Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:32

COVID-19: төрт бейтап каза таап, оору 228 кишиден табылды


Пандемияда иштеген медкызматкерлер.
Пандемияда иштеген медкызматкерлер.

Акыркы бир сутка ичинде Кыргызстанда COVID-19 илдетинен дагы төрт киши каза болду.

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штаб 24-апрелде билдиргендей, алардын үчөө Бишкекте, бирөө Чүй облусундагы ооруканада жаткан.

Ушуну менен өлкөдө коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери андан каза болгондор 1582ге жетти.

25-апрелге карата республика боюнча вирус дагы 228 кишиден табылды.

Алардын эң көбү Бишкек шаарында (149), андан кийин Чүй облусунда (45), Ысык-Көл облусунда (16), Ош шаарында (8), Ош облусунда (3), Талас облусунда (2), Нарында (5) учур аныкталды.

Акыркы күндөрдө илдет расмий аныкталгандар айыккандардан кыйла көп катталууда. Оор жугузгандар жана каза болгондор көбөйүп жатат.

Пандемияда илдетти жугузуп алгандар 93 831, айыккандар 88 006 кишини түздү. Бир күн аралыгында 186 бейтап айыкты.

Ушу тапта стационарларда оору менен алышып жаткан 1441 бейтаптын 11инингана абалы канааттандыраарлык, 1013 кишиники орто оор, 354ү оор, 63ү өтө оор абалда. Үй шартында (амбулатордук) дарылангандар 1768ге жетти. (NT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG