Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:37

Чек ара: эл аралык сотко кайрылган юрист бийликти сындады


Сания Токтогазиева.
Сания Токтогазиева.

Конституциялык укук боюнча эксперт, юридика илимдеринин доктору Сания Токтогазиева президенттик администрация кыргыз-тажик чек арасындагы маселе боюнча өзүн-өзү эл алдында кемсинткен билдирүү таратты деп эсептейт. 16-июнда ал “Фейсбуктагы” баракчасына президенттик администрациянын чек арадагы окуя боюнча Эл аралык кылмыш сотуна жөнөтүлгөн кайрылууга байланыштуу билдирүүсү боюнча пикирин жазып, аны администрациянын, президенттин өзүнүн жана жалпы эле мамлекеттик машинанын кемсинүүсү катары баалады.

“Бул билдирүү президенттик администрациянын Эл аралык кылмыш сотунун иши тууралуу таптакыр түшүнүүсү жоктугун көрсөтүүдө. Сотко кайрылуу мамлекеттик органдардын эмес, жабыркагандардын, юристтердин жана жарандык коомдун атынан жөнөтүлгөн! Президенттик администрациядан эч кандай билдирүү талап кылынган эмес. Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарын ушинтип ачыктан ачык тебелегенче таптакыр унчукпай эле коюшса болмок!” - деди Токтогазиева.

28-30-апрелде жана 1-майда Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 36 кыргызстандык курман болгон. Үйлөр, социалдык объекттер жарактан чыккан. Тажикстан 19 жараны каза болгонун билдирген. Эки өлкө бирин бири айыптап, кылмыш иштерин козгошкон.

6-июнда Токтогазиева “Эл аралык кылмыш сотунун прокуроруна Тажикстандын аскер кызматкерлери жана башкы командачылары Кыргызстандын жарандык калкына каршы аскердик кылмыш кылганы үчүн тергөө ишин баштоо өтүнүчү менен кайрылуу (communication) жөнөттүм” деп билдирген.

15-июнда президенттин расмий сайтына билдирүү жарыяланып, анда “Азыркы учурда чек ара маселеси тынчтык жана сүйлөшүүлөрдүн негизинде чечиле баштаганда айрым күчтөр кайрадан эки тараптуу мамилелерде чыңалууну жараткысы келип жатышы мүмкүн. Чек ара маселелери өтө салмакталган мамилени талап кылууда жана бул жагдайда мындай демилгелер маселенин саясий-дипломатиялык жол менен чечилишине залакасын тийгизиши мүмкүн” деп айтылган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG