Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:02

Ташиев Өзгөндүн тургундарына жолугат


Өзгөндө мөөнөтсүз митинг башталды
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:18 0:00

Өзгөндө мөөнөтсүз митинг башталды

Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айылынын айрым тургундарынын Өзбекстан менен жер алмашууга каршы мөөнөтсүз акциясы үч күндөн бери уланып жатат.

Алар "Кемпир-Абад" суу сактагычынын жанындагы 50 гектар жер берилбесин деген талап менен бийликке кайрылышкан. Чогулгандар 23-апрелде өкмөт өкүлдөрүнүн, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин, Жогорку Кеңештин депутаттарынын беш күндүн ичинде келишин талап кылышты.

Акция Ош облусунун Өзгөн районунда, "Кемпир-Абад" суу сактагычынын жанында болуп жатат. Буга чейин ал жерге үч боз үй тигилген, 23-апрелде дагы бир боз үй кошулду.

23-апрелдеги жер алмашууна каршы чыккандарга Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн өкүлүнүн орунбасары Бактыбек Алайчиев жана Өзгөн районунун акими катышты.

Алайчиев алардын талабын жеткирүүгө убада берип, бирок бийликтегилерди алып келүүгө кепилдик бере албастыгын айтты. Ал акцияга чыккандардан эмки жуманын аягына чейин мөөнөт сурады.

Митингдин катышуучулары талаптарын аткарууга 28-апрелге чейин убакыт коюшту.

"Кемпир-Абад": Ташиевдин убадасы, элдин санаасы
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:40 0:00

Каршы болгондор "Кемпир-Абадга" байланыштуу чечим чукул чыкканын айтып, атайын кызматтын башчысынан жергиликтүү эл менен жолугушууга келишин өтүнүшүүдө. Алар ошондой эле суу сактагычтын айланасындагы жер тилкесине байланыштуу коңшу мамлекет менен болгон протокол жокко чыгарылышын талап кылып жатышат.

Алар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, Өзбекстан менен жер алмашууга байланыштуу протокол жокко чыгарылышы керектигин айтышкан.

17-19-апрель күндөрү Кара-Суу районунун Ынтымак айылынын тургундары да жапырт акция өткөрүшкөн. Алар дагы суу сактагычтын жанындагы дөңсөөдө чогулуп, боз үй тигишкен.

Ташиев нааразы болгондор менен 19-апрелде жолугуп, ошол жерде айтылган талаптардан улам Ташкентке дагы бир жолу барып келерин, 50 гектар жерди 20га чейин азайтууга аракет кыларын айткан.

"Эми мындай кылсак болот, азыр ойлоп жатам. Алар (Өзбекстан - ред.) тосуп алган 20 гектар жерин алмашалы деп айтайын. Элүү эмес, жыйырма гектарды. Мейлиби? 20 гектарды тосуп, калган жерди эле алгыла. Ушул жерден токтойлу, берки жакка чыкпагыла дейин".

Ташиев тургундардын "Өзбекстан мындай сунушка көнбөй койсочу" деген суроосуна, Ташкентти ынандырууга болгон аракет көрүлөт деген мазмунда жооп берген.

Атайын кызматтын башчысы бул жолугушууда негизинен Өзбекстан менен жер алмашууга байланыштуу протоколду Кыргызстан үчүн эң пайдалуу келишим деп атап, жер талаштарга чекит коет деп ишендиргенге аракет кылган:

"Мен жетектеген комиссия Өзбекстан Республикасына барып, эң ыңгайлуу, эң пайдалуу келишим түзүп келдик. Бул протоколду бузбашыбыз керек, бул протоколду аягына чейин чыгарышыбыз керек, бул - элге эң пайдалуу протокол болду", - деген Ташиев.

Жер алмашуу аракети быйыл март айында Ташкентте чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өткөн кыргыз-өзбек өкмөт аралык комиссиясынын жыйынынан соң маалым болгон.

Өткөн айда Ташкентте кыргыз-казак чек арасын тактоо тууралуу өкмөттөр аралык комиссия жыйын курган жана анда протоколго кол коюлган.

Бул сүйлөшүүлөргө Кыргызстандын атынан Ташиев катышкан.

Анда "Кемпир-Абад" суу сактагычы, "Шахрихансай" каналы, Гавасай, Көк-Серек, Баястан, Ак-Таш, Үңкүр-Тоо, Кара-Белес тилкелерин тактоодон өткөрүү макулдашылганы белгиленген. УКМКнын төрагасы кыргыз-өзбек чек арасы 100% чечилгенин жарыялаган.

"Кемпир-Абад": жергиликтүүлөрдүн жер ызасы
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:31 0:00

Президент Садыр Жапаров кыргыз-өзбек чек арасы тууралуу соңку кадамдарды "тарыхый мааниге ээ" деп сыпаттаган. Ошол эле кезде коомдун бир бөлүгү кыргыз-өзбек чек арасы боюнча сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын сындап жатышат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG