы Мээрим Жуманазарова коло медал алды. Бул эгемен Кыргызстандын Олимпиада тарыхында кыз-келиндер арасындагы алгачкы медал.
Мээрим Жуманазарова кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограмм салмакта үчүнчү орун үчүн беттеште монголиялык Соронзонболдын Батцэцэгди 10:1 эсебинде далысын жерге тийгизип таза утту.
8/18 Мээрим Жуманазарова кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограмм салмакта үчүнчү орун үчүн беттеште монголиялык Соронзонболдын Батцэцэгди 10:1 эсебинде далысын жерге тийгизип таза утту.
Мээрим Жуманазарова жеңиштен кийин.
9/18 Мээрим Жуманазарова жеңиштен кийин.
Мээримдин байгеси эгемен Кыргызстандын Олимпиада тарыхында кыз-келиндер арасындагы алгачкы медал.
10/18 Мээримдин байгеси эгемен Кыргызстандын Олимпиада тарыхында кыз-келиндер арасындагы алгачкы медал.
Айсулуу Тыныбекова 3-августта кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограмм салмакта финалга чыкты.
11/18 Айсулуу Тыныбекова 3-августта кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограмм салмакта финалга чыкты.
Айсулуу жарым финалда украиналык спортчу Ирина Коляденкону 10:0 эсебинде утуп алды.
12/18 Айсулуу жарым финалда украиналык спортчу Ирина Коляденкону 10:0 эсебинде утуп алды.
Айсулуу Тыныбекова биринчи айлампада төрт упай алып алдыга чыккан. 2-айлампада дагы алты упай алып, мөөнөтүнөн мурда 10:0 эсебинде жеңишти камсыздады.
13/18 Айсулуу Тыныбекова биринчи айлампада төрт упай алып алдыга чыккан. 2-айлампада дагы алты упай алып, мөөнөтүнөн мурда 10:0 эсебинде жеңишти камсыздады.
<p>Айсулуу Кыргызстандын спорт тарыхында күрөш боюнча дүйнө чемпиондугун жеңген биринчи балбан.</p>
14/18

Айсулуу Кыргызстандын спорт тарыхында күрөш боюнча дүйнө чемпиондугун жеңген биринчи балбан.

Жапониялык Юкако Каваи - Айсулуунун финалдагы атаандашы.
15/18 Жапониялык Юкако Каваи - Айсулуунун финалдагы атаандашы.
Үзүр Жусупбеков грек-рим күрөшүнөн 97 килограмм салмакта жооткотуучу мелдеште финляндиялык Арви Мартин Совалайненге жеңилди.
16/18 Үзүр Жусупбеков грек-рим күрөшүнөн 97 килограмм салмакта жооткотуучу мелдеште финляндиялык Арви Мартин Совалайненге жеңилди.
Атабек Азизбеков коло байге үчүн жооткотуучу беттеште күчүн сынайт.
17/18 Атабек Азизбеков коло байге үчүн жооткотуучу беттеште күчүн сынайт.
Бишкектеги борбордук аянтта, бир катар шаарларда чоң экрандар орнотулуп, күйөрмандар кыргызстандык балбандарды сүрөөнгө алып турду.
18/18 Бишкектеги борбордук аянтта, бир катар шаарларда чоң экрандар орнотулуп, күйөрмандар кыргызстандык балбандарды сүрөөнгө алып турду.
Артка
Алдыга

Айсулуу Тыныбекова 2019-жылы дүйнө чемпиону болгондон кийин ушул кезге чейин Бүткүл дүйнөлүк күрөш уюмунун рейтингинде 1-орундан түшпөй келди. Былтыр коронавирус пандемиясынан улам эл аралык мелдештердин көбү өтпөй калган. Ага кошумча Олимп оюндары бир жыл артка жылдырылды. Тыныбекова алты айдан ашык созулган чектөөлөрдөн кийин гана ноябрь айында Польшада өткөн эл аралык мелдешке катышып, алтын байге алды. Мелдештен кийин “Азаттыкка” курган маегинде Олимпиада өтчү күндү чыдамсыздык менен күтүп жатканын айтып берген эле.

“Кимдир бирөө жаракат алып же кандайдыр бир булчуңдарын кокустатып алган болсо айыктырганга жакшы мүмкүнчүлүк болду. Бирок мага оор болду. Анткени 2020-жыл мен үчүн маанилүү жыл болчу. Ар бир спортчунун башкы тепкичтеги кыялы жана максаты Олимпиада оюндары. Бир жылга жылып кетти дегенде, Олимпиададан кийинки дагы пландар болот. Ошонун баары жылып кеткенде оор эле болот экен. Менин эң негизги максатым – Олимпиада оюндары. Кыргызстандыктарга сөз бергенден кийин, ар бир спортчунун кыялындагы башкы тепкичи Олимпиада оюндары болгондуктан биз абалга карабастан машыгууларды улантып, Олимпиадага даярдыкты уланта беребиз”.

Дал ушул мелдештен кийин Айсулуу декабрда Сербиянын борбору Белград шаарында өткөн Дүйнө кубогунда алтын байге утуп, андан соң 2021-жылы февраль айында Украинанын Киев шаарында өткөн эл аралык мелдеште жеңишти камсыздап, Олимпиадага даярдыгын бекемдеген.

  • 16x9 Image

    Эмилбек Чекиров

    2009-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин агрономия факультетин аяктаган. 2007-жылы УТРКнын алдындагы “ТВ Академия” эксперименталдык чыгармачылык борборунан оператор- режиссер курсун бүткөн.

Куржундар
XS
SM
MD
LG