Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:21

Тажик чек арачылары Гүлгаакы Мамасалиеваны бошотту


Баткен облусу.
Баткен облусу.

“Интербилим” коомдук бирикмесинин өкүлү, укук коргоочу Гүлгаакы Мамасалиеваны тажик чек арачылары түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн соң кое берди. Бул тууралуу Баткен облустук администрациясы билдирди. Маалыматты Чек ара кызматынын Баткендеги бөлүмү да ырастады.

Ага ылайык, Мамасалиева бүгүн, 15-июнда Баткендин Жаңы-Жер айыл өкмөтүндөгү шайлоого байкоо салуу үчүн барган. Ал айылдан бара жатып, чектеш жайгашкан Тажикстандын аймагына билбей кирип кеткендиктен, тажик чек арачыларынын колуна түшүп калган.

Мамасалиева Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу окуя учурунда талкаланган үйлөрдү, социалдык объектилерди калыбына келтирүү иштерине мониторинг жүргүзгөн топтун мүчөсү.

Кыргыз-тажик чек арасында соңку куралдуу кагылышта 36 кыргызстандык, 19 тажикстандык каза болду. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG