Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:47

Дүйнөлүк банк Түркмөнстандын отчетун четке какты


Ашхабад. Азык-түлүккө кезекке турган шаардыктар.
Ашхабад. Азык-түлүккө кезекке турган шаардыктар.

Глобалдык экономикалык көрсөткүчтөрдү талдоодо Түркмөнстандын статистикалык маалыматтары ишенимдүү болбогондуктан Дүйнөлүк банк анын отчетун кабыл алган жок. Бул тууралуу “Азаттыктын” түркмөн кызматы кабарлады.

Ушундай чара Венесуэлага карата да колдонулган.

Быйыл апрель айында Эл аралык валюта кору Түркмөнстандын расмий мамлекеттик статистикасын пайдаланууну токтоткон. Анда Ашхабад менен Эл аралык валюта кору экономиканын өсүшүн эки башка баалаган.

Түркмөнстандын статистика комитети 2020-жылы экономиканын өсүшүн 5,9% деп көрсөткөн. Ал эми Эл аралык валюта кору былтыркы өсүштү 0,8% деп белгилеген. Ортодогу айырмачылык 5,1% түзгөн. Түркмөнстандын өкмөтү отчетту тааныган эмес.

Түркмөнстан көп жылдан бери экономикалык кыйынчылыкты баштан кечирүүдө. Эл аралык каржылык уюмдар өлкө өкмөтүнө экономикалык саясатты кайра карап чыгып, өзгөртүүнү сунуштаган.

Өлкө жаратылыш газынын запасы боюнча дүйнөдө төртүнчү орунда турат. Бирок өзүнүн мындай артыкчылыгын пайдалана албай келет.

Түркмөнстандын шаарларында азык-түлүк жетишсиздиги, акчанын таңкыстыгы күчөп, жумушсуздук кеңири жайылганы эл аралык каржылык уюмдардын отчетторунда көрсөтүлгөн. Бийлик оор экономикалык абалды моюнга алгысы келбейт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG