Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 05:01

Шайыбызды оодарган шайлоолор


2020-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына болгон нааразылык элдик толкундоого айланып, арты бийлик ламашуу менен бүттү. Иллюстрациялык сүрөт.

"Азаттык" радиосунун "Эгемендикти эмне бекемдейт?" аттуу сынагына Максат Халиловдон келген материалды сунуштайбыз.

Шайлоо деген сөз бизге коммунисттерден калган мурас. Компартия көргөзгөн жалгыз талапкерди үн-сөзсүз шайлап берип келгенбиз. Айрым кыргыз тилчилер “шайлоо” деген терминдин ордуна “тандоо” десек бир кыйла туура болмок” деп дагы жүрүшөт. Чындыгында ошол КПССтен калган “шайламай” адат, “жайламай” жана “майламай” адатка айланды.

Эч кандай элдин тандоосу жок эле, олигарх-коррупционерлер же бай-манаптар көрсөткөн талапкерлер, шайлоонун бүт эрежелерин бузгандыктан Кыргызстанда үч жолу бийлик алмашты. Бул баш аламандык революциябы, же төңкөрүшбү? Карт тарых өз баасын берет. Факт. Ар бир бийлик алмашканда, саясий кризис курчуп, мамлекеттин кашыктап топтогон кадыр баркы, чөмүчтөп чачылды. Чет элдик эмес, атамекендик инвесторлор дагы кыргыз экономикасына тыйын киргизгиси келбей турган чак.

Мамлекеттер алма сыңары. Сыртынан эмес, ичинен чирий баштайт. Өлкөнүн дени сак болушу үчүн, ички саясат темирдей бекем болушу шарт. Көчмөн бабаларыбыз чагылгандай тездик менен түндүк көтөрүп, тентигендерди жыйнап, журт топтоп, далай жолу мамлекет кураган. Аттиладан, Чынгызхандан, Тамерландан калган дөөлөттү, тентек балдары так талашып жүрүшүп жер менен жексен кылышты. Тек гана осмондор Фатих Султан Мухамеддин жарлыгы менен мамлекеттин бүтүндүгү үчүн ашыкча болгон ханзадалардын көзүн тазалашкан. Натыйжада Осмон империясы дүйнөдө эң узун өкүмдарлык кылган империя болуп калды.

Азыр деле ошол так талашмай оюну, замандын талабына жараша шайлоо системасына өтүп кетти. Бийликтен куулганы, “сүттөн акмын” деп карганып чет жерден дубай салам айттырат. Бийликти басып алганы, ошол эле “сүттөн актар” баскан кетменди кайра эле тебелеп, шайлоону адилетсиз өткөрүп келе жатат.

Биздин саясатчылардын чоң кемчонтойлугу: кээ бирөөлөрү "Швейцария болууну" кыялданса, кээ бирлери "Малайзияны кууп жетүүнү" көздөйт. Жогорудагы элдердин дүйнөгө болгон көз карашы, менталитети кыргызга кайнаса каны кошулбайт. Европалыктардын бабалары эчак эле Рим империясында монархтын чексиз бийлигин чектеп, консулдарга өткөрүп берип, азыркы классикалык мамлектинин алгачкы пайдубалын түптөгөн. Бул еврошаблонду биздин саясатка кийгизгенде өзгөчө жапайы гибрид пайда болду. Добуш сатып алуу, кокту-колотко, уруу-урууга, улут-улутка бөлүнүү кадыресе көрүнүшкө айланды. Жыйынтыгы баарыбызга белгилүү. Иш билги, зирек, өз ишинде дасыккандар шайланбай, сабатсыздар, чайкоочулар, кримчөйрөлөр жогорку, жана жергиликтүү кеңештерди ээлеп алышты.

Көчмөндөрдүн коомунда Калыгул олуяга окшогон аксакалдардын орду эбегейсиз зор болгон. Хандар, бектер, бийлер дайыма акыл насаат алып турушкан. Капитализмди аттап, феодализмден заматта социализмге өткөнүбүзгө байланыштуу, аксакалдардын кадыр баркы СССРдин убагында деле жогору болчу. Айылдагы таарынышкан эрди-катынды эмес, касташкан душмандарды дагы элдештирчү.

Ошол аймактын тың чыкма, мыкты уул-кыздарын алдыга сүйрөп, шайлабай, батасын бекер берчү. Аттиң ай, ошондогу аксакалдар Союз менен кошо кеткендей. Алардын ордуна калыс сөзүн айтпай, "дежур чалдар" толуп алгандай. Шайлоонун шайтан оюндарына азыркы "дежур чалдар" түздөн-түз күнөөлүү. Мурдакы аксакалдардын ордуна Кремл менен коңшу өлкөлөр өздөрүнө дал келген талапкерлерге бата бермей болду.

Мына эгемендүү болгонубузга отуз жыл болду. 1945-жылы күлү асманга сапырылган Токио менен Берлин 1975-жылы адам тааныгыз болуп, алдыга чыккан. Экинчи дүйнөлүк согушта жеңилген немистер менен жапондорго салыштырмалуу СССР бизге эбегейсиз байлыктарды таштап кеткен. Эң негизгиси кат сабатыбызды жоюп кетти.

Бизге караганда, калкынын көпчүлүгү кат тааныбаган Африканын айрым өлкөлөрү жакшы жашаганын угуп, бооруң эзилет. Биздеги балээнин баары сабатсыз элитаны шайлоолор аркылуу шайлап алганыбызда.

“Акча берсе алгыла, тамак берсе жегиле, урнага киргенде өзүңөр каалаган талапкерди шайлагыла” деген Аскар Акаевдын ошол кездеги сөзү бала болсом дагы эсимде. Иосиф Сталиндин “Кадрлар баарын чечет” деген накыл сөзүн, ыраматылык Мелис Эшимканов “Кыргызстанда кадрлар баарын чачат” деп тамашага салган эле. Алдыга эмес, артка кетип, деградацияга учурап, итке минген кедей өлкөгө айландык. Дотациядан башы чыкпаган, донорлорсуз күнү өтпөгөн, кара жумушчу күчүн экспорттогон мамлекетке айландык.

Байкуш элим, кооз сүйлөгөн популисттердин ширин убадаларына ишенип, улам Ак үйдү өрттөйт. Артык кылабыз деп, тыртык кылдык. Орун алмашкан менен сумма өзгөрбөгөнүн түшүнбөдүк. Мындай кетиште, шайлоолор ызы-чуу тополоң менен өтө берсе, мамлекеттин бүтүндүгү сакталабы жокбу? Бүдөмүк суроо.

Иттин өлүгү Борбордук Шайлоо Комиссиясында (БШК). Кандай гана шайлоодо ыплас оюндар болсо дагы жогорку жактын буйругуна каршылыксыз “хоп” деп турат. БШК бийликтин фильтрине айланды. Ыңгайсыз талапкерлерди тазалап, кошоматчыларды топтогон.

БШКнын курамын Жогорку Кеңеш менен президент эмес, ошол шайлоого катышып жаткан партиялар, талапкер жана жарандык коом түптөгөндө гана БШК көз карандысыз боло алат. Албетте тап таза, тунук шайлоолор дүйнөдө болбойт, бул жаш баланын кыялы. Бир кыйла абалыбыз турукташмак. Утулган тарап, бүт дооматын бийликке эмес, БШКга жолдомок. Шайлоодогу бүт доо арыздарды бийликтин жогорку, ылдыйкы соттору эмес, БШКнын курамындагы юристтер териштирип чыгышы абзел. БШКдан тергөө иштери бийликтин сотторуна өтсө, баягы таз кейпибизди кийебиз.

Эң негизгиси добуш саткандарды жана сатып алгандарды кара тизмеге киргизип, өмүр бою шайлоого жакын жолотпоо керек.

Максат Халилов.

P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG