Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:40

Орусия: мигранттарга документ ирээттөө үчүн берилген мөөнөт узарды


Курулуштагы мигранттар, Москва.
Курулуштагы мигранттар, Москва.

15-июнда Владимир Путин кол койгон жарлыкка ылайык, ушу тапта Орусияда жүргөн чет өлкөлүк мигранттарга документ ирээттөө үчүн берилген убакыт 30-сентябрга чейин узартылды.

Мындай чечимдин мыйзам бузгандарга, улуттук коопсуздукка коркунуч келтиргендерге жана экстремизм менен терроризмге шектелгендерге тиешеси жок. Бул тууралуу kremlin.ru сайтында жарыяланды.

Апрелдин башында орус бийлиги Орусияда 115 миңден ашуун кыргызстандык жаран миграция эрежесин сактабай жүргөнүн эскерткен. 15-июндан тарта буларга каршы тиешелүү жазалар ишке кирери айтылган.

Бүгүн, Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кыргызстандыктарга орус бийлиги чет өлкөлүктөргө документтерин ирээттеп алуу үчүн берген убакыт аяктаганын эскертти. Элчиликтин маалыматына ылайык, жарандар ушул жылдын 15-июнуна чейин жарактуулук мөөнөтү өткөн документтерди (ID-карта жана жалпы жарандык паспорт) өз убагында алмаштырышы керек болчу.

Расмий маалыматтарга караганда, ушу тапта Орусияда жашап-иштеп жүргөн кыргызстандыктардын саны 700 миңден ашуун. Бейрасмий маалымат боюнча мигранттардын саны бир миллиондон ашат. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG