Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Июль, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 21:48

Бирөөнүн мээнети сиздин ырыскыңыз эмес


Темир Бирназаровдун "Табылга" тасмасы.

Адам бул жашоодо эмнени издейт? Эмнени табат да, эмнеден кол жууйт - эмнеге тартылат да, эмнени жерийт? Тапканынын куну жоготконуна арзыйбы? Деги ал эмне үчүн жашайт?.. Белгилүү кинорежиссёр Темир Бирназаровдун “Табылга” тасмасынын бет ачарынан кийинки ойлор.

Байлык – мурат эмес,
Жоктук – уят эмес.

Кыргыз макалы.

Адамга эң кыйыны – күн сайын адам болуу.

Ч. Айтматов.

Бирине тапса, бирине жетпеген турмуш: батир акысы менен кызынын университеттеги окуусуна убагында төлөй албай жатса, уулунун мектепке көтөргөн баштыгы жыртылыптыр, көчөдө гүл саткан аялынын соодасы жүрүшпөйт...

Айдоочу Жамилдин ижарага алып жүргүнчү ташыган чакан бусу улам кайра бузула берет, киреше келтирбейсиң деп ээси кекетип-мокотуп акча доолайт. Ушундай күндөрдүн биринде ал бир баштык акча таап алат...

Сюжеттин чиелениши ушинтип башталат да, андан ары көрүүчүнүн көңүлүн баарыбызга тааныш сыяктанган демейки эле турмуштун улам бир кырына буруп, адатта анча маани бербеген нерселерди жакшыраак байкап, түшүнүүгө өбөлгө түзгүдөй таасирдүү баян улантылат.

Чыгарманын өзөгүндөгү ички ыймандык конфликт эң акыркы учурга чейин чыңалуудан жанбай, барган сайын чыйрала берет. Карапайым үй-бүлөнүн жокчулуктан тарткан санаасын кокустан табылган чоң акча такыр башка нукта күчөтүп жиберет деп ким ойлоптур?

Көнүмүш жашоо ыргагы кескин өзгөргөндө, кишинин жай турмушта байкалбай, башкалар эмес, өзү да анча билбеген оң-терс сапаттары алаканга салгандай даана көрүнөт тура. Мисалы, кедейдин күтүүсүздөн байып калган чактагы абалы өтө опурталдуу болот экен.

Жамил менен аялынын бекер акчага ээ болгондогу карама-каршылыктуу жан маанайы, сезим-туюмдары, ойлору көбүнчө сөз менен эмес, бой турпатынан, баскан-турган кыймыл-аракетинен, көзүнөн, кабак-кашынан, сүйлөгөндөгү доошунан байкалат. Ошондуктан бул тасмадан жетиштүү таасир алуу, идеясын жакшыраак түшүнүү үчүн окуясын “айтып берген” оозеки баяндарды укпай же тексттерди окубай эле, ар ким өзү көргөнү жакшы. “Миң уккандан бир көргөн артык” деген макал дал ушундай подтексттүү тасмаларга туура келет.

Сюжеттин чарт үзүлүп же жарылып кетчүдөй чыңалган демине көрүүчү кошо тартылат: каармандар капилет сыноого туруштук береби же азгырыкка алдырабы? Анткени кеп бир эле ушул жубайлардын эмес, бардык адамдардын насилиндеги ички карама-каршылыкта...

"Табылга" тасмасындагы эпизод.
"Табылга" тасмасындагы эпизод.

Бир караганда, кимдики экени, каяктан келгени белгисиз акча жөн гана оокаттуулуктун шарты, турмушту жакшырткандын өбөлгөсү гана сыяктанат. Карапайым пенде муну Кудайдын буюрган шыбагасы, өзүнө гана келген ырыскы деп ойлошу мүмкүн. Таап алынган эмес, коррупциялык жол менен мамлекеттик бюджеттен же жеке ишкерлерден тоноп алынган миллиондорду да Кудай сага берди деп “таксырлар” жегичтерди шыкактап турган азыркы заманда, ушундай түшүнүккө көп эле адамдар азгырылышы толук ыктымал.

Сөзүмдүн аягында бул тасманын айрым өзгөчөлүктөрүн айта кетейин.

Биринчиден, мында терең подтекст бар. Майда-барат сыяктуу көрүнгөнү менен, ар бир нерсенин орду, мааниси бар. Мисалы, таңгак-таңгак акча салынган сумкага башка буюмдар да бекеринен салынбаган. Аялдамадагы тартуу ишине кедергисин тийгизгендей сезилген жагдайлар да мааниге ээ. Оператор айрым кыймылдарды атайылап жайыраак же токтотуп көрсөтөт.

Экинчиден, сценарий көрүүчүнүн турмуштук тажрыйбасын улантууга, өркүндөтүүгө ылайыктап жазылган. Ошол эле учурда фильмдеги жасалган акцент (басым) да ар бирибиз "сопсонун билебиз" деген нерселерге башкача, олуттуу, сергек кароо керектигин эске салат. Жашоо-турмуштун "чыныгы" жана көркөм элеси эриш-аркак тутумдашып, өз ара таасирди арттырып турат. Сценарийдеги бул мүдөө чыгармачыл жамааттын изденүүсү, чеберчилиги менен дээрлик толук ишке ашкан.

Тасма жөнүндө кыскача маалымат:

  • Башкы ролдордо: Эгемберди Чалабаев, Сайра Момунбаева, Адина Бектурова жана Арнал Элдосовдор.
  • Сценарийин жазган жана режиссёр коюучу – Темир Бирназаров.
  • Сүрөтчү-коючу – Байыш Исманов.
  • Койгон оператору – Караш Жанышов.
  • Композитор – Чыңгыз Жураев.
  • Куракчы – Караш Жанышов.
  • Сызык продюсери – Асел Жураева.
  • Экинчи режиссеру – Күлчоро Сыдыков.
  • Продюсери – Темир Бирназаров жана Эмир Сарпашев.

"Үчүнчү" жана андан кийинки чечмелөө ар бир көрүүчүнүн баамчылдыгына, кызыгуусуна жараша болот. Кимдир бирөө өзүнүн эле ойлору ушул тасманын идеяларына кандай үндөшөрүн көрүп-билет. Дагы бирөө достору же жаш кездеги өзү менен талашат, унута түшкөн эстетикалык камылгасын кайра колго алып, табитин өстүрүүгө кам көрө баштайт. Башка бир көрүүчү кинону демейкиден башкача көрүп, турмушка да көркөм "дүрбү" же объектив менен караганды үйрөнүш керектигин сезип-туят.

Жолдош Турдубаев, адабиятчы

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG