Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:33

Электр энергиясы боюнча тариф саясаты коомдук талкууга коюлду


“2021-2025-жылдарга карата Электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө" Министрлер кабинетинин токтому 15-июнда коомдук талкууга коюлду. Документ мекеменин расмий сайтында жарыяланды.

Ага ылайык, ушул жылдын 1-сентябрынан электр энергиянын бир кВт/сааты 1 сом 9 тыйындан эсептелинет. Эгер абонент бир айда 1000 кВт/сааттан ашык электр энергиясын жакса, андан аркы баа 2 сом 52 тыйындан саналат.

Бул тариф калктын бардык катмары үчүн бирдей иштейт жана мурда айтылгандай турмуш-шартка жараша өзүнчө тариф каралган жок.

Министрлер кабинети жарыктын баасын жыл сайын жогорулатууну пландап жатат. Токтом долбоорундагы маалыматка ылайык, 2022-жылы электр энергиянын бир кВт/сааты 1 сом 48 тыйынга чыгат. Андан кийин жылдык инфляциянын деңгээлинде жараша кымбаттап турат.

Ошондой эле жаңы тариф саясатында өнөр жай, айыл чарба, бюджеттик жана башка керектөөчүлөр, майнинг (криптовалюта) субъектилери, алтын кен, өнөр жай ишканалары жана диний уюмдарга да өз-өзүнчө тарифтер иштелип чыкты.

Учурда Кыргызстанда элге электр энергиясы 1 кВт/саат үчүн 77 тыйындан берилип жатат.

Президент Садыр Жапаров энергетикадагы кризистен чыгуу үчүн электр энергиясынын тарифин өзгөртүү сунушталып жатканын 21-апрелде жарыялаган.

Жаңы тарифтик саясат боюнча калк 3 категорияга бөлүнүп, аз камсыз болгондорго жана тоолуу райондордо жашагандарга арзан тарифти калтырып, калган катмарга бааны жогорулатуу каралып жатканы айтылган.

Кыргызстан жылына орто эсеп менен 14-15 млрд. кВт/саат электр энергиясын өндүрөт.

2021-жылы электр энергиясынын таңкыстыгы 3 млрд. кВт саат деп эсептелди. Учурда өкмөт Казакстандан 900 миллион, Өзбекстандан 750 миллион кВт/саат ток алып жатат. Аны үч жылдын ичинде бөлүп-бөлүп кайра электр энергиясы менен кутулууну пландоодо. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG