Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:01
Жапония менен Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командаларынын беттеши. 15.06.2021-ж. Жапония.
Жапония менен Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командаларынын беттеши. 15.06.2021-ж. Жапония.

Футбол: Жапония - Кыргызстан 5:1

Бүгүн, 15-июнда, Жапония менен Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командалары беттешип, 5:1 эсебинде талаа ээлери жеңишке жетти. Оюн Жапониянын Суита шаарындагы Panasonic стадионунда болду.

Оюндагы голдорду Жапония тараптан Ода Анаву (27, 31, 33), Сё Сасаки (73), Такаму Асано (78) киргизсе, кыргыз тарапка таандык голду пенальтиден Мирлан Мурзаев (45+1) киргизди.

Кыргызстандын дарбазасын Павел Матяш коргоду. Ал буга чейин коронавируска шектелип, сары тизмеге кирип, оюнга чыкпай калышкан үч дарбазачыны алмаштыруу үчүн 11-июнда Жапонияга жөнөп кеткен. Бул чектөөлөр Жапония өкмөтүнүн COVID-19 илдетине каршы чаралары болууда.

Бул беттеш 2022-жылы Катарда өтчү Дүйнө чемпионатына жана 2023-жылы Кытайдагы Азия чемпионатына тандоо оюндарынын 2-раундунун жооптук оюну болду.

Кыргызстан менен Жапониянын улуттук курамалары 2019-жылы Бишкекте күч сынашып, кыргыз спортчулары 0:2 эсебинде утулган.

Жапониянын Осака шаарында 7-июнда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Монголияга 0:1 эсебинде жеңилип, 11-июнда Мьянманы 8:1 эсебинде уткан.

Футбол боюнча дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын экинчи айлампасы 2020-жылы жазында өтмөк. Коронавирус пандемиясынан улам оюндар белгисиз мөөнөткө жылдырылган. Бир жарым жылдык тыныгуудан кийин жанданган беттештер борборлоштурулган тартипте өтүп, командалар мурдагыдай үйдө жана конокто эмес, бир аймакта ойноп, жолдомо үчүн ат салышат.

15-июнда Жапония менен Кыргызстан беттешинен сырткары Тажикстан - Мьянма командалары да ойноп, тажик футболчулары 4:0 эсебинде жеңишке жетти.

Бул оюндардан кийин F тайпасындагы командалардын тандоо оюндарынын 2-баскычындагы ээлеген орундары аныкталды.

F тайпасында 2-раунддагы турнирдик таблицада сегиз оюндан кийин 24 упай топтогон Жапония сап башына чыкты. Сегиз оюнда 13 упай топтогон Тажикстан 2-катарга көтөрүлдү. Эсебинде он упай менен Кырызстан 3-тепкичке жайгашты. Бул команда да сегиз оюн өткөргөн. Сегиз оюндан кийин алты упай жыйнаган Монголия 4-катардан орун алса, сегиз оюнда эки жолу жеңишке жеткен Мьянма 5-орунда калды.

2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына жана 2023-жылы Кытайда өтчү Азия кубогуна тандоо оюндарынын алкагында Азия чөлкөмүнүн 40 командасы сегиз тайпага бөлүнүп ойноп жатат.

Мелдештер 2019-жылдын 5-сентябрында башталган. Тандоо мелдештеринин жыйынтыгында сегиз тайпанын жеңүүчүсү жана экинчи орунду ээлеген төрт мыкты команда акыркы тандоо оюндарына жолдомо алат. Ал эми 2-орунду ээлеген төрт начар команда, 3-орундагы сегиз команда жана 4-катарда жайгашкан төрт мыкты команда Азия кубогуна тандоо оюндарынын 3-баскычына жолдомо алат. Кыргызстан Дүйнө чемпионатынын тандоо турларынан четтеди. Анткен менен Азия кубогуна тандоо оюндарынын 3-баскычында ойнойт.

19:00 15.6.2021

Жапония - Кыргызстан футбол беттешинен тартылган сүрөттөргө назар салыңыздар. Сүрөттөр Кыргызстандын футбол бирлиги уюмуна таандык.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы. 15-июнь, 2021-ж. Суита, Жапония.
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы. 15-июнь, 2021-ж. Суита, Жапония.
Жапониянын футбол боюнча улуттук курама командасы. 15-июнь, 2021-ж. Суита, Жапония.
Жапониянын футбол боюнча улуттук курама командасы. 15-июнь, 2021-ж. Суита, Жапония.
Кыргызстандын дарбазасына үч гол киргизип, хеттрик жасаган Жапониянын чабуулчусу Адо Онайву. 15-июнь, 2021-ж. Суита, Жапония.
Кыргызстандын дарбазасына үч гол киргизип, хеттрик жасаган Жапониянын чабуулчусу Адо Онайву. 15-июнь, 2021-ж. Суита, Жапония.
Коргоочу Айзар Акматов жана Жапониянын чабуулчусу Генки Харагуши. 15-июнь, 2021-ж. Суита, Жапония.
Коргоочу Айзар Акматов жана Жапониянын чабуулчусу Генки Харагуши. 15-июнь, 2021-ж. Суита, Жапония.

18:32 15.6.2021

Беттеш аяктады. Жапония - Кыргызстан 5:1

18:14 15.6.2021

85-мүнөттө жарым коргоочу Эдгард Бернхардт эскертүү алды. 86-мүнөттө жарым коргоочу Фархад Мусабековдун ордуна Одилжан Абдурахманов чыкты.

18:12 15.6.2021

79-мүнөттө кыргыз тарапта бир катар алмашуу болду. Чабуулчу, капитан Мирлан Мурзаевдин ордуна жарым коргоочу Эдгард Бернхардт чыгып, капитандык милдетти алды. Жарым коргоочу Алимардон Шукуровдун ордуна чабуулчу Элдар Молдожунусов чыкты.

Дагы жүктөңүз

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG