Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июль, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 23:48

Орусия мыйзам бузган мигранттарга убакыт берди


Орусиядагы Кыргызстандын элчилиги.

Орусия президенти Владимир Путиндин 15-июнда чыгарган жаңы жарлыгына ылайык, миграциялык эрежелерди сактабаган чет элдик жарандар эгер олуттуу мыйзам бузбаса, 30-сентябрга чейин жүрө алат. Орус бийлиги мигранттарга документтерин жайына келтирүү үчүн берген буга чейинки мөөнөт 15-июнда аяктады.

Былтыр Орусия коронавирус пандемиясынан улам чет өлкөлүктөргө айрым бир миграциялык жеңилдиктерди берген. Атап айтканда, миграциялык мыйзамдарды бузган чет өлкөлүктөр административдик жазага тартылган эмес. Бул маалда мөөнөтү аяктаган документтер жокко чыгарылбай, чет өлкөлүктөрдү депортациялоо токтотулган.

Путиндин 15-июнда чыгарган жаңы жарлыгына ылайык, ошол жеңилдиктер эми 30-сентябрга чейин узартылды. Буга чейин 115 миңдей кыргызстандык "кара тизмеге" алынып, депортация болушу ыктымалдыгы айтылып жаткан.

20 жаштагы Жумаида Үметалы кызы Орусиянын Екатеринбург шаарында үч жылдан бери иштейт. Ал дайыма документтерин тактап, убагында жаңылап турганга аракет кылат. Деген менен Орусияда мигранттарга байланыштуу соңку жагдайлар аны да кооптондуруп жаткан болчу:

"Чет жерде жүрсөң мусапыр экенсиң. Документиң баары жакшы болсо деле чочулап турасың. Азыр Орусияда мигранттарды катуу тешкерип жатат. Биздин жарандардан деле мыйзамсыз жүргөндөрү көп. Мисалы, бир тааныш эжем "кудай сактасын" деп эле документи жок жүрөт. Андайларды дароо депортация кылат деп уктук. Айрымдары жасалма кагаздарды жасатыптыр. 15-июнга жакын документ даярдаган адамдар да акчасын кымбаттатып салды. Алар азыр кызматы үчүн мурдагыдай эки, үч эсе көп алып жатышат. Бирок, шарт катаалдаганы менен иш издеп бул жакка келгендер деле азайган жок".

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалыматына ылайык, жарандар ушул жылдын 15-июнуна чейин жарактуулук мөөнөтү өткөн документтерди (ID-карта жана жалпы жарандык паспорт) өз убагында алмаштырышы керек болчу.

Андан тышкары Орусиянын аймагында жүрүү үчүн бул мамлекеттин мыйзамдары талап кылган документтер - убактылуу жашап турууга уруксат, туруктуу жашоого уруксат боюнча документтер, зарыл болсо жумуш берүүчүлөр менен эмгек келишимдерин узартуу керектиги айтылган.

Элчиликтин басма сөз катчысы Назгүл Жусубакунова буларды билдирди:

Назгүл Жусубакунова.
Назгүл Жусубакунова.

"Жарлыктагы талаптарды аткарбагандар Орусиядан чыгарылып, кийин киришине тыюу салынышы мүмкүн. Бул документ "кара тизмедеги" жана документи жок бардык жарандарга тиешелүү. Элчилик бул боюнча буга чейин байма-бай маалымат берип жатты. Биздин жарандардын көбү документтерин ырастап алышты деп ойлойбуз".

Апрелдин башында орус бийлиги өлкөдө 115 миңден ашуун кыргызстандык жаран миграциялык эрежени сактабай жүргөнүн эскерткен. Элчиликтин акыркы маалыматына караганда, ушул тапта ансыз да 43 780 кыргыз жаранына административдик эреже бузуу жана миграциялык талаптарды сактабаганы үчүн Орусияга кирүүгө тыюу салынган. Булар Кыргызстанга чыгып кеткен адамдар.

Негизи Орусияда миграциялык эрежелерди сактабаган чет өлкөлүктөр административдик жоопко тартылат. Анда бир-эки мыйзам бузууга айып пул же эскертүү каралган, эгер андан ашса ал адам өлкөдөн чыгарылып, "кара тизмеге" илинет.

Москвадагы "Ала-Тоо" бирикмесинин жетекчиси Жамилахан Бегиева буларды айтат:

Жамилахан Бегиева.
Жамилахан Бегиева.

"Ушундай жарлыктар кабыл алынганда эле биздин мекендештерге залакасы болбой койбойт. Айрыкча 1-2 текшерүүлөр күчөп, алардын тынчсыздануусу күчөйт. Аларга 99% биздин мекендештер кабылат. Мигранттар кооптоно баштайт. Анткени, алардын көбү жашаган жери боюнча документтерди туура эмес жасайт. Башка жерге каттоого турат же жасалма кагаздарды даярдап алат".

Былтыр 15-мартта Орусия коронавирус пандемиясынан улам чет өлкөлүктөргө айрым бир миграциялык жеңилдиктерди берген. Орусия президенти Владимир Путиндин жарлыгына ылайык, бул аралыкта миграциялык мыйзамдарды бузган чет өлкөлүктөр административдик жазага тартылган эмес. Бул маалда мөөнөтү аяктаган документтер жокко чыгарылбай, чет өлкөлүктөрдү депортациялоо токтотулган.

Орусиядагы “Кыргыз конгресси” коомдук уюмунун президенти Кубаныч Кожоевдин пикиринде, мигранттарды жапырт депортациялоо болбойт. Ал ошондой эле орус бийлигинин чечими Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөргө коркунуч туудурбай турганын айтууда.

Кубаныч Кожоев.
Кубаныч Кожоев.

"Бажы биримдигине кирген өлкөлөр менимче, коркпой эле койсо болот. Бул талаптар көбүнчө биздин коңшу өлкөлөр Өзбекстан, Тажикстанга тийиши мүмкүн. Ал өлкөлөрдөн да Орусияда мигранттар көп. Ошол эле учурда пандемия шартында Орусияда мигранттар азайып, өкмөт алар керектигин жана арзан эмгек күчү экенин айтпадыбы. Бул жагдайды эске алганда жапырт депорт болот деп айтууга болбойт. Админстративдик айып пул салынышы мүмкүн. Кыргыз өкмөтү, элчилик аларды депортация кылдырбай алып калганга сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшү керек".

Коронавирус пандемиясы башталгандан бери Орусиядан Кыргызстанга 100 миңдей мигрант кайтып келген. Мигранттардын акча которуулары да кыскарган.

2021-жылдын башынан бери Орусияда карантиндик чектөөлөр алынып, аба каттамдарынын жанданышы менен мигранттардын акча которуулары акырындык менен калыбына келе баштады.


Саясий серепчи Марс Сариев Кыргызстан жумушсуздуктун айынан мигранттарды кабыл алууга даяр эмес дейт:

"Мигранттардын кайтып келиши өлкөнүн ачыктан-ачык туруксуздугуна алып келиши мүмкүн. Бул өлкөдөгү ансыз деле оор абалды татаалдаштырат. Азыр чек ара, пандемияга байланыштуу экономикалык абал курч. Демек, кайткандары деле иш табалбай кыйналат".

Расмий маалыматтарга караганда, ушу тапта Орусияда жашап-иштеп жүргөн кыргызстандыктардын саны 700 миңден ашат. Бейрасмий маалыматтарда алардын саны бир миллионго жакын. Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине киргендиктен, кыргыз жарандары патент албай иштешет.

Орус бийлигинин апрель айында айтканына караганда, Азербайжандын 120 миңден ашуун жараны, Армениянын 61 миңдей, Казакстандын 49 миң, Тажикстандын 247 миң, Өзбекстандын 332 миң, Украинанын 152 миң, ал эми Кыргызстандын 115 миңден ашуун жараны миграциялык эрежелерди бузуп, мыйзамсыз жүрөт.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG