Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июль, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 09:30

Театрга байланган өмүр


Кыргыз Республикасынын Эл артисти Гүлайым Каниметова.

Арсен Өмүралиев атындагы Бишкек шаардык драма театрынын эмгек жамааты майда Чыңгыз Айтматовдун “Саманчынын жолу” повестинин негизинде сахналаштырылган “Эсимде” аттуу спектаклди тартуулады.

Аны Казакстандын Эмгек сиңирген артисти, режиссер Бекпулат Парманов иштеп чыккан. Толгонайдын ролун ойногон актриса Гүлайым Каниметова "Азаттыкка" маек курду.

- Толгонайдын ролу тууралуу айтып берсеңиз?

- Бул мен үчүн ыйык роль десем болот. Бул мага кайрылып келген роль. Ош театрында иштеп жүргөндө Толгонайдын образын жаратуу кыялым болчу. Бирок ал кезде кыялым ишке ашпай калган. Кийин Ош театрынын режиссеру Искен Рыскуловду Кыргыз улуттук драма театрына алып кетип калышты. Мен да турмуш-тиричиликке байланыштуу 20 жылдан кийин кайрылып келдим. Кайрылып келгенден кийин да Искен агай “Саманчынын жолун” коё баштады. Башта айткандай, Толгонайдын ролу менин эңсөөм эле. Анын өзүнөн да “Толгонайдын ролун сага берсемби” дегенин угуп калган элем. Өзүм да “экинчи курамдагы болсо да анын ролун бериңиз” деп суранганга чейин бардым. Бирок анда да Жер эненин ролу берилип калды. Жер эненин ролун да жакшы көрүп кеттим.

"Эсимде" спектаклинде Толгонайдын ролунда.
"Эсимде" спектаклинде Толгонайдын ролунда.

Кийин бир учурларда Бишкек шаардык театрдын көркөм жетекчиси, Арсен Өмүралиевдин жубайы Айгүл Өмүралиева чакырып калды. Анда университетте сабак берип жүргөн учурум эле. Өзүм сабак берген студенттер бүтүп жаткан кез. Өмүралиева “Саманчынын жолун” койгону жатабыз, өзүңүздүн окуучуларыңыз менен аткарып бериңиз деди. Спектаклди казактын белгилүү режиссеру Бекпулат Парманов сахналаштырды. Ошентип, 2007-жылдан бери Толгонайды ойноп келе жатам.

- Кино тармагынан да сунуш түшөт дедиңиз. Эми кимдин образын жараткыңыз келет?

- Актерлор эмнени кааласак да баары келип эле режиссерго такалат. Бул жагынан биз аларга көз карандыбыз. Эгерде мен бир ролду ушунчалык каалап турсам да берилбей калышы мүмкүн. Анткени, режиссер өзүнүн көз карашына ылайык роль бөлүштүрөт. Мен каалап турган ролду башка актриса ойной аларын ылайык көрсө, ошого сунушташы мүмкүн. Ушундай нерселер көп эле болот. Балким ошол себептенби, акыркы учурда мен көп спектаклдерге катыша элекмин. Бирок менин бактым Арсен Өмүралиев атындагы шаардык театрда да эмгек кылып жүргөнүм. Ал жерде ролум бар. Кээде ойной турган бир ролуң он ролго тете болушу мүмкүн.

- Актриса болуу бала чагыңызда самаган кыял беле?

- Мектепти Каракол шаарынан окуп бүттүм. Ал жерде да өздүк көркөм чыгармачылыкта ыр, хор сабактары болчу. Ошто менин ырга, музыка дүйнөсүнө болгон кызыгуум, ырчы болсомбу деген кыялым ойгонду. Учурунда комузга да кызыгып көрдүм. Аны байкаган атам атайын өрүктөн комуз чаптырып берди. Айрым күүлөрдү үйрөнүп, черте баштадым. Бирок ырдоого кызыгуум күч ала бергенинен, кийин комуз да калып калды. Ал учурда Галина Ахунбаева, Елена Молчанова сыяктуу көрүнүктүү ырчылар да бизге күзгү болгон экен. Аларды угуп жүрүп таасирленген окшойбуз. Тилекке каршы, ырчы болуу кыялым ишке ашпай калды.

Мухтар Ауэзовдун "Каракөз" драмасындагы Каракөздүн образында.
Мухтар Ауэзовдун "Каракөз" драмасындагы Каракөздүн образында.

Бирок ошол учурда Москва шаарындагы Луначарский атындагы театралдык институтка абитуриенттерди тандоо болуп калып, бир топ кыз-уландар тандала баштадык. Мен ал жерге бир-экөөнү ээрчип эле барып калгам. Анан менин кезегим келгенде курбуларым түртүп киргизип жиберишти. Киргенде мени ырдатып көрүштү, бастырып көрүштү, актерлук чеберчиликти текшерүү үчүн атайын тапшырма да беришти. Мени эч нерсе жок эле жерден “чаканы алып, полду жуу” дешти. Мен болсо берилип аткарып калдым. Анан комиссияда отургандар жылмайып калышты. Алардын катарында ошол кездеги корифейлер Муратбек Рыскулов, Бакен Кыдыкеева, Даркүл Күйүковалар бар эле. Анан кызыгы тандалууга баргандар өтпөй калып, күйөрман катары барган мен өтүп кеттим. Азыр ойлоп көрсөм, ошол окуялар мени театрга жетелеп келген бактым экен.

"Алай ханышасы" спектаклинде Курманжан датканын образында. Режиссеру Бообек Ибраев.
"Алай ханышасы" спектаклинде Курманжан датканын образында. Режиссеру Бообек Ибраев.

- Ошол учурдагы жана азыркы режиссерлор менен иштешүүдө кандай айырмачылыктар байкалды? Театр жана кино тармагында кандай өсүштөргө жетише алдык?

- Эки замандын режиссерлору тууралуу айтсам, кыргызда сөз бар го “бөдөнөнү сойсо да, касапчы сойсун” деген. Ар бир кесипти аркалаган адамдын өзүнүн кесиптик деңгээли болот. Азыркы учурда деле театр тармагында билим алып келген адамдын талант жагынан дарамети бийик болсо, жаш экенине карабай иштешсе болот. Азыркы учурдун деле мыкты, жаңы көз караштагы жаштары бар. Мурунку замандын режиссерлорунун мыктылары өткөнүн эч ким тана албайт. Айтор, актёрлордун эмгегин пайдаланууда режиссер кесипкөй болушу шарт.

Ал эми жеке мен кино менен театр тармагын салыштырсам, театрды баалайм. Анткени театр бул жандуу дүйнө. Бир саат болобу, эки саат болобу образды элдин алдына жандуу көрсөтүп беришиң керек. А кино болсо бир канча дубль менен тартылат эмеспи. Режиссер өзү монтажга каалаган көрүнүшүн тандап алат. Менин баалаган себебим ошол.

Гүлайым Каниметова.
Гүлайым Каниметова.

- Театрда бери дегенде 40 жылдык мээнетти короттуңуз. Ушул убакка чейинки кубанычыңыз эмнеде болду дагы, өкүнүчүңүз эмнеде болду?

- Мейли жай турмушта болсун, чыгармачылыкта болсун, кубаныч менен өкүнүч, кайгы менен шаттык бирге жүрөт экен. Башкалар сыяктуу эле биздин да жолдо бул нерселер коштолуп жүрдү. Бирок адам баласы мүдүрүлгөн чакта туруп кетсе эле болду. Кээ бир учурда көк беттикти туура пайдалана билиш керек.

- Тарбиялаган шакирттериңиз тууралуу айтсаңыз?

- Кылчайып артты караганда, өзүбүздүн артыбыздан келе жаткан жаш, күчтүү муунду көрүп, “уучубуз куру эмес экен” деп кубанам. Менин кубанганым 1994-жылдан бери шакирт тарбиялап келе жатам. Эң биринчи уядан учурган окуучуларымдын ичинен Ош кыргыз драма театрында иштеген актриса Кайыргүл Жуманова. Азыр аны театрда лидер деп атасам болот. Ал менен катарлаш шакирттеримдин көпчүлүгү театрда иштеп кеткен жок. Бишкек шаардык театрда болсо Арнис Кыдырмышев өңдүү таланттуу окуучуларым иштеп жатат. Ал эми үчүнчү муундан Амантур Мусаев баштаган шакирттерим бар. Алар менен бирге “Эсимде” спектаклин ойнодум. Мен алардын бардыгынын ийгилигин көрүп кубанам. Ойногон спектаклдерине да барып турам.

Гүлайым Каниметова.
Гүлайым Каниметова.

- Азыр театрда эмгектенгендердин маянасы аз экени коомчулукка маалым. Мыкты актерлорду өстүрүүдө мамлекет көңүл буруп, жаркын келечек түзүп бере аларына ишенимиңиз барбы?

- Биздин азыркы театрдагы жаш таланттардын көбү бала-чакасы менен батирлеп жүрөт. Алган маяналары жетпейт, албетте. Алар театрды сүйгөн үчүн гана ишин таштабай жашап келе жатышат. Бирок мен алардын келечегине ишенем. Маданият министрлиги тарабынан көңүл бурулуп жаткандай. Акырындык менен заман оңолуп, алардын да маянасы көтөрүлөт деген үмүт бар.

Гүлайым Каниметова шакирттери менен.
Гүлайым Каниметова шакирттери менен.

Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Гүлайым Каниметова 1949-жылы 6-майда Каракол шаарында төрөлгөн.

1972-жылы Москва шаарындагы Луначарский атындагы театралдык искусство институтунун актердук бөлүмүн аяктаган. Окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү менен Ош кыргыз драма театрын ачып, ал жакта 1992-жылга чейин эмгектенген.

Каниметова Төлөгөн Касымбеков менен Көчкөн Сактановдун Алай ханышасы тууралуу спектаклиндеги Курманжан датканын ролу менен белгилүү. Аталган образы үчүн ага 2001-жылы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык ыйгарылган. Эркиндик гүлбагындагы Алай ханышасынын эстелиги Курманжан Датканын Каниметова ойногон образынын негизинде тургузулган.

1989-жылы Орто Азия жана Казакстан фестивалында Лесковдун «Мцен аймагындагы айым Макбет» чыгармасынын негизинде коюлган спектаклде Катерина Измайлованын ролун аткарганы үчүн баш байгеге татыган.

1978-жылы эмгек сиңирген артист, 1989-жылы Муратбек Рыскулов атындагы сыйлыкка, 1992-жылы Эл артисти наамына ээ болгон.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG