Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:09

УКМК: Генрих Балян алдамчылыкка шек саналып кармалды


Генрих Балян Венгриянын Кыргызстандагы элчилигинин ачылышында. 2020-жылдын февраль айы.
Генрих Балян Венгриянын Кыргызстандагы элчилигинин ачылышында. 2020-жылдын февраль айы.

«Карвен групп» компаниялар ассоциациясынын ээси, ишкер Генрих Балян алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу 16-июнда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматынын өкүлү Назгүл Кыдыралиева төмөнкүлөрдү билдирди:

"Ал мамлекеттик үлүшү бар банктардын биринин жооптуу кызматкери менен жең ичинен сүйлөшүп алып, өтпөй турган, баасы 670 миң доллар деп өтө эле жогору көрсөтүлгөн мүлктү күрөөгө коюп, башка бирөө аркылуу 2,3 миллион долларлык насыяны алганы аныкталды".

Атайын кызмат билдиргендей, бул кылмыш ишинин алкагында буга чейин аталган банктын төрагасынын мурдагы орун басары кармалган. Кайсы банк тууралуу сөз болуп жатканы ачык айтылган жок.

УКМК күрөөгө коюлган мүлк Баляндын өзүнө таандык экенин белгилеп, анын айыбына четке кагылгыс далилдер бардыгын билдирүүдө.

Жазык кодексинин “Алдамчылык” деген беренесинин негизинде иш козголуп, ишкер 15-июнда УКМКнын тергөө абагына отургузулду, бөгөт чарасын сот аныктайт.

"Карвен" тобуна кирген компаниялар иш кадимки тартипте уланып жатканын билдиришти.

Балян Венгриянын Кыргызстандагы ардактуу башкы консулу катары да белгилүү. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG