Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:13

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян кызматтан кетти


Никол Пашинян.
Никол Пашинян.

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян өлкөдөгү кезексиз парламенттик шайлоого байланыштуу кызматтан кетти. Бул тууралуу ал өзү "Фейсбуктагы" кайрылуусунда билдирди.

Арменияда парламенттик шайлоо 20-июнга белгиленген. Ага чейин Пашинян өкмөт башчынын милдетин аткаруучу болуп иштейт. Шайлоодо ал "Жарандык келишим" партиясынан премьерликке талапкер болот.

Буга чейин ал эгер жарандар шайлоодо анын командасын колдобой койсо, бийликти тапшырууга убада берген.

2020-жылы ноябрда Пашинян Азербайжан жана Орусиянын расмий өкүлдөрү менен чогуу Тоолуу Карабактагы элдешүү келишимине кол коёру менен Арменияда нааразылык чаралары башталган.

Ошондон бери оппозициялык партиялар Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылып келе жатышат. Март айында ал мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүүгө макул болгон.

XS
SM
MD
LG