Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:42

Паспорт кризиси: чектөө алынды, көйгөй калды


Өкмөт башчы Улукбек Марипов 3-майдан баштап жаңы үлгүдөгү жарандык паспортко документ кабыл алына баштай турганын айтты.
Өкмөт башчы Улукбек Марипов 3-майдан баштап жаңы үлгүдөгү жарандык паспортко документ кабыл алына баштай турганын айтты.

Мамлекеттик каттоо кызматы жалпы жарандык паспорт үчүн документтерди кабыл алуудагы чектөөлөрдү толук алып салды. Соңку бир айдан бери чет өлкөгө чыгууга керектелчү паспортту алууда көйгөй жаралып, нааразы болгон адамдардын саны өскөн.

Ленин райондук калкты тейлөө борборунда мурдагыга салыштырмалуу элдин саны аз. Анткени Кыргызстанда соңку бир айдан бери жалпы жарандык же чет өлкөгө чыгуу үчүн керектүү паспортту берүүгө чектөө киргизилген.

Документти өз убагында ала албай жаткандардын арасында Бишкек шаарынын тургуну Малика Шарипова да бар.

“Мен ажыга барайын деген максатта жалпы жарандык паспорт алайын деп келгем. Бул жерден паспорт жоктугун айтып, келерки айдын жыйырмаларында боло турганын түшүндүрүштү”.

Жалпы жарандык паспорт чет өлкөгө дарыланууга, иштегенге кетип жаткандарга, спорттук мелдештерге, окууга бара жаткандарга эле берилип жаткан. Мунун айынан керектүү учурда өлкөдөн чыга албай калгандар болгон.

Бишкектеги №3 калкты тейлөө борборунун жетекчиси Самат Иманкулов мындай деди:

Самат Иманкулов
Самат Иманкулов

“Он күн мурда жалпы жарандык паспорт алгысы келгендердин саны көп болчу. Биз аларга түшүндүрүп кетирип жаттык. Мындай көйгөй бизде гана эмес, жалпы Кыргызстанда болуп жатат. Ал эми салмактуу себеби бар жарандарга негиздеме менен паспорт берип жатабыз. Эми май айында документтерди кабыл алып, айдын аягында паспорт бере баштайбыз”.

Мамлекеттик каттоо кызматы мындай чектөөлөрдү актай бланктын тартыштыгы менен түшүндүрүп жаткан.

Премьер-министр Улукбек Марипов 23-апрелде "Фейсбукта" түз эфирге чыкканда паспорт кризисине байланыштуу маселе чечилгенин, 3-майдан тарта документ кабыл алынарын билдирди. Дароо эле Мамлекеттик каттоо кызматы дагы билдирүү таратты. Ал жерде жабдууларды орнотуу жана паспортторду басып чыгарууну тестирлөө иштери жүрүп жатканы айтылат.

Паспорт кризиси: себеби жана кесепети

Жалпы жарандык паспорттун жаңы муундагы биометрикалык үлгүсү (ePassport) Кыргызстанда 2020-жылдын 25-декабрында бериле баштамак. Кийин анын мөөнөтү апрелге, эми май айына жылып кеткен. Ал эми Мамлекеттик каттоо кызматы жаңысы берилет деп, эски паспортко бланк алган эмес.

Жаңы паспорт өз убагында даяр болбогону үчүн Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиев сөгүш алып, анын орун басары Тилек Батырканов кызматтан кеткен.

Жаңы үлгүдөгү паспортторду даярдоо боюнча тендерди Германиянын «Мюльбауэр» (Mühlbauer ID Services GmbH) компаниясы утуп алган. Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматкери Дамира Азимбаева мындай деди:

“Мурдагы көндүм документке караганда жаңы үлгүдөгү паспортто сиздин электрондук биометрикалык маалыматыңыз камтылат. Ушуга байланыштуу бизде техникалык маселелер жаралган. Анткени электрондук чипке маалыматты жазууга атайын программа керек болот экен. Аны даярдаганга көп убакыт кетип калды".

Жаңы үлгүдөгү паспорттун 50 барактуусу 920 сом, 34 барактуусу 857 сом болору айтылды.
Жаңы үлгүдөгү паспорттун 50 барактуусу 920 сом, 34 барактуусу 857 сом болору айтылды.

Мамлекеттик каттоо кызматы буга чейин айына 30 миңге чейин паспорт берип келгенин, чек аралар ачылгандан кийин жалпы жарандык документке суроо-талап күчөгөнүн билдиришти.

Кыш мезгилинде эле чет өлкөгө чыгуучу паспорт алгысы келгендердин саны 180 миңге жеткен. Паспорт маселелери боюнча адис, мурда кыргыз паспортторун жасап келген "Интел линкс" ишканасынын жетекчиси Таалайбек Жумадылов жалпы жарандык паспорттун маселеси май айында чечилбей турганын айтты.

Таалайбек Жумадылов
Таалайбек Жумадылов

“Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилигинде адискөй кызматкерлердин жоктугунан улам дефицит пайда болду. Алар паспортко болгон суроо-талапты туура анализдеши керек эле. Булар жөн эле санактан жаңылышты. Бул – шаалакылык. Эми жаңы үлгүдөгү жалпы жарандык паспортту легализация кылыш керек. Дегеним 90 күн ичинде биздин документти башка өлкөлөлөр таанышы керек. Паспорт тууралуу маселе бир-эки айдын ичинде бүтүп калбайт. Бул көйгөйгө дагы көп кайрылабыз”.

Кыргызстанда паспортко байланыштуу көйгөй биринчи жолу эле жаралган жок.

Өлкөдө биометрикалык паспорт даярдоого байланыштуу 2018-жылы тендер өткөрүлгөн. Тендер чыр менен коштолуп, Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилерине иш козголуп, төраганын ошол кездеги орун басарлары Руслан Сарыбаев, Данияр Бакчиев жана «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Талант Абдуллаев күнөөлүү деп табылып, акчалай айып салынган. Ал эми каттоо кызматынын төрайымы Алина Шаикова изин жашырып, издөө жарыяланган.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG