Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:57

Кыргызстанга келген тикелей инвестиция 24,4 пайызга азайды


Кыргызстандагы заводдордун бири.
Кыргызстандагы заводдордун бири.

Быйыл январь-март айларында Кыргызстанга чет өлкөлүк түз инвестициянын агымы 112,1 миллион долларды түздү. Бул 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 24,4 пайызга аз экенин Улуттук статистика комитети кабарлады.

Ошол эле кезде Кыргызстандан инвестициянын чыгып кетүүсү 16% көбөйүп, 479,1 миллион доллар болду.

Өлкөгө тартылган инвестициянын 91 пайызга жакыны геологиялык чалгындоо ишканаларына, кен казууга, дүң жана чекене соодага ошондой эле камсыздандыруу чөйрөсүнө туура келет.

КМШ мамлекеттеринен тышкары өлкөлөрдөн келген инвестициянын көлөмү 28,3% кыскарды. Кыргызстанга акчасын эң көп салган өлкөлөрдүн ичинен Кытай биринчи орунда турат - 47,4%.

Соңку жылдары Кыргызстанга келген инвестициянын көлөмү түшүп кетти. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2020-жылы тикелей инвестиция 477 миллион 625 миң долларды түзгөн. 2019-жылы бул көрсөткүч 1 миллиард 76 миллион доллар болгон.

Кыргызстанда жаңы кабыл алынган Конституциядан кийин президент Садыр Жапаров министрлер кабинетинин түзүмүн бекитип, өлкөдө Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча министрлик түзүлдү. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG