Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:12

Акжол Махмудов Олимп оюндарынын күмүш байгесин алды


Акжол Махмудов жана Тамас Лоринц. 3-август, 2021-ж.
Акжол Махмудов жана Тамас Лоринц. 3-август, 2021-ж.

Токиодо өтүп жаткан Олимп оюндарында кыргызстандык балбан Акжол Махмудов грек-рим күрөшүнөн 77 килограмм салмакта финалда венгриялык Тамас Лоринцке жеңилип (1:2), күмүш байгенин ээси болду.

Акжол Махмудов финалдык таймашка чейин төрт беттеш өткөргөн. Алгач тунистик Ламьед Маафини 11:0 эсеби менен уткан. Чейрек финалда азербайжандык Рафиг Хусейновду 9:1 эсеби менен жеңген. Жарым финалда армениялык Карапет Чальянды 6:2 эсебинде уткан болчу.

Бул Токио Олимпиадасында Махмудовдон сырткары кыргызстандык спортчулардан Айсулуу Тыныбекова дагы финалда күрөшөт. Кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограмм салмакта Тыныбекова жарым финалда украиналык Ирина Коляденкону 10:0 эсебинде утту. Күрөштүн бул түрүнөн 68 килограмм салмакта Мээрим Жуманазарова коло байге үчүн күч сынашат.

Акжолдун күмүш байгеси Токио Олимпиадасында Кыргызстан үчүн алгачкы медал. Ал эми эгемен Кыргызстандын тарыхында Олимп оюндарындагы экинчи күмүш байге болуп калды. Буга чейин 2008-жылы күрөштүн дал ушул түрүнөн Канат Бегалиев 66 килограмм салмакта финалда жеңилип, 2-орунду ээлеген. Андан сырткары кыргызстандыктардын эсебинде Олимп оюндарынын тарыхында үч коло байге бар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG