Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Июль, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 19:15

Доллар азгырыгы же Бирназаровдун жаңы “Табылгасы”


Темир Бирназаровдун "Табылга" тасмасындагы кадр.

Июнь айынын 15инде "Ала-Тоо" кинотеатрында белгилүү кинорежиссер Темир Бирназаровдун “Табылга” кино тасмасы көрүүчүлөрдүн назарына коюлду.

Тасманы көргөндөн кийин залкар жазуучу, ойчул Чыңгыз Айтматовдун “Баарынан эң кыйыны - күн сайын адам болуу” дегени аргасыз эске түштү. Караңгыга жарык берген шоола болуптур дедим залдан чыккандан кийин ичимен.

Адамгерчилик, абийир деген асыл сапаттарды даңаза кылган мындай тасма тууралуу айтпай, жазбай коюунун өзү күнөө болсо керек.

Бишкектеги эл ташыган кичи автобустун айдоочусу кезектеги рейстен кийин арткы орундукта бир нерсе жатканын байкап калат. Жолдун четине чыга берип караса, кол баштык жаткан болот. Акырын сыйпалап көрүп, ичин ачса акча бар экен. Болгондо да жапжашыл доллар!

Эч ким көргөн жокпу дегенсип эки жагын каранат да ырымын кылып “Э-эй кимдин акчасы, кимдин акчасы?" деп үч жолу үн чыгарат.

Өзүнөн башка жан жоктугуна көзү жеткенден кийин "тобо" деп ымшып чекесинен тамган терин аарчып, акчаны санайт. 25 миң? Ой и-ий ата, 25 миң доллар!

Көрүүчүдө мына ушул жерден баш каармандын төбөсү көккө жетип, акчаны алып тыз коет деген ой жаралат. Бирок айдоочу антпейт. Жандүйнөсүндө уйгу-туйгу болуп, бирөөнүн акчасын менчиктеп алганга уяты жол бербей жатканы байкалат.

"Табылга" тасмасынан алынган кадр.
"Табылга" тасмасынан алынган кадр.

Саал отуруп, демин баскандан кийин аялы менен кеңешүү үчүн үйүнө жөнөйт. Баш каармандын турмушу жупуну. Гүл сатып, тирилигин кылдыраткан жубайын күйөөсүнүн бул табылгасы кубантпай койбойт.

Экөө акчага үй алып, машинени жаңыртууну, жылуу өлкөлөрдө эс алып, кымбат баалуу ичик кийүүнү кыялданышат.

Эгер айдоочу көр дүнүйөдөн башканы ойлобогон, бир тыйындын артынан кууган пенде болсо балким мунун баары ишке ашмак. Колго түшкөн коенду кое берген оңобу?

Бирок... Айдоочу акчанын чыпчыргасын коротпой ээсине кайтарууну чечет. Ага чейин баш каармандын эсине акыркы аялдаманын жанында көр-жер саткан келин түшөт. Оорукчан баланын элеси көз алдына тартылат.

Тасманын айрым көрүүчүлөрдү кубанткан да, айрымдарын "мунун ордунда болсом мен эмне кылмакмын?" деген ойго түрткөн да кульминациясы ушул жерде.

"Табылга" тасмасынан алынган кадр.
"Табылга" тасмасынан алынган кадр.

Белгилүү кинорежиссер Темир Бирназаровдун кезектеги бул тасмасында баш каармандын ролу Кыргыз Республикасынын эл артисти Эгемберди Чалабаевге берилген экен. Мыкты тандоо болуптур. Дал ушул актердун ойногонун карап отуруп айдоочу бул бир эле адамдын эмес, бүтүндөй элдин образы экенин моюнга алууга аргасыз болдум.

Тасманын жарык көрүшү коррупциянын масштабы мамлекетти алсыраткан учурга дал келип турат. Режиссер мына ушул коомдун жарасына айланган адатты сынга алып, мекендештерине "алкымыңды тый, башкалардын ырыскысын уурдаба" деген чакырыкты таштагансыйт. Адамдын акылы, абийири эмес, акчасын баалап калган коомду эликтеп, протест кылгандай туюлат.

Миң көрүүчү болсо, миң түрдүү көз караш болот эмеспи. Андыктан тасма тууралуу дагы далай ой-пикирлер айтылып, рецензиялар жазылат чыгаар. “Тазар” кинокомпаниясынын директору жаш режиссер Асел Жураеванын айтымында, “Табылга” эл аралык кинофестивалга жөнөтүлдү, демек далай кино сүйүүчүлөрдүн баасы жана сын пикири алдыда.

Ушул жерден режиссер Темир Бирназаровдун өзү тууралуу да айта кетким келди.

Бул жигит экөөбүз бир кезде Нарын театрында чогуу иштеп калган жайыбыз бар. Ошондо эле тырышчаак эле. Сахнадагы декорацияларды башка кызматкерлерден айырмаланып орду-ордуна кызыгуу менен жайгаштырып, бир нерселерди артисттерден сурай калып жан дили менен иштечү.

Кайсы бир спектакль даярдалып жатканда залда отуруп алып, артисттердин оюнун тажабай карап отурчу. Айрыкча СССРдин эл артисти, маркум Капар Медетбековдун ишине ынтаа коюп карачу эле. Көрсө, Темир ар бир актердун кулк-мүнөзүн кылдат баам салуу менен өздөштүрөт тура.

Чыгармачыл чөйрөдө ал тууралуу "башка режиссерлерго караганда актерлер менен жакшы иштейт" деген сөздөр бекеринен айтылбаса керек.

Темир жаш чагында Москвадагы ВГИКе тапшырам деп дегдеп жүрдү. Мен окууга өтүү кыйын экенин айтып, башка шаарлардагы кино институттарга тапшырууга кеңеш бергеним эсимде. Алдына койгон максатынан артка кайтпаган өжөрлүгү менен Ростовдогу киностудияда иштеп, Киевдеги театралдык институттун режиссердук бөлүмүнө тапшырды. Алматыдагы Жургенов атындагы көркөм театралдык-институтун ийгиликтүү аяктады. Учурда өз өлкөсүндө үзүрлүү эмектенип аткан сүрөткерлердин бири. Кино тартуудан сырткары Кыргыздрама театрында бир топ спектаклдерди да койгон.

Анын кино тармагындагы алгачкы “ Шайтан көпүрө,” Жайык”, “Сөйкө”, “ Ордо” деген чакан даректүү тасмалары айтайын деген ойго бай, өзгөчөлүгү менен айырмаланат.

“Ыйлаба керик”, “Карыз”, “Белгисиз маршрут”, Кумар”, "Түнкү кырсык” тасмалары бир катар эл аралык абройлуу сыйлыктарды жеңгени маалым.

Темир алар аркылуу бүгүнкү кымгуут, мүнөт сайын өзгөрүп аткан доордогу алакандай кыргыз коомун, андагы адамдардын жашоосун, тандоосун, ниетин, оң жана терс сапаттарын, эң башкысы адамзатты алмустактан бери коштоп келген Ак менен Каранын кармашын таасын чагылдырган.

Бирназаров: Тасмаларым адамдарды тазалашын каалайм
please wait

No media source currently available

0:00 0:17:50 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG