Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:03

Кыргыз Эл Баатыры, жазуучу Бексултан Жакиев дүйнө салды


Бексултан Жакиев.
Бексултан Жакиев.

Кыргыз Республикасынын Баатыры, жазуучу, драматург Бексултан Жакиев 25-апрелде дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Кыргызстан Жазуучулар союзунун мүчөлөрү билдиришти.

Маалыматка караганда, 85 жаштагы жазуучу акыркы мезгилде ооруп жүргөн.

Бексултан Жакиев 1936-жылы 16-январда Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунун Бөкөнбаев айылында туулган.

1958-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 1962-жылы Киносценаристтердин Москвадагы эки жылдык жогорку курсунда билим алган. Андан кийин эмгек жолунда "Кыргызфильм" киностудиясында редактор, Кыргыз ССР Маданият министрлигинде, Кыргыз ССР Мамлекеттик кинематография комитетинде башкы редактор, Кыргызстан театр ишмерлер союзунун катчысы, президенттин мамлекеттик кеңешчиси, "Манас-1000" мамлекеттик дирекциясынын көркөм жетекчиси, директору, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык боюнча комитеттин төрагасы болуп эмгектенген.

Аны коомчулукка тааныткан "Атанын тагдыры" аттуу драмасы Кыргыз драма театрында 500дөн ашык жолу коюлган.

Жакиевдин "Миң кыял", "Алтын аяк", "Өкүм", "Эртең – жаңы жыл", "Жолугушуу", "Күттүргөн жаз да келер", "Саадак какты", "Жүрөлүчү жүрөк оорутпай", "Жаза" жана башка драмалары бар. Мындан тышкары новелла, аңгеме, очерк, киносценарийлердин автору. Жакында эле анын “Өмүр өтөт билинбей” аттуу чоң повести жарык көргөн.

Бексултан Жакиев Кыргыз ССРинин искусствосунун эмгек сиңирген ишмери, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси, Кыргыз эл жазуучусу, III даражадагы "Манас" ордени жана Даңк медалы менен сыйланган. Казакстандын Төлөгөн Айбергенов жана Жамбыл Жабаев атындагы эл аралык сыйлыктардын лауреаты болгон. Ага Казакстандын Астана медалы берилген.

Кыргызстанда Бексултан Жакиевге эң даражалуу Кыргыз Республикасынын Баатыры наамы ыйгарылган.

"Азаттыктын" жамааты маркумдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын тең бөлүшөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG