Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:22

Бишкекте Орхан Инандынын тарапкерлеринин акциясы өтүп жатат


Орхан Инандынын тарапкерлери. 2021-жылдын 16-июну.
Орхан Инандынын тарапкерлери. 2021-жылдын 16-июну.

Бишкекте Өкмөт үйүнүн алдында ушу тапта “Сапат” билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандынын тарапкерлеринин акциясы өтүп жатат. Мекеменин өкүлү Чыңгыз Исманов "Азаттыкка" билдиргендей, Инандыны табуу талабы менен 300гө жакын адам чыкты, алар Жогорку Кеңештин алдына чейин жүрүш өткөрүшөт.

Кыргызстанда 20га жакын "Сапат" жеке лицейинин, эл аралык "Ала-Тоо" университетинин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инанды Бишкекте иштеп, Кыргызстандын жарандыгын алган теги түркиялык адам. Ал 1-июнга караган түнү жоголгондон бери дайынсыз болууда. Милиция бул факт боюнча Жазык кодексинин 170-беренеси ("Адам уурдоо") менен кылмыш ишин козгогон. Инандыны Интерпол да издеп жатат.

Президент Садыр Жапаров тийиштүү мекемелерге Инандыны издөө иштерин күчөтүүнү жана кошумча күч тартууну тапшырган.

Инандынын тарапкерлери буга чейин да бир катар тынч акцияларды өткөрүшкөн. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG