Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:37

Түркиянын президенти Тоолуу Карабакка барды


Азери президенти Илхам Алиев түрк президенти Режеп Тайып Эрдоганды тосуп алган учур. Физули аймагы. 15-июнь, 2021-жыл.
Азери президенти Илхам Алиев түрк президенти Режеп Тайып Эрдоганды тосуп алган учур. Физули аймагы. 15-июнь, 2021-жыл.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Азербайжанга жасаган сапарынын алкагында 30 жылдан ашуун Армениянын көзөмөлүндө болуп, былтыр күздөгү согуштун натыйжасында Бакунун карамагына өткөн Тоолуу Карабакка барды.

Брюсселде өткөн НАТОнун саммитинен кийин түз эле Бакуга учкан Эрдоган андан ары Тоолуу Карабактагы Физули аймагына жөнөдү.

Бул конуш былтыр күздөгү согушта азери аскерлери кирген эң ири райондук борбор болуп саналат. Физулиде Эрдоганды жубайы менен Азерабайжандын президенти Илхам Алиев тосуп алды.

Андан ары лидерлер Тоолуу Карабактын борборундагы былтыркы согуштагы чечүүчү кармаш жүргөн Шуша шаарына барышты.

Ал жерде Эрдоганды аскердик ардак кароолдун коштоосунда салтанатуу турдө тосуп алышты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG