Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:54

Кыргызстанда Үркүн тууралуу китеп жарык көрдү


Бишкектин четиндеги "Ата-Бейит" мемориалы. 1916-жылдагы көтөрүлүштө жана Үркүндө курман болгондорго арналган эстеликтин бир бөлүгү.
Бишкектин четиндеги "Ата-Бейит" мемориалы. 1916-жылдагы көтөрүлүштө жана Үркүндө курман болгондорго арналган эстеликтин бир бөлүгү.

“1916-жылдагы элдик көтөрүлүш. Берикбай Атаке уулу” аттуу китеп тарыхчы Алмазбек Шергазиевдин калемине таандык.

Чыгарма XIX жана XX кылымдардын башында Ысык-Көл облусунун Тосор айылында жашап өткөн 1916-жылдагы Улуттук боштондук кыймылынын жетекчилеринин бири Берикбай Атаке уулуна арналган.

Анда санжыра, тарыхый жана архивдик маалыматтар салыштырылган. Берикбай Атаке уулунун жашап өткөн мезгили чагылдырылган.

1916-жылы Кыргызстандын эгемендиги үчүн улуттук-боштондук көтөрүлүшү кандуу басылган соң, орус падышачылыгынын жазалоочу кошуундарынын мыкаачылыгынан Нарын, Чүй жана Ысык-Көлдөгү кыргыздардын көпчүлүгү Кытай тарапка качууга аргасыз болгон.

Айрым тарыхчылардын айтымында, бул кайгылуу окуялардан улам аймактагы кыргыздардын саны дээрлик 40% азайган.

Совет учурунда, өзгөчө 1950-1980-жылдары, улуттук боштондук көтөрүлүш жана Үркүн тууралуу чыныгы маалыматтарды жашыруу саясаты жүргүзүлүп, бул окуяларга калыс баа берилген эмес.

Тарыхтагы кандуу окуялар тууралуу буга чейин бир нече китептер чыккан. 2017-жылы «Азаттык» радиосу Үркүндүн 100 жылдыгына арналган «Үркүн. Кылымдар унуткус кыргын» деп аталган эскерүүлөр топтомун басып чыгарган.

Үркүн окуялары Кыргызстанда 7-8-ноябрда да Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүндө эскерилет.(NT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG