Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Сентябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 21:42

Өлкөнү ач айкырык менен сүйө албайсың


Иллюстрациялык сүрөт.

"Азаттык" радиосунун "Эгемендикти эмне бекемдейт?" аттуу сынагына Гүлзат Бектемирден келген материалды сунуштайбыз.

Бала кезимде чоң энем “Ысык-Көл тууралуу уламыш”, “Кожожаш мерген”, “Билерман кыз”, “Ырыс алды ынтымак” деген сыяктуу жомокторду күндө кайталап айтып берчү. Аны уккандан мен да тажачу эмесмин. Кийин өз ата-энемдин “Ой, ал кезде кумшекердин килосу 1 сом болчу”, “10 сомго борборго барып ойноп келчүбүз” деген өңдүү “жомокторун” уга баштадык. Ошентип чоңойдум...

Эс тарта баштаганы анда санда майрамдарда айылыбыздын эли уруу-урууга бөлүнүп алып белгилешерин көрүп калдым. Ошол кездерде биз үчүн бөлүнүүнүн эң чоң түрү ошол эле болуп сезилчү. Биз чоңойдук. Биз менен бирге эгемен өлкөмдөгү бөлүнүүнүн түрү дагы чоңойду, көбөйдү. Алар менен кошо “эгемендүүлүк” деген улуу сөз дагы чоң жомокко, уламышка айланып калбайбы деген коркунуч чоңойду.

Айылдаштарым уруу-уруу болуп бөлүнөрүн шайлоо өткөндө да байкап калып жүрдүм.

-Атаң биз айткан адамды колдобой койду! - деп дүкөнчү эже мага карызга кумшекер бербей койгону да эсимде.

Көрсө, башталышы ушул экен. Анан күчөдү. Бөлүнүүнүн башында саясий партиялар, саясатчылар тура баштады. Элге "жол салып, суу чыгарып беребиз" дегенден башка программасы жок, болсо дагы ар кимден, ар жерден уурдалган, програмасында эмне жазылганын өздөрү биле бербеген, билсе дагы түшүнбөгөн, элге түшүндүрүп бере албаган, көбүнчө принциби жок, билими жок, депутат болуудан башка максаты жок адамдардан түзүлгөн саясий партиялар көп “жомоктордун” авторлору экени талашсыз. Өлкөдөгү башаламандыктардын, туруксуз кырдаалдардын, элди экиге эмес, жада калса тууганды туугандан бөлүп койгондордун башатында ушулар туруп калды. Саясатчылар ыркырашканда, эл дагы ыркырашат, бөлүнөт. Биз ушунун баарын көрүп чоңойдук.

Саясий аренада мен, мен курактуулар, эгемендүүлүктүн балдары көп эле нерсени көрдүк, бирок мыктылыктын үлгүсүн гана көрө элекпиз...

Ушул 30 жыл ичинде бир дагы саясий лидер биригүүнүн үлгүсүн, өз максатынан элдин максатын жогору койгондун үлгүсүн көрсөтө элек. Болсо болгондур, бирок биригүүнүн “жарк” эткен, жемишин берген, элди ээрчитип кеткен үлгүсү болгон жок. Бирок элди бири-бирине карама каршы койгондун түрүн көрсөтө алышты.

Кудайдын, диндин атын жамынып, сөөмөйүн көзүңө кезеп акыл айткандар, анан айтып аткан акылын жүз пайыз туура деп эсептегендер, сабаттуулукка үндөп атам деп, сабатсыздыкты үйрөткөндөр көбөйдү.

Ошентип жүрүп эле биздин мекен уламыштардын өлкөсүнө айланды. Жолдор документтерде курулат, суу түтүктөр документтерде гана алмаштырылат, орнотулат. Таза суу жер-жерлерге документтерде гана жеткирилген, айылдар документтерде гана өнүгөт. Ал эми иш жүзүндө эч нерсе жок, жол дагы жок, башка дагы жок. Ошол документтеги жолго, башкага бөлүнгөн миллиондогон акчаларын тоноп, уурдап, мойсоп, анан эч нерсе болбогонсуп эл аралап жүргөн, “уламышка айланган кишилер” гана бар, бирок аларды издеген киши жок. “Коррупция жоюлсун, коррупция менен күрөшөлү!” дейбиз, бирок кезек өзүбүздүн ууруга жеткенде, сөзүбүздөн баш тартабыз. Пикетке чыгабыз. Ар бир райондун же айылдын өзүнүн уурусу, жегичи бар. Ууруну колдоп, айылы чыгат, анан району чыгат, анан облусу.

Соцтармактар уурусун актагандар менен ага каршылардын аянтына айланат. Мындайда облус-облус болуп же район-район болуп чокчоңдошобуз, жакалашабыз, ажылдашабыз. Ар бир ууру өз айылы, району, облусу, уруусу, тууганы үчүн таза. Баары сүттөй ак, бирок өлкөбүздүн карызы 30 жылдын ичинде 5 млрд.долларга өстү. Андан сырткары мигранттардын саны өстү. “Өлкөдөн кетем, кетишим керек” дегендердин саны өстү. Башка эч нерсе өскөн жок, башка эч нерсе курулган жок, завод-фабрика курулган жок. Анан эл завод-фабрикасы бар, жакшы айлык төлөнгөн өлкөлөргө жалданып кетип калдык. Бирок баары бир бөлүнгөндү токтоткон жокпуз.

Мындан сырткары "улутчул", "улутчул эмес", "батышчыл", "батышчыл эмес", "орусчул", "орусчул эмес" болуп бөлүнөбүз. Алсыз, күчтүү болуп бөлүнөбүз. “Кырк чоро“ жана "кыздар" болуп бөлүнөбүз. "Элиталар" жана "шайлоочулар" болуп бөлүнөбүз. Кудум эле бир өлкөдө жашабагандай, кудум бир өлкөнүн уул-кызы эместей… Бөлүнүп жүрүп, тынчы жок кооптуу өлкөнүн катарына кирдик.

Өз жерибиздин көбүнө өзүбүз ээ боло албай калдык. Өз байлыктарыбызды өзүбүз пайдалана албадык. Жаратылышыбызды бирөөлөрдүн колуна салып бердик. Бөлүнүп жүрүп үй-бүлө түшүнүгүн, үй-бүлө баалуулугун талкаладык. Аялдардын моюнуна дөңгөлөк илдик, дөңгөлөккө кошуп замандын жүгүн илдик.

Балдарды, наристелерди зомбулуктан коргой албай калдык. Балдарыбызга идеалдарды, карап түздөнө турган баатырларды жаратып бере албадык. Мындан башка 30 жылдын ичинде балдар үчүн өз тилинде бир жомок тартып бере албаган шордуу элге айландык. Эч эгемен өлкөгө окшой албадык...

Ачыгын айтканда, эгемен мамлекет экенибизди бир жылда бир жолу гана эстейбиз, аянтка чогулабыз. Ырчылар “Кыргызстаным эле Кызгызстаным” деп ырдашат. Акындар “Мекеним, мен сен үчүн өлөм!” деген сыяктуу куру кыйкырган” ырларын окушат. Умай Эне кара түтүн каптаган шаарыбызды арча менен аластайт, анан өлкө башчылары катчылары жазып берген дагы бир “жомокту” элге окуп беришет да, тарап кетишет... Анан унутулат.

Азырынча мекенге, эгемендүүлүккө болгон мамиле кара курсактын деңгээлинен көтөрүлө элек. Чынында, жомоктон чындыкка өтүп, эгемендүүлүктү эмне бекемдейт дей турган болсок, биринчи кезекте эгемендүүлүк, эркиндик эмне экенин андаш керек, эркиндикти, эркиндиктин үлгүсүн жаштарга, кийинки муунга туура көрсөтүп беришибиз керек.

Өз кемчиликтерибизди көрө билишибиз керек, оңолууну биринчи өзүбүздөн башташыбыз керек, бир элдин, бир өлкөнүн балдары экенибизди, өлкө бирөө эле экенин түшүнүшүбүз керек. Мамлекеттин бүтүндүгү баарыбыздын жеке кызыкчылыгыбыздан, тууган-туушканыбыздан, кекиртегибизден, динибизден, керек болсо керт башыбыздан жогору тураарын унутпашыбыз керек!

Элибиздин эркиндиги, өлкөбүздүн эгемендиги, Мекенибиздин бейпилдиги ар бирибиздин уятыбызга, ыйманыбызга, жүрүм-турумубузга байланган нерсе экенин унутпашыбыз керек! Өтө көп нерселер керек. Күч керек, эрк керек, билим керек… Анан өлкөнү ач кыйкырыктар менен эмес, чын жүрөктөн сүйүү керек!

Тууң жыгылбасын, өлкөм! Ылайым, сенин дагы бүтүн дүйнөгө айтып бере турган өзүңдүн үлгүлүү жомогуң болсун!

Гүлзат Бектемир

P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG