Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:44

"Шамбала" тасмасы "Ника" киноакадемиясынын сыйлыгын алды


"Шамбала" тасмасы
"Шамбала" тасмасы

Москвада 25-апрелде Орусиянын "Ника" киноакадемиясынын сыйлыгын тапшыруу аземи болду. Бул тууралуу "Российская газета" басылмасы кабарлады.

Анда "КМШ, Балтика жана Грузия боюнча эң мыкты тасма" катары кыргызстандык режиссер Артык Сүйүндүковдун "Шамбала жана грузиялык Дито Цинцадзенин "Дем алуу" көркөм тасмалары табылды.

"Шамбала" 2020-жылы тартылып, фильмдин сценарийи Чыңгыз Айтматовдун “Ак кеме” повестинин негизинде жазылган.

Буга чейин аталган фильм Калькутта эл аралык фестивалында "Мыкты тасма" номинациясын жеңген. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG