Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:20

Бишкекте "Табылга" тасмасынын бет ачары өттү


"Табылга"​ тасмасынын бет ачарына маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев катышты.
"Табылга"​ тасмасынын бет ачарына маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев катышты.

Бишкекте режиссер Темир Бирназаровдун чыныгы окуялардын негизинде тартылган "Табылга" тасмасынын бет ачары болду. 15-июндун кечинде өткөн иш-чарага өкмөттөн өкүлдөр, кино ишмерлери жана көрөрмандар катышты.

Тасма Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаменти жана “Тазар” кинокомпаниясы менен биргеликте тартылган.

Фильмдин сценарийин да Темир Бирназаров өзү жазган. Башкы ролдорду Эгемберди Чалабаев, Сайра Момунбаева, Адина Бектурова жана Арнал Элдосов ойношкон.

“Табылга” тасмасында бир карапайым үй-бүлөнүн турмушу баяндалат. Үй-бүлөнүн кожоюну Жалил ижарага маршруттук кичи автобус алып айдаса, жубайы гүл багып сатат. Алар өз үйү жок болгондуктан бирөөнүн батиринде баш калкалашат. Режиссёр Бирназаров кыйын турмушта күн көргөн үй-бүлөнүн башына сыноолор биринин артынан бири келгенин көрсөтүп, алардын жашоосун татаалдаткан окуялар менен тасманы байыткан. (MZh)

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG