Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:06

Эрдоган Кабул аэропортун кайтаруу шарттарын айтты


Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган (солдо) жана АКШнын президенти Жо Байден, Брюссель, 14-июнь 2021-жыл.
Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган (солдо) жана АКШнын президенти Жо Байден, Брюссель, 14-июнь 2021-жыл.

Түркия Ооганстандын баш калаасындагы эл аралык аэропортту кайтаруу үчүн АКШнын жардамына муктаж. Бул тууралуу түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган Кошмо Штаттардын лидери Жо Байден менен Брюсселдеги жолугушуусунан кийин айтты.

Режеп Тайып Эрдоган Кабулдун аэропортунда коопсуздукту камсыз кылуу үчүн кандай шарттар керек экенин 14-июнда Брюсселдеги маалымат жыйынында айтты.

Ал Жо Байден менен алгачкы жолугушуусунда бул маселе көтөрүлүп, көтөрүлбөгөнү тууралуу суроого жооп берип жатып, Ооганстанга байланыштуу ойлорун Байденге ачык айтканын белгиледи.

"Эгер Ооганстандан чыгып кеткенибизди каалашпаса, өзгөчө ал жерде белгилүү бир колдоо көрсөтүшүбүздү көздөшсө, дипломатия, логистика жана финансы маселелеринде Американын бизге бере турган жардамы чоң мааниге ээ болот. Мындан тышкары ал жактагы "Талибан" кыймылынын реалдуулугун четке кагуу мүмкүн эмес. Алар менен бир топ жолугушууларды, түрдүү кадамдарыбызды уланта беребиз. Дагы бир маселе. Биз Ооганстанда Пакистан жана Венгрия менен бирге иш алып бара турганыбызды аларга айттык", - деп айтты Эрдоган.

Дүйшөмбү күнү Брюсселдеги саммитке чогулган НАТО лидерлери эл аралык күчтөр Ооганстандан чыгып кеткенден кийин Кабулдун жарандык аэропортун каржылоону макулдашкан эле.

НАТО лидерлеринин Брюсселдеги саммити, 14-июнь 2021-жыл.
НАТО лидерлеринин Брюсселдеги саммити, 14-июнь 2021-жыл.

Түндүк атлантикалык аскердик альянстын баш катчысы Йенс Столтенберг уюм ооган баш калаасындагы коопсуздукту камсыз кылуучу операцияларды улантуунун үстүндө иштеп жатканын, бул аракеттерде "Түркия маанилүү ролду" ойной турганын айткан.

Аны улай Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден да НАТОнун лидерлеринин арасында Ооганстанга байланыштуу бекем мунаса бар экенин дүйшөмбүнүн кечиндеги маалымат жыйынында билдирген.

"Биздин аскерлер мекенине кайтат. Бирок биз ооган элинин жана Ооганстандын Улуттук армиясынын жана коопсуздук күчтөрүнүн алдындагы дипломатиялык, экономикалык жана гуманитардык милдеттемелерибиз улана берет деп макулдаштык. Мен биздин өнөктөштөрдүн Ооганстан кайрадан биздин өлкөлөргө багытталган чабуулдардын чордонуна айланып калбашы үчүн террорчулукка каршы аракеттер уланышы керектигин түшүнүп турганын кубаттайм", - деди Байден.

Өткөн айдын башында Байден Ооганстандагы 2,5-3,5 миңдей америкалык жоокерлер жана келишимдик негизде иштеген миңдеген аскерлер 11-сентябрга чейин чыгып кетерин жарыялаган. Аны улай Түндүк атлантикалык аскердик альянс да 7 миңдей жоокерин Ооганстандан чыгаруу аракетин баштаган.

Кабул эл аралык аэропорту, 26-июнь 2018-жыл.
Кабул эл аралык аэропорту, 26-июнь 2018-жыл.

Пентагон да, НАТО да аскерлер белгиленген убакыт ичинде Ооганстандан чыгып кетерин билдирип жатат. Бирок сентябрдан кийин Ооганстандын коопсуздук күчтөрү жоочуларга жана "Талибан" кыймылынын чабуулдарына каршы тура алабы деген суроо да көпчүлүктүн көңүл борборунда турат.

Түркия эл аралык күчтөр Ооганстандан чыгып кеткенден кийин Кабулдун аэропортунун коопсуздугун камсыз кылуу сунушун май айында билдирген.

Буга чейин бир катар америкалык басылмалар АКШ Ооганстандагы күчтөрүнүн жана аскердик техникаларынын бир бөлүгүн Борбор Азияга жайгаштырышы мүмкүндүгүн жазып чыгышкан. Апрель айында АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Казакстандын жана Өзбекстандын тышкы иштер министрлери менен телефон аркылуу сүйлөшкөн.

1-июнда Блинкен Тажикстандын башкы дипломаты Сирожидин Мухриддин менен телефондон баарлашкан. Бирок бул сүйлөшүүлөрдө америкалык күчтөрдү жайгаштыруу маселеси талкууланганы же талкууланбаганы расмий кабарланган эмес.

Өткөн дем алыш күнү АКШнын Ооганстан боюнча чабарманы Залмай Халилзад Казакстанга келип, казак президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолукту. Ал америка тарап контртерроризм, экономикалык өнүгүү жана гуманитардык маселелер боюнча кызматташуу жолдорун региондогу өлкөлөр менен талкуулап жатканын, азырынча жарыя кыла турган чечим жок экенин Казакстандагы маалымат жыйынында айтты.

Халилзад май айында Тажикстанга келип, президент Эмомали Рахмон менен жолугуп кеткен эле.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG