Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:39

Кыргызстан элдик-демократиялык партиясы БШКны сотко берерин билдирди


11-апрелдеги жергиликтүү кеңештерге шайлоо учуру. 2021-жыл. Бишкек.
11-апрелдеги жергиликтүү кеңештерге шайлоо учуру. 2021-жыл. Бишкек.

Кыргызстан элдик-демократиялык партиясы Борбордук шайлоо комиссиясын сотко берүүгө камынууда. Бул тууралуу аталган партиянын өкүлү Илим Карыпбеков билдирди.

“БШК бул жерде кызыкдар бир тараптын буйругун аткарганы көрүнүп турду. 30 жыл ичинде мындан да жаман, билинбейт деген нерселер ачыкка чыккан. Бул буйрукту ким бергени да ачыкка чыгат”.

Карыпбеков доо арыз качан жана кайсы сотко жолдонорун тактаган жок. БШК 23-апрелде партиянын Бишкек шаардык кеңешине өткөн шайлоодо алган добуштарынын жыйынтыгын жокко чыгарган. Буга УКМК менен милициянын аны "добуш сатып алууга" айыптаган документтери негиз болгон.

Эми саясий топ Бишкек шаардык кеңешине бара албайт.

11-апрелде жалпысынан 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоо болду. Бишкекте жети пайыздык чектен "Эмгек", "Ак Бата", КЭДП , "Ата Журт Кыргызстан" , "Ынтымак" , "Биздин эл" партиялары өткөн болчу. Шайлоонун расмий жыйынтыгы азырынча жарыялана элек.

Ушул эле күнү президенттик башкарууга багытталып, мамлекет башчынын укуктары кеңейтилген Баш мыйзамдын долбоору жалпы элдик добушка коюлган. Ага шайлоочулардын 37% ашыгы гана келип, 79% ашыгы "макул" деген добуш беришкен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG