Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июль, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 09:50

Кыргызстанда кимдердин жашоосу жыргал?


Илюстрациялык сүрөт.

"Азаттык" радиосунун Кыргызстандын эгемендигинин 30 жылдыгына арналган онлайн сынагына Төлөгөн Козубеков аттуу мекендешибизден келген блогду сунуштайбыз.

XIX кылымда жашап өткөн орустун белгилүү акыны Н.А.Некрасовдун “Орусияда кимге жашоо жакшы?” деген чыгармасын билесиздер. Чыгармада автор жети каарманын бүткүл Орусиянын губернияларын кыдыртып, кайсы жерде, кимдерге жашоо жакшы экенин сурамжылатат эмеспи. Соңунда борбор шаар Санкт-Петербургга бет алып келаткан жеринен автор чыгармасынын аягына чыга албай калат. Балким, автор чындыгын борбор шаар Петербургдан табат беле, ким билсин?

Бул чыгарманы окуп отурганымда оюма “Кыргызстанда бүгүн жашоо кимдерге жыргал?” деген собол өзүнөн өзү кылт этип жатпайбы. Анан мени ой чабытым өлкөмдүн ой-кырын көздөй сүйрөп кетти. Орус классиги сыяктуу каармандарга жооп издетип баш катырбай, айыл-аймакты кыдыртып азап тарттырбай эле борборубуз Бишкектин казанында кайнап көрөйүн деп чечтим. Балким, ушул жерден эле соболдун жообу табылып калаар.

Башында азыркы арабыздагы "олигарх" аталышкан жүздөгөн байларыбыз (алардын ысымдары шаарларда да, айыл-кыштактарда да жалпы журтка белгилүү) кайрылалы. Алар бул байлыктарын кайдан табышты? Кантип табышты?

Алды менен эгемендиктин алгачкы жылдарына кайрылып көрөлүчү. Биринчи жолу 1991-жылдын 20-декабрында менчиктештирүү мыйзамы кабыл алынды. Аны менен катар ири завод-фабрикаларды майдалап, кичи ишканаларга, колхоз-совхоздорду майда чарба-фермерлерге айландыруу түйшүгү башталды.

Андан кийин 2002-жылдын 2-мартында №31 “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жөнүндө” мыйзамы жарык көрүп, ага дагы алты жолу алымча-кошумча киргизилди.

Республикабыздагы совет доорунда топтолгон байлыкты таламай мына ушул мыйзамдардын негизинде башталды. Натыйжада, мыйзамды жазгандар да, ага кол кабыш кылгандар дагы (менчиктештириле турган мамлекеттик мүлктөрдү аныктоочулар, алардын сатыктык баасын бычкандар да ошолор болушкан) мамлекеттин колундагы май талкандуу жерлерди энчилеп алып, карапайым эл талаалап калды. Айтор, бүгүнкү Кыргызстанда "биринчи жашоосу жыргалдар" - ошол кезде байыган бийлик төбөлдөрү.

"Экинчи жашоосу жыргалдарга" - партиялардын жетекчилерин кошсо туура болчудай. Анткени, улутубуздун жандүйнөсүнө төп келебеген, кыргыздын кылымдарды карыткан каада-салтын, нарк-насилин, жашоо шартын коңулга түртүп коюп, батыштын партиялык тутумун киргизип алышып , ак көңүл, ишенчээк элибизди каалагандай калчашты. "Америкалыктардай, европалыктардай жашайбыз" дешти, ага ишендик. "Эки-үч жылда Швейцария болобуз" дешти, буга ишендик. "Араб Эмиратындай, Дубайдай болобуз" дешет, ага деле ишенип келатабыз. Бирок, 30 жылдан бери жалпы эл эңсеген жакшы жашоонун карааны көрүнбөйт.

Андан кийин, парламентибизди партиялык тизме менен шайлап алсак, жыргайбыз дедик. Балакеттин баары ушул жерден башталбадыбы. Ушундан кийин мурда жашынмак ойноп жүргөн коррупциянын тамырына суу жайылып, биротоло гүлдөөгө бет алды. Кантип?! Анын жолун оңой эле табышты, партиялык тизме дегенди чыгарышты, ал тизмеге киргизүүнү, андагы орундарды бөлүштүрүүнү партиянын жетекчилери өз колдоруна алышты, орундардын бааларын бычып, акчалуулар алдыңкы орундарга агылып жөнөдү. Ошентип ар бир партиялык төбөлдү байытышты. Жер-жерлердеги аткаруу бийлигинин жетекчи орундарынан тартып, жөнөкөйлөрүнө чейин партиялар ич ара бөлүшүп алышпадыбы. Ошонун эсебинен да байышты, аны эч ким аный дебес.

Анысы аз келгенсип, партиялык талап-тартипти билбеген, өз партиялары начарлап баратса, башка бийликтин партиясы дегенге секире качууну үйрөткөндөр да ушулар болушту го. Азыр ар кайсы партиянын башын аттап үч-төрт жолудан секирген “спортчу" депутаттарды четинен тапса болот. Анан ушуларга эл ишене алабы?


Үчүнчү орунда - бийлик менен чырмалышып кеткен кылмыштуу топтор турабы дейм. Алар жалаң эле ишкердик менен алектенгендерди кысымга алып каражат өндүрүшпөстөн, айрым бийлик бутактарын да каалагандай калчап, бийлик бутактарында да илешип жүргөндөй сезилет.

Төртүнчү орундагы "жыргал жашоодогуларга" курулуш мафиясын кошсо туура болчудай. Булардын бийлик бутактары, каржы булактары, уюшкан кылмыштуу топтор, шаардык-айылдык архитектура кызматкерлери менен да байланыштары күчтүү көрүнөт. Каалаган жерди колдоруна алышып, каалагандарындай имарат тургузуу мүмкүнчүлүктөрү чоң, себеби, ушул убакка чейин булар менен акийнек айтышып оң тыянак чыкканын уга элекмин.

Бешинчи орунда - кызматтык мүмкүнчүлүктөрүн кыянаттык менен өзүнүн жеке кызыкчылыктары үчүн пайдаланган бийлик төбөлдөрү (албетте, баары эмес) турушабы дейм. Анткени, бийликтин колунда олигархтарды да, партиялардын жетекчилерин да, кылмыштуу топторду да тизгиндей турган чоң күч бар да. Бирок, алиге чейин ал кубаттуу күчтү эл кызыкчылыгына эмес, өз кызыкчылыгы үчүн колдонуп келишкенине эл өзү күбө болуп келатат го. Бажы тармагы, сот тутумдары, медицина, билим берүү жааттары, коомдук тартипти сактоо, кен байлыктарын пайдалануу тармактарын башкаруудагы коррупциялык көрүнүштөр жалпы калкка жашыруун болбой калды.

Мына, кымбаттуу окурманым, бүгүн Кыргызстанда жыргап жашап жаткандар жогоруда аталгандар деген тыянакка келдим. Силер кандай дейсиздер? Кана, чогуу ойлонуп көрөлү. Балким, башка да кошумча-алымчалар чыгып калаар.

2020-жылдын октябрындагы окуядан кийин жаңы келген бийликке ишеним артып, жараткан жар болсо, жакшы жашоонун жарыгы төрт-беш жылда көрүнүп калаг го деп үмүттөнөм. Ага жаңы келген бийликтин алгачкы алгылыктуу бир топ кадамдары түрткү болуп турат.

Айтор, азыр өз алдынча мамлекет катары өнүгүүнүн өзүбүзгө гана тиешелүү жолубузга багыт алып баратабыз деген ишенимим чоң. "Кыргызстанда жашоо кимдерге жыргал?”,-дегендей суроо жолдо калып, 5-10 жылда “Кыргызстанда жашоо бардык жарандар үчүн жыргал” деген тыянак элибиз үчүн жаңылык болбой калаар!

Ылайым эле ошондой болсунчу!

Төлөгөн Козубеков, эмгек ардагери

P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG