Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:05

Футбол: Кыргызстан Жапонияга утулуп калды 


Жапония менен Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командаларынын беттеши. 15.06.2021-ж. Жапония.
Жапония менен Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командаларынын беттеши. 15.06.2021-ж. Жапония.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы жапониялык атаандаштарына 1:5 эсебинде утулду. Оюн 15-июнда Жапониянын Суита шаарында (ред: Panasonic Stadium стадиону) өттү.

Бул беттеш 2022-жылы Катарда өтчү Дүйнө чемпионатына жана 2023-жылы Кытайдагы Азия чемпионатына тандоо оюндарынын 2-раундунун жооптук оюну болду.

Кыргызстан менен Жапониянын улуттук курамалары 2019-жылы Бишкекте күч сынашып, кыргыз спортчулары 0:2 эсебинде утулган.

Жапониянын Осака шаарында 7-июнда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Монголияга 0:1 эсебинде жеңилип, 11-июнда Мьянманы 8:1 эсебинде уткан.

Футбол боюнча дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын экинчи айлампасы 2020-жылы жазында өтмөк. Коронавирус пандемиясынан улам оюндар белгисиз мөөнөткө жылдырылган. Бир жарым жылдык тыныгуудан кийин жанданган беттештер борборлоштурулган тартипте өтүп, командалар мурдагыдай үйдө жана конокто эмес, бир аймакта ойноп, жолдомо үчүн ат салышат.

Ушул эле күнү Жапония менен Кыргызстан беттешинен сырткары Тажикстан - Мьянма командалары ойноп, 4:0 эсебинде оюн тажикстандыктардын пайдасына чечилди.

Ушуну менен Жапония курамасы F тайпасында 24 упай топтоп, ишенимдүү түрдө биринчи орунда. 13 упай чогулткан Тажикстан курамасы экинчи сапка жазылды. Кыргызстан 10 упай менен үчүнчү орунда калды. Төртүнчүдө Монголия, бешинчи сапта Мьянма.

2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына жана 2023-жылы Кытайда өтчү Азия кубогуна тандоо оюндарынын алкагында Азия чөлкөмүнүн 40 командасы сегиз тайпага бөлүнүп ойноп жатат. Мелдештер 2019-жылдын 5-сентябрында башталган. Тандоо мелдештеринин жыйынтыгында сегиз тайпанын жеңүүчүсү жана экинчи орунду ээлеген төрт мыкты команда Дүйнө чемпионатына акыркы тандоо оюндарына жолдомо алышат.

Ал эми 2-орунду ээлеген төрт начар команда, 3-орундагы сегиз команда жана 4-катарда жайгашкан төрт мыкты команда Азия кубогуна тандоо оюндарынын 3-баскычына жолдомо алат. Кыргызстан Дүйнө чемпионатынын тандоо турларынан четтеди. Анткен менен Азия кубогуна тандоо оюндарынын 3-баскычында ойнойт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG