Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:39

Баткен: Дайынсыз болуп жаткан жарандар Тажикстандан табылды


Баткендеги кыргыз-тажик чек арасы.
Баткендеги кыргыз-тажик чек арасы.

Лейлек районунун Бешкент айылында изделип жаткан эки жаран Тажикстандан табылып, бошотулду.

Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин эки жигит менен кошо мурда чек арадан мыйзамсыз өткөн деген негизде коңшу өлкөдө кармалып турган дагы алты кыргызстандык бошотулганын өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү «Азаттыкка» билдирди.

Маалыматка караганда, эки жигиттин ден соолугу жакшы, азыр алардын эмне себептен кармалганы иликтенип жатат.

Бешкенттик жигиттер 24-апрелге караган түнү чек арага жакын аймакта үй салып жаткан жерден дайынсыз жоголгон.

Алардын биринин энеси окуя болгон жерден тартылган видеону интернетке таратып, элден, бийликтен жардам сураган. Анда жигиттердин бут кийимдери кан болуп, бирөөсүнүн кол телефону төшөгүндө калганын көрүүгө болот. Жакындары коңшу мамлекеттин жарандары жигиттерди курулушту токтотуу үчүн уурдап кетти деп божомолдошууда.

Лейлек районунун бийлиги азырынча кандайдыр бир жыйынтык чыгарууга эрте экенин, окуя иликтенгенден кийин так маалымат берилерин маалымдады.

Тажик тараптан азырынча расмий комментарий боло элек. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG