Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:04

Оскар-2021: Азиялык аялдардын жеңиши


Хлоя Чжао "Мыкты режиссер" номинациясында "Оскар" сыйлыгын алып жаткан учур. 25-апрель, Калифорния.
Хлоя Чжао "Мыкты режиссер" номинациясында "Оскар" сыйлыгын алып жаткан учур. 25-апрель, Калифорния.

Теги кытайлык режиссер Хлоя Чжао «Оскар» сыйлыгын тапшыруу аземинде «Мыкты режиссер» аталды. Ал «Көчмөндөр жери» деп аталган фильм үчүн бул номинацияны уткан алгачкы азиялык аял болуп калды.

Драма, документалистика, вестерн жанрларын бириктирген «Көчмөндөр жери» фильминде дүйнөлүк каржы кризисинен кийинки улгайган америкалыктардын жашоосу чагылдырылган.

Тасма 2017-жылы жарык көргөн «Көчмөндөр жери: 21-кылымдагы Америкада жашоо үчүн күрөш» деп аталган китептин негизинде тартылган. Аны америкалык журналист Жессика Брудер аз айлык менен жан баккан кары адамдар менен фургондо жашап көргөндөн кийин жазган. Фильм ошондой эле "мыкты тасма" аталды.

«Көчмөндөр жеринин» режиссеру, 39 жаштагы теги кытайлык Хлоя Чжао «Мыкты режиссер» номинациясында бул сыйлыкка татыган экинчи аял жана эң алгачкы азиялык аял катары «Оскардын» тарыхына кирди.

«Мен абдан жолдуумун, анткени сүйүктүү ишим менен алектенип акча таап жатам. Эгер бул жеңиш мен сыяктуу эле көп адамдарга өз кыялын орундатууга жардам берсе, анда мен ыраазымын»,-деди Чжао сыйлыкты алып жатып.

Ушул эле тасмада башкы ролду аткарган Фрэнсис МакДорманд «Мыкты актриса» сыйлыгын алды. Бул 63 жаштагы актрисанын үчүнчү «Оскары» болуп калды.

"Көчмөндөр жери" тасмасынан алынган кадрда башкы ролду ойногон Френсис Макдорманд.
"Көчмөндөр жери" тасмасынан алынган кадрда башкы ролду ойногон Френсис Макдорманд.

Бул жолу ийгилик дагы бир азиялык аялга жылмайды. 73 жаштагы Юн Ё-джондун «Минари» тасмасындагы ролу “Экинчи пландагы эң мыкты актриса” деген номинацияда жеңишке жетти. Ал бул номинацияда уткан биринчи кореялык аял болуп калды. Сыйлыкты атактуу актер Брэд Питтин колунан алып жатып, жетине албай турганын жашырган жок:

«О, Брэд Питт мырза, акыры таанышканыма кубанычтамын. Биз фильмди тартып жатканда кайда жүрдүңүз эле?».

Юн Ё-джондун жеңишин түштүк кореялыктар да кубануу менен кабыл алышты. Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин да куттуктоосун жолдоду.

“Минариде” "америкалык кыялга" жетеленип келген корейлердин жаңы жердеги турмуш-тиричилиги, үй-бүлөлүк кыйынчылыктары, жеке дымагы жана альтруизм сүрөттөлөт.

Пандемиянын айынан кечиккен салтанат

Коронавируска байланыштуу февраль айынын соңунда өтчү салтанат 25-апрелге жылып калган. Бул пандемия башталгандан бери биринчи жолу виртуалдык форматта эмес, реалдуу режимде өткөн азем болуп калды. Кино дүйнөсүндөгү эң абройлуу сыйлык быйыл адаттагыдай «Долби» кинотеатрында эмес, Лос-Анжелестеги «Юнион Стейшн» темир жол бекетинин имаратында тапшырылды.

«Ата» тасмасындагы образы үчүн 80 жаштагы Энтони Хопкинс «Мыкты актер» аталды. Ал бул номинацияда жеңген эң улгайган актер болуп калды. Ушуну менен Хопкинс экинчи жолу «Оскар» алууда. Көптөр был номинация маркум Чедвик Боузманга анын «Рейни апанын эң кайгылуу күнү» фильминдеги акыркы ролу үчүн ыйгарыларын күтүшкөн. «Мыкты чет элдик тасма» категориясында сыйлык даниялык режиссер Томас Винтербергге «Башка раунд» фильми үчүн ыйгарылды.

Бул тасманын тарыхы өтө узун. Ал 2013-жылы эле башталган. Алгач ичимдик ичип отурган жерден башталып, чоң бир нерсеге айланды”,-деди ал.

Британиялык ынды кара актер Дениэл Калууя «Экинчи пландагы мыкты актер» сыйлыгына арзыды. Быйыл мурунку жылдарга салыштырмалуу көп түстүү актер жана актрисалар «Оскарга» көрсөтүлдү. Айрым байкоочулардын айтымында, бул соңку жылдары сынга кабылган абройлуу сыйлыктын тапшыруу аземинде чоң жылыш.

Салтанаттуу азем бардык санитардык эрежелер сакталган шартта өтүп, келгендердин баары беткап тагынып отурушту.

XS
SM
MD
LG