Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 09:45

Сахнада да, турмушта да чынчыл эле...


Сатыбалды Далбаев сахнада.

Сатыбалды Далбаевди алгач мектепте окуп жүргөн кезде телевизордон белгилүү драматург Кадырбай Мамбетакуновдун «Омар Хайямдын махабаты» спектаклинен көргөн элем.

Акындарды сүйүп окуганымданбы же Таттыбүбүдөй чырайлуу жана бир келген жаркын талант Омар Хайямдын ашыгы - Элпини келиштире ойногонунанбы, ушул спектаклди абдан кызыгып көрүп, Омар Хайямды аткарган актер да абдан жаккан эле.

Кийин ал кишини Кыргыз драмтеатрынын көптөгөн спектаклдеринен көрүп, ал тургай өзүм адабият бөлүмүн жетектеп калганы аны жакындан билип калдым. Өз ишине дайым жоопкерчиликтүү, турмушта калбаат, өз кесибин өтө сүйүп, жан оту менен берилип иштеген эмгекчил адамдардан экен.

«Островскийдин «Күнөөсүз күнөөлүүлөр» деген дипломдук спектаклимде Гриша Незнамовду мыкты ойноп дароо эле эл оозуна алындым», - деген эле ал бир жолу чыгармачылык жолунун башатына кайрылып. Ал кезде 1957-жыл, Москвадан Луначарский атындагы институтту жаңы бүтүп келген экинчи муунду Кыргыз драма театры тим эле чыдамсыздык менен күтүп, кучак жайып тосуп алган учур экен. Бул муун бардык жагынан жолдуу болгону көрүнүп турат, анткени алар 60-жылдардагы белгилүү корифейлердин катарын толукташты.

Чыгармачылыктан тышкары, жеке турмушунда да Сатыбалды Далбаев абдан жолдуу болуптур. Бул анын ага чейинки жетимдиктин зарын тартып чоңойгон алыскы Базар-Коргон районундагы Ооган-Талаа кыштагында өткөн жарым жылаңач, жарым ач балалыгы менен өспүрүм кезин, жетишпеген эр жеткен турмушун унуткарууга чоң өбөлгө болгон. Анын бактысынын ачылышына ошол кездеги жылдызы жанып турган жаш актриса Мираида Далбаевага жолугуусу себепкер экен.

«Мира мени ичинен: «Сатыбалды ички дүйнөсү бай, терең, психологиялык актер болот болуш керек» деп туура эле ойлоп жүрүптүр. Экөөбүз бири-бирибизди жактырып, сүйлөшүп калдык. Бизди сыртыбыздан Мукем (Муратбек Рыскулов) байкап калып, мага: «Ай, Сатыбалды, тезирээк үйлөн, болбосо бирөө-жарым ала качып кетсе театрда иштебей калат, бол ыкчам!» деди шаштырды. Жакшы адамдын шарапаты менен биз үйлөнмөй болдук. Биздин тойго бүт театр камынды», - деген эле бир жолку маектешүүбүздө.

«Мукем театрдын директоруна тойду театрдын фойесине өткөргөнгө сүйлөшүп, чечишип коюптур. Эски театр эле, анда. Мукем баш болуп, С.Жаманов, Ж.Чокубаев, А.Көбөгөнов, Н.Кытаев, А.Түмөнбаев, Б.Кыдыкеева, Д.Күйүкова, С.Күмүшалиева, Ж.Балкыбекова - не деген чоң артисттер биздин тойго камынып чуркап жүрүштү. Азыр таң калам, алардын жөнөкөйлүгүнө, ынтымагына, биримдигине!... Бакен эже Индиядан жаңы келген кези. Ал жактан ала келген чоң, узун, кооз, бизде али жок капрон шарфты шартылдап басып келип келиндин башына салды да, учкан бойдон кайра кетти. Мира үлпүлдөгөн ханбийке болуп калды». Сатыбалды Далбаевдин айтуусундагы бул баян анда мага өзүнчө эле бир спектаклдей сезилген.

Театрдын ошол кездеги аттуу-баштуу кадырлуу жамааты эки жашты ырымдап аялы-күйөөсү Айбашевдерге жетелетип чыгарышып, «ошолордой көп балалуу болуп, карыганча чогуу жашагыла» деген бата бериптир. Назарбек Чокубаев эки-үч килтейген ирик тандап келип короодо союп, өпкөсүн үйлөп бир чака сүт куюп, олчойгон эки олово жасашкан экен. Костюмер Турсун эже боорсок жасап, калгандары дагы башка иштерин бүтүрүп, тарыхта бир гана жолу - жалгыз ушу алыскы бир кыштакта жашаган жесир кемпирдин таланттуу уулу Сатыбалды Далбаевдин үйлөнүү тою театрдын фойесинде өтүптур.

Үйлөнгөнүнө да эч качан өкүнбөптүр. «Мира эч убакта ушак-пушактар менен алектенчү эмес. Бетке айтып коюп басып кетчү. Үйдү дайым таза кармачу. Жарашыктуу кооздой билчү, өзү да жарашыктуу кийинчү, башкалар дайым аны туурашчу. Аял катары ушул жагын жогору баалап, сыймыктанчумун. Элүү жылдан ашык бирге жашадык, жакамды кирдеткен жок», – деп айтканын угуп суктанып да, ыраазы да болуп, «бактылуу киши экен» дегем, ичимден.

Ал эми Сатыбалды Далбаевдин сыртынан эч байкалбаган ички адамдык сапатын алгач укканда абдан таң калганым эсимде. Анткени мындай сейрек кездешчү жогорку адамгерчилик касиет чанда гана болот. Аны баары эң бир чынчыл, ак ниет адам катары билишчү. Өзү да «Кудай берет...» дей берчү. Өмүрүндө бир эмес, үч жолу чоң суммадагы акча таап алганда да, бир да сомун албастан ээлерин таап кайрып берген экен. Ал мындайча болуптур.

Сатыбалды жана Мираида Далбаевдер.
Сатыбалды жана Мираида Далбаевдер.

Театр Таласта гастролдо жүргөндө билеттен түшкөн акчаны банкка салганы жооптуу болуп Сатыбалды Далбаев топ башчысы катары барган экен. Жанында жүргөн актрисалар Анара Мадиева менен Анара Сыдыгалиева отургучта бир жаман түйүнчөк турса «таштанды» деп көңүл бурбай, карабай коюшуптур. Сатыбалды Далбаев «бул эмне мында турат» деп ача койсо ичи толтура акча экен. Ал дароо эки-үч жолу «Кимдин баштыгы?» деп кыйкырып айтып, анан: «Мобуну бирөө унутуп кетиптир» деп, кассирге дайындап калтырып кетиптир. Кассир: «Аа, бир автолавкачы келген, ошол унутуп кетсе керек» дейт. Аны Анара Мадиева тааныйт экен. «Ой, ал чириген бай неме! И-ий, андан көрө бизге бөлүп бербейт белең, жок дегенде жаңы пальто сатып албайт белем?!» - деп оюн-чындан бир топ тамашалаптыр.

Бир жолу, ошо жаңы үйлөнгөн жаш кезинде эртең менен дүкөндөн минералдык суу сатып алганы үйдөн чыккан экен. Жолунда түйүнчөк жатканынан алып караса ичинен бир тутам акчаны көрөт. Дүкөнчүгө барганда ага акча оролгон түйүнчөк таап алганын айтып: «Ким издеп келсе да мага жолуксун» деп коюп чыгып кетиптир. Бир-эки сааттан кийин бир жаш келин күйөөсү экөө өң-алеттери жок, күйүгүп шашып чуркап келишиптир. «Кыздын себине бирдеме алабыз» деген акчасын түшүрүп, жоготуп коюшкан экен. Сүйүнгөн бойдон алып, кайра-кайра алкап жөнөп кетишиптир.

Кийин деле кызы Айгүл экөө «Бакай банкка» барып калса, териден жасалган кымбат капчык тери колкабы менен текченин жанында туруптур. Сатыбалды Далбаев дагы кыйкырып сурайт: «Бу кимдики?» - деп. Азыр эле бир орус аял баласы менен жүргөн дептир көргөндөр. «Ким болсо да азыр издеп келет болуш керек» деп Далбаев кызы экөө залда күтүп отуруп турушат. Аңгыча бир бала жетелеген аял келип эле кайсалап бирдеме издей баштайт. Капчыгын колкабы менен баласына алаксып унутуп кеткен экен.

«Мен таап алсам бербей эле коёт элем», - деп тамашалайт үйгө келгенде келинчеги. «Ал көп баласы менен сыздап ыйлап отурса, Кудай мага берет беле? Мен берген үчүн Кудай мага берет, сен ага кайгырба,» - деп койгон экен, кайран киши.

Чыгармачылыгында 20 жыл бою В.И Лениндин ролун мыкты аткарганы үчүн бат эле сыйлыктын үстүнө сыйлык алып, жаш актердун карьерасы өтө ийгиликтүү, тез көтөрүлгөнү көзгө дароо көрүнөт. Бирок ошо кезде бул роль элдин баарына эле бериле бербегенин жана аны толук чыгаруу да өтө жогорку чеберчилик менен цензуралык жактан өтө чоң этияттыкты талап кылганын эске алсак, ошол кездеги идеологиянын аёосуз катуу принцип-талаптарын элестетсе болот.

Ал Б.Жакиевдин «Жүрөлүчү жүрөк оорутпай» спектаклинде карылар үйүндөгү нарктуу Карыянын ролун да 25 жылдан ашык ийгиликтүү ойноптур. Кульминациясын ушунчалык ийине жеткире ойногондуктан, залда отурган актерлор кошо ыйлаган. Айрым көрүүчүлөр актердун өзүнүн да турмушу ушундай экен деп ойлоп, боор ооруп, жардам кылыш үчүн кызыгып сурашкан учурлар болгон экен.

Мен кийин, бул спектакль бир топ жылдар бою сахнадан түшүп, унутулуп калган убакта Сатыбалды Далбаевдин өзү кайра коюп, өзү ойногон кезине күбө болуп калдым. Ушунчалык лирикалуу жана чебер иштелген сахналаштыруу анын көп жылдык тажрыйбасынын молдугун жана мурдатан эле режиссердук кылса да бул кишиге жарашмак болгонун ачып койду. Зал толо көрүүчүлөр өтө жылуу кабыл алган, мурунку коюлгандардан ашса ашкан, асты кем калбаган спектакль эле.

Ал ойногон ролдор ишенимдүү жана турмуштагыдай чындыкка жакын сезилчү. Бул жагынан анын үй-бүлөсүнөн уккан бир эпизод эсиме түштү.

Кыргыз кинолору жаңы чыгып аткан кез экен. «Алыскы тоолордо» деген фильмде жаш актер Сатыбалды Далбаев бир койчу баланы ойноп, айылдан апасын атайы чакыртат. Премьерага «Ала-Тоо» кинотеатрына келишет. Сатыбалды Далбаев кинотоп менен алдыга отуруп, чакырылгандар «жакшы көрүнөт» деп арткы катарга отурушат. Кино бүткөндө келини:

- Жүрүңүз, апа, кино бүттү, Сатыбалды бизди тиякта күтүп атат, - десе апасы болбойт. «Апей, Сатыбалды эмеле тигинде, тигинин ичинде эмес беле ботом, азыр чыгат», - деп экранды көрсөтүп жылбайт. Анан баары туруп кетип атса капыс эле:

- А-ай, Сатыбалды, ошонун ичинде зыңкыйып тура бересиңби, чык, бер жакка! Чыкпайсыңбы, биз күтүп атабыз! - деп экранга кол булгап кыйкырып элдин баарын күлдүргөн экен, жарыктык.

Сатыбалды Далбаев сахнада.
Сатыбалды Далбаев сахнада.

Ушундан улам, актердун өз үй-бүлөсүндөгү дагы бир окуя эске түштү. Улуу кызы Айгүл үч жашар кези экен. Дем алыш күн деп бакчага барбагандыктан, үйдө жалгыз калбасын деп ээрчитип алышыптыр. Театрда «Жамийла» спектакли коюлуп, премьерада жубайлар экөө тең ойномок болот. Мурда башка спектаклдерди деле көрүп жөн эле отура берчү кызынан эч шек санашпай, адаттагыдай эле контролерго дайындап залга отургузуп коюшат. Залда жаштар да көп экен, спектакль өзү жагымдуу, жакшы спектакль эле.

Жарымына чейин жакшы отуруп көрүп, анан антрактта ата-энесине барып, алар бетинен өөп: «Болду эми, кайра барып ордуңа отуруп көрө бер», - дешсе жакшынакай эле кетет. Анан спектакль бүтөрдө эле чаңырык-бакырык, ызы-чуу болуп жатып калыптыр. Кичинекей бир кыз эле «Ата-аа, ата-аа!» деп эле чаңырып-өкүрүп басылбайт. Жамийланы – Мираида, Сейитти – Сатыбалды Далбаев ойноп, спектаклдин аягында Сейит: «Жамийла! Жамийлаш! Менин жакшы көргөн сүйүктүү жеңем!» - деп кыйкырып ээрчигенде ошону көргөн баланын жүрөгү ооруп, кыйкырып-өкүрүп атыптыр:

- Ата! Ата, кетпе!.. - деп, өкүрүп-өксүп эч кимге ээ-жаа бербей, сахнага чыгып келиптир. Көрсө берилип карап отуруп, ишенип кетиптир да.

Анын кыйкырыгы менен сахнада көшөгө жабылат. Келип алып, мойнунан кучактап, колунан түшпөй коёт. Сахнада көшөгөнү кайра ачканда элге жүгүнгөнү аны көтөргөн бойдон бул үй-бүлө чогуу чыгып, кызын көтөргөн бойдон жүгүнүшөт. Эл туруп алып, жарылып кол чаап, дуулдашат, күлүшөт, эки эсе көп кол чабылат.

Сатыбалды Далбаев драмалык да, трагикомедиялык да өңүттө ички психологияны терең ачкан, кульминациясына жеткире ойногон актер эле.

Алтынай ТЕМИРОВА, акын, драматург

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG